Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
11-берене. Ченемдик укуктук актынын формасына жана структурасына коюлуучу жалпы талаптар
Күчүндө · 19.05.2026 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 11 июля 2013 года № 131
1. Ченемдик укуктук актынын тексти адабий тилдин ченемдерин жана юридикалык терминологияны сактоо менен берилет. Эскирген, көп маанилүү сөздөрдү, туюнтмаларды, эпитеттерди, метафораларды колдонууга, сөздөрдү кыскартууга жол берилбейт. Берененин (пункттун) тексти башка беренелерде (пункттарда) кайталанып баяндалбайт.
2. Ченемдик укуктук актылар ичкертен ыңгайлаштырылуусу, логикалык жактан туура түзүлүшү жана ченем чыгаруу техникасына ылайык келиши керек.
Ченемдик укуктук актылардын текстин баяндоодо адегенде жалпы, андан кийин конкреттүү жоболор берилет. Укуктук ченемдерди баяндоодо өтө эле жалпылаштырылган же өтө эле майдаланган туюнтмалар колдонулбашы керек.
3. Ченемдик укуктук актынын, анын бөлүктөрүнүн, бөлүмдөрүнүн, бөлүмчөлөрүнүн, главаларынын жана беренелеринин аталыштары кыска, так берилиши жана алардын негизги мазмунун чагылдырышы керек. Ченемдик укуктук актылардын текстинде колдонулган терминдер жана түшүнүктөр түшүнүктүү жана бир маанилүү болушу керек. Ченемдик укуктук актыда колдонулуучу терминдерди жана түшүнүктөрдү тактоо зарыл болгондо актыда алардын маанисине түшүндүрмө берүүчү берене (пункт) жайгаштырылат.
Өзгөртүүнү жана (же) толуктоону караган ченемдик укуктук актынын аталышы өзгөртүү жана (же) толуктоо киргизилүүчү ченемдик укуктук актынын аталышын, ошондой эле жөнгө салынуучу коомдук мамилелердин чөйрөсүнө кыскача көрсөтмөнү камтый алат.
4. Өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор негизги ченемдик укуктук актыга киргизилет. Негизги ченемдик укуктук актыга аны өзгөрткөн жана (же) толуктаган мыйзам актысына өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүү жолу менен өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүгө жол берилбейт.
5. Ченемдик укуктук актыларды күчүнө киргизүүнүн жана мамлекеттик органдарга тапшырма берүүнүн тартиби корутунду жоболор түрүндө берилет.
6. Ченемдик укуктук актыларда төмөнкүдөй реквизиттер болушу керек:
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби; ушул Мыйзамдын 4-беренесине ылайык актынын түрүнө карата көрсөтмө; ченемдик укуктук актынын жөнгө салуу предметин билдирүүчү аталышы; кабыл алынган жери жана датасы; каттоого алуу номери; тийиштүү ченемдик укуктук актыга кол коюуга ыйгарым укук берилген адамдын колтамгасы; герб түшүрүлгөн мөөр. (КР 2013-жылдын 11-июлундагы № 131 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 19.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 11 июля 2013 года № 131 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
11.07.2013 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…алардын маанисине түшүндүрмө берүүчү берене (пункт) жайгаштырылат. кошулду: Өзгөртүүнү жана (же) толуктоону караган ченемдик укуктук актынын аталышы өзгөртүү жана (же) толуктоо киргизилүүчү ченемдик укуктук актынын аталышын, ошондой эле жөнгө салынуучу коомдук мамилелердин чөйрөсүнө кыскача көрсөтмөнү камтый алат. 4. Өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор негизги ченемдик укуктук актыга … ыйгарым укук берилген адамдын колтамгасы; герб түшүрүлгөн мөөр. кошулду: (КР 2013-жылдын 11-июлундагы № 131 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- Таштемир уулу Эркиндин кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 85-беренесинин 2…Сот практикасы · Решение · 19.02.2021 · № 04-р
Беренеге цитата келтиргендер (71)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 27-сентябрындагы № 504 "Жеке менчик медициналык ишмердүүлүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 27.09.2019 · № 504
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 12-январындагы № 3 "Балдарды алардын саламаттыгына жана өнүгүүсүнө залал келтирүүчү маалыматтардан коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 12.01.2021 · № 3
- Беловодск айылдык кеңешинин Типтүү Регламенти (Беловодск айылдык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 7 токтому менен бекитилди)Типовой регламент · 30.07.2021 · № 7
- Тиркеме (Кыргыз республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 6-Б буйругуна ылайык)Приложение · 05.10.2023 · № 6-П
- Крупская атындагы айыл Кеңешинин 2017-жылдын 10-январындагы № 01-1/1 "Крупская атындагы айылдык Кеңешинин регламентин кабыл алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 10.01.2017 · № 01-1/1
- НОВОПАВЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН РЕГЛАМЕНТИ (Новопавловка айылдык кеңешинин 21.05.2021-ж. №02/4)Регламент · 21.05.2021 · № 02/4
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 20-июнундагы № 344 "Электр энергетикасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу"…Постановление · 20.06.2016 · № 344
- Гроздь айылдык кеңешинин 2017-жылдын 16-октябрындагы № 6 "Гроздь айыл кеңешинин регламенттин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.01.2017 · № 6
- Жаңы-Пахта айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 01-майындагы № 01 “Жаңы-Пахта айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын регламентин бекитүү” токтомуПостановление · 01.05.2017 · № 01
- Красный Восток айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 10-августундагы № 2/1 "Чуй облусунун Жайыл районунун Красный Восток айылдык Кеңешинин иш регламентин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.08.2017 · № 2/1
- Сары-Коо айылдык кеңешинин 2018-жылдын 29-ноябрындагы №41 "Чуй облусунун Жайыл районунун Сары-Коо айылдык Кеңешинин иш регламентин бекитүү жөнүндө"токтомуПостановление · 29.11.2018 · № 41
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-августундагы № 451 ""Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтомуПостановление · 23.08.2016 · № 451
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 7-майындагы № 238 "Жаштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтомуПостановление · 07.05.2020 · № 238
- КР МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2021-жылдын 9-августундагы N 117 "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбооруна Кыргыз…Постановление · 09.08.2021 · № 117
- Таштемир уулу Эркиндин кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 85-беренесинин 2…Решение · 19.02.2021 · № 04-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-декабрындагы № 576 "Ысык-Көл" биосфералык аймагынын зонасынын чегинде полиэтилен пакеттерин жана пластик идиштерин ташып…Постановление · 10.12.2018 · № 576
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 10-февралындагы № 76 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундуларын жактыруу тууралуу)…Распоряжение · 10.02.2023 · № 76
- Постановление Правительства КР от 28 марта 2016 года № 152 "О заключении Правительства Кыргызской Республики на проект Закона Кыргызской Республики "О пробации""Постановление · 28.03.2016 · № 152
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-январындагы № 29 ""Бузууларды, жоруктарды жана кылмыштарды жасаган адамдардын мамлекеттик реестри жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 26.01.2016 · № 29
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы 2023-жылдын 14-июнундагы № 284 ("Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна…Распоряжение · 14.06.2023 · № 284
71 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202591/st-11" title="11-берене - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>