34-берене. Конституциялык соттун актыларынын түрлөрү
Күчүн жоготкон · 13.06.2011 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 37.
1. Конституциялык сот актыларды чечим, корутунду, сунуштама жана
аныктама түрүндө кабыл алат.
2. Конституциялык сот кайрылууларды кароонун натыйжасында Консти-
туциянын 85-беренесинин 3-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында каралган
ыйгарым укуктар боюнча чечим, ал эми аталган берененин 3-пунктунун
3-5-пунