13-берене. Кодекстин структурасынын өзгөчөлүктөрү
Күчүндө · 19.05.2026 редакциясы · 3-глава
1. Кодификацияланган ченемдик укуктук актынын (кодекстин) бөлүмдөрү жалпы жана өзгөчө бөлүктөргө бириктирилиши мүмкүн.
2. Кодификацияланган ченемдик укуктук актынын (кодекстин) жалпы бөлүгүндө төмөнкүлөр камтылышы керек:
негизги жоболор (принциптер, түшүнүктөрдүн аныктамалары, негизги институттар); адистештирилген ченемдик жоболор; жогорку даражада жалпылаштырылгандыгы, туруктуулугу менен мүнөздөлүүчү жана өзгөчө бөлүмдүн ченемдерин пайдаланууда (колдонууда) укуктук негиздерди түзүүчү бөлөк башталма ченемдик жоболор.
3. Кодификацияланган ченемдик укуктук актылардын өзгөчө бөлүгү төмөнкүдөй белгиленген ченемдерди камтышы мүмкүн:
мүмкүн болуучу жана талаптагыдай жүрүм-турумдун (юридикалык укуктар жана милдеттер) түрү жана ченеми (эрежеси); укук ченемдерин мүмкүн болуучу бузуулардын терс натыйжаларынын түрү жана ченеми (юридикалык жоопкерчилик).
Берененин тексти 19.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202591/st-13" title="13-берене - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>