Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
12-берене. Ченемдик укуктук актылардын структуралык элементтери
Күчүндө · 19.05.2026 редакциясы · 3-глава
1. Ченемдик укуктук актынын структуралык элементтери болуп бөлүктөр, бөлүмдөр, бөлүмчөлөр, главалар, параграфтар, беренелер, беренелердин бөлүктөрү, пункттар, пунктчалар жана абзацтар эсептелет.
2. Преамбула (киришүү) - ченемдик укуктук актынын милдеттүү эмес өз алдынча бөлүгү, анда актыны кабыл алуунун (чыгаруунун) себептери, шарттары жана максаттары жөнүндө маалыматтар камтылат. Преамбулага ченемдик буйрумдарды киргизүүгө жол берилбейт.
3. Көлөмү боюнча чоң ченемдик укуктук актылар (кодекс сыяктуулар) бөлүктөргө ажыратылат.
Ченемдик укуктук актынын бөлүгүндө бөлүмдөр камтылат, бөлүк сөздөр менен белгиленет жана анын аталышы болушу мүмкүн.
4. Бөлүм мазмуну боюнча өз ара жакын главаларды бириктирет.
Бөлүмдөр рим цифралары менен белгиленет жана баш тамгалар менен жазылган аталышы болуп, ал сапка ортолотуп жайгаштырылат. Көлөмүнө жараша бөлүмдөр бөлүмчөлөргө бөлүнүшү мүмкүн. Бөлүмчөлөр араб цифралары менен белгиленет жана цифралардан кийин сапта ортолотуп баш тамгалар менен жазылган аталышка ээ болот. Эгерде ченемдик укуктук актыда главалар жок болсо, "бөлүм" деген структуралык элементти киргизүүгө жол берилбейт.
5. Ченемдик укуктук актылардын көлөмү чоң, мазмуну боюнча өз ара жакын беренелери (пункттары) главаларга бириктирилиши мүмкүн.
Главалар араб цифралары менен белгиленет жана баш тамгалар менен жазылган аталышы болуп, ал сапка ортолотуп жайгаштырылат. Ченемдик укуктук актылардын чоң көлөмдөгү главалары параграфтарга бөлүнүшү мүмкүн. Параграфтар "§" деген белги менен белгиленип, араб цифралары менен берилген иреттик номерлерге ээ болот.
6. Конституция, конституциялык мыйзамдар, кодекстер, мыйзамдар беренелерден, башка ченемдик укуктук актылар - пункттардан турат.
Беренелер (пункттар) - ченемдик укуктук актынын ченемдик буйрумду камтыган негизги структуралык элементтери. Колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизген мыйзамдардын беренелерин кошпогондо, беренелер өз аталыштарына ээ болушу керек. Беренелер араб цифралары менен белгиленет жана укук ченемдерин камтуучу бөлүктөрдөн турат. Берененин бөлүктөрү чекиттүү араб цифралары менен белгиленет жана пункттарга бөлүнөт, алар араб цифралары менен жабылма ийри кашаа коюлуп белгиленет. Пункттар пунктчаларга бөлүнөт, пунктчалар алфавиттин кичине тамгасы менен жабылма ийри кашаа коюлуп белгиленет. Конституциянын беренелериндеги пунктардын, башка ченемдик укуктук актылардагы пункттардын аталышы болбойт жана чекиттүү араб цифралары менен белгиленет жана пунктчалардан жана (же) абзацтардан, пунктчалар абзацтардан турушу мүмкүн. Пунктчалар араб цифралары же алфавит тамгалары менен жабылма ийри кашаа коюлуп белгиленет. Абзац - пункттун же пунктчанын мааниси жагынан бирдиктүү болгон, биринчи саптагы чегинме менен бөлүнүп турган жана кичине тамга менен башталган бөлүгү, ал эми берененин (пункттун) бөлүгүнүн биринчи абзацы баш тамга менен башталат. Абзацтар үтүрлүү чекит менен бүтөт (акыркы абзацтан башкасы). Эгерде берененин (пункттун) мурдагы абзацы (пункту) чекит менен аяктаса жана мааниси боюнча жаңы абзац менен улантууну талап кылса, кийинки абзац баш тамга менен башталат. Абзацтын цифралык же тамгалык белгилениши болбойт.
7. Ченемдик укуктук актынын структуралык элементтерин номерлөө ырааттуу улантылышы керек.
Ченемдик укуктук актыларда ар бир пункттагы пунктчалардын, ар бир главадагы параграфтардын жана ар бир бөлүмдөгү бөлүмчөлөрдүн номерлениши улантылма эмес болушу, ар кимиси өз алдынча коюлушу керек.
8. Ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүдө жана ченемдик укуктук актынын структуралык элементтерин күчүн жоготту деп табууда анын бөлүктөрүнүн, бөлүмдөрүнүн, главаларынын, беренелеринин (пункттарынын) номерлерин өзгөртүүгө жол берилбейт.
