4-берене. Маалыматка карата талаптар жана эксплуатациялоого жол
Күчүн жоготкон · 02.04.2015 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 2 апреля 2015 года № 69.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР 18 мая 2012 года № 61
берүү
1. Жерде жүрүүчү ар бир транспорт каражаты төмөнкүлөр менен жабдылат же төмөнкүлөрү болот:
- жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатын коопсуз эксплуатациялоону жана техникалык тейлөөнү камсыздоочу мамлекеттик же расмий тилдеги нускама, колдонмо же башка эксплуатациялык же техникалык документтер же маалымат;
- тийиштүү түрдө бекитилген жана окуганга ылайыктуу жерде жайгашкан жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатынын тиби, модели, сериялык жана идентификациялык башка номери же белгиси жөнүндөгү өрттүн же химиялык реакциянын таасиринде өчпөгөн маалыматты камтыган атайын табличкасы болуш керек;
- каттоо жөнүндө күбөлүк же каттоо жөнүндө күбөлүктү алмаштыруучу башка документ;
- тиешелүү техникалык регламенттер талап кылган учурда жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатынын атайын талаптарга ылайыктуулугун ырастаган документ.
2. Жерде жүрүүчү транспорт каражатынан өзүнчө алып келинген жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатынын ар бир компоненти төмөнкүлөр менен жабдылат же төмөнкүлөрү болот:
- эгер бул компоненттин эксплуатациясы жана анын техникалык тейлөөсү, бул компонент орнотулган жерде жүрүүчү транспорт каражатынын болгон эксплуатациялык жана техникалык документтеринде эскертилбеген болсо, жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатын коопсуз эксплуатациялоону жана техникалык тейлөөнү камсыз кылуучу мамлекеттик же расмий тилдеги нускама, колдонмо же башка эксплуатациялык же техникалык документтер же маалыматтар;
- тиешелүү техникалык регламент талап кылынган учурда жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатынын ылайыктуулук сертификатын атайын талаптарга алмаштыруучу ылайыктуулук сертификаты же башка документ.
Кыргыз Республикасында мурда катталбаган же ага карата типти жактыруу же типти жактыруунун жол-жоболору түзүлбөгөн жерде жүрүүчү транспорт каражатынын тибин Кыргыз Республикасына биринчи жолу алып келүүдө берүүчү же жерде жүрүүчү транспорт каражатынын тибин алып келүүчү жак ыйгарым укуктуу органга иштеп чыгаруучу турган мамлекет же болбосо, эгерде колдонууга жатса, жерде жүрүүчү транспорт каражатынын тибин чыгарган жак турган мамлекет тарабынан берилген типти жактыруу документинин көчүрмөсүн берет. Жерде жүрүүчү транспорт каражатына жана алардын компоненттерине эксплуатациялык жана техникалык документтерди иштеп чыгуу үчүн жоопкерчилик жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатын жана/же компонентин иштеп чыгуучуга же даярдоочуга жүктөлөт. Алып келинүүчү жерде жүрүүчү транспорт каражатынын жана анын компоненттеринин эксплуатациялык жана техникалык документтеринин болушу, алардын ырастуулугу жана тууралыгы үчүн жоопкерчилик жерде жүрүүчү ушул транспорт каражатын жана/же компонентин берүүчүгө жүктөлөт.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн документтер бар болгондо гана жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын жана/же алардын компоненттерин эксплуатациялоону жүзөгө ашырууга жол берилет.
(КР 2012-жылдын 18-майындагы № 61 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 02.04.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202598/st-4" title="4-берене - Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын техникалык регламенти (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>