11-берене. Кайталоочу текшерүүлөргө жол бербөө
Күчүн жоготкон · 02.04.2015 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР 18 мая 2012 года № 61
Ылайыктуулугун баалоону жүргүзүүдө жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын ошол эле параметрлерин текшерүүгө төмөндөгүдөй учурларда жол берилбейт:
- эгер мындай текшерүүлөр тибин жактырууда, каттоодо же техникалык кароодон өтүүдө мурда жүргүзүлсө;
- эгер ушул Регламентте каралган кезектеги текшерүүнүн мөөнөтү келе элек болсо;
- эгер мурунку текшерүүлөрдүн маалыматтары же натыйжалары ушул конкреттүү текшерүүнүн максаты үчүн колдонула турган болсо.
Тибин жактырып берүүдө ушул Мыйзамдын 3-беренесинде жана 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи жана үчүнчү абзацтарында көрсөтүлгөн талаптарга жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын тибинин ылайыктуулугун баалоо жүзөгө ашырылат. Каттоодо жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын төмөндө көрсөтүлгөн талаптарга ылайыктуулугун баалоо жүзөгө ашырылат:
- 3-берененин жетинчи абзацында - жерде жүрүүчү транспорт каражатынын кыймылдаткычынан чыккан зыян заттардын деңгээли техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайык келишине карата;
- (үчүнчү абзац КР 2012-жылдын 18-майындагы №61 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(Төртүнчү бөлүк КР 2012-жылдын 18-майындагы №61 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Техникалык кароодо жерде жүрүүчү транспорт каражатынын төмөндө көрсөтүлгөн талаптарга ылайыктуулугун баалоо жүзөгө ашырылат:
- 3-берененин экинчи абзацында - техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайык дөңгөлөктөрдүн жана шиналардын, токтотуу системасынын, башкаруу системасынын оң болушуна жана жарактуулугуна карата;
- 3-берененин үчүнчү абзацында - жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатындагы эксплуатациялык персоналдын кабинасынын жана салондун же жүргүнчүлөр үчүн отсектин, отургучтардын жана коопсуздук курунун, эшиктердин, авариялык куткаруучу каражаттар жана жабдуулар, балдарды жана кооптуу жүктү ташуу үчүн атайын жабдуу, коргонуу жана өмүрдү сактоо каражаттары бар болуусуна, ошондой эле анда колдонуу үчүн каралган авариялык жол-жоболор техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга ылайык жана/же техникалык абалынын оң болушуна карата;
- 3-берененин төртүнчү, алтынчы, тогузунчу, он экинчи, он төртүнчү абзацтарында - системалардын оң болушуна карата;
- 4-берененин 1-пунктунда;
- 3-берененин 1-бөлүгүнүн жетинчи абзацында, - жерде жүрүүчү транспорт каражатынын кыймылдаткычынан чыгуучу зыяндуу заттардын деңгээлинин ылайыктуулугуна карата.
(КР 2012-жылдын 18-майындагы №61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 02.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202598/st-11" title="11-берене - Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын техникалык регламенти (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>