Эгерде толуктоолор ченемдик укуктук актынын аягына киргизилсе, бөлүктөрдүн, бөлүмдөрдүн, главалардын, беренелердин, пункттардын буга чейинки номерленишин улантуу зарыл. Эгерде ченемдик укуктук акт жаңы структуралык элементтер менен буга чейин бар болгон элементтердин кошулган жеринде толуктала турган болсо, жаңы структуралык элементтер негизги цифралык же тамгалык белгилемелердин үстү жагына коюлуучу кошумча цифралар менен толукталышы керек.
9. Эскертмелер өздөрү тиешелүү болгон структуралык элементтин текстине тикелей киргизилет.
10. Ченемдик укуктук актылардын тиркемелери болушу мүмкүн, аларга ар түрдүү тизмектер, таблицалар, графиктер, тарифтер, карталар, бланктардын, документтердин, схемалардын үлгүлөрү ж.б. жайгаштырылат.
Эгерде бир нече тиркеме болсо, анда "№" белгиси коюлбастан араб цифралары менен номерленет. Актынын текстинде тиркемеге шилтеме келтирилген учурда да "№" белгиси коюлбайт. Ченемдик укуктук актынын жана анын тиркемелеринин юридикалык күчү бирдей болот. Тиркеменин белгилениши ченемдик укуктук актынын долбоорунун текстинен кийинки беттин жогорку оң бурчунда, актынын катталган номери жана кол коюлган күнү көрсөтүлбөстөн жайгаштырылат. Тиркеменин аталышы сапка ортолотуп жайгаштырылат жана карайтылган тамгалар менен берилет.
Берененин тексти 19.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (45)
- Беловодск айылдык кеңешинин Типтүү Регламенти (Беловодск айылдык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 7 токтому менен бекитилди)Типовой регламент · 30.07.2021 · № 7
- Крупская атындагы айыл Кеңешинин 2017-жылдын 10-январындагы № 01-1/1 "Крупская атындагы айылдык Кеңешинин регламентин кабыл алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 10.01.2017 · № 01-1/1
- НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН РЕГЛАМЕНТИ (Новопавловка айылдык кеңешинин 21.05.2021-ж. №02/4)Регламент · 21.05.2021 · № 02/4
- Гроздь айылдык кеңешинин 2017-жылдын 16-октябрындагы № 6 "Гроздь айыл кеңешинин регламенттин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.01.2017 · № 6
- Жаңы-Пахта айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 01-майындагы № 01 “Жаңы-Пахта айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын регламентин бекитүү” токтомуПостановление · 01.05.2017 · № 01
- Красный Восток айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 10-августундагы № 2/1 "Чуй облусунун Жайыл районунун Красный Восток айылдык Кеңешинин иш регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.08.2017 · № 2/1
- Сары-Коо айылдык кеңешинин 2018-жылдын 29-ноябрындагы №41 "Чуй облусунун Жайыл районунун Сары-Коо айылдык Кеңешинин иш регламентин бекитүү жөнүндө"токтомуПостановление · 29.11.2018 · № 41
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 280 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини керектөөнүн кесепетинен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн (аэрозолдун)…Постановление · 06.06.2019 · № 280
- КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2021-жылдын 9-августундагы N 117 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна Кыргыз…Постановление · 09.08.2021 · № 117
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-декабрындагы № 576 "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын зонасынын чегинде полиэтилен пакеттерин жана пластик идиштерин ташып…Постановление · 10.12.2018 · № 576
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-сентябрындагы № 504 "Жеке менчик медициналык ишмердүүлүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 27.09.2019 · № 504
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4 июнундагы № 302 ""Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан пакеттерди жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 04.06.2020 · № 302
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 332 "Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 17.06.2016 · № 332
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-июнундагы № 293 "Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарындагы жашыл бак-дарактарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз…Постановление · 03.06.2020 · № 293
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 451 ""Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтомуПостановление · 23.08.2016 · № 451
- Ош шаардык кеңешинин 2022-жылдын 30-июну № 59 "Ош шаардык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.06.2022 · № 59
- Кара-Балта шаардык кеңешинин 2023-жылдын 1-декабрындагы № 05 “Кара-Балта шаардык кеңешинин Регламентин бекитүү тууралуу” токтомуПостановление · 01.12.2023 · № 05
- Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2024-ж. 20-мартындагы № 2-1 токтомунун " Жергиликтүү кеңешинин Регламенти"Регламент · 20.03.2024 · № 2-1
- Петровка айылдык кеңешинин 2014-жылдын 14-февралындагы № 42-2 “Петровка айыл аймагынын Регламентин бекитүү жөнүндө” токтомуПостановление · 14.02.2014 · № 42-2
- Ак-Башат айылдык кенешинин 2019-жылдын 23–октябрындагы №21 "Чуй облусунун Жайыл районунун Ак-Башат айылдык Кеңешинин иш регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 22.10.2018 · № 21
45 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202591/st-12" title="12-берене - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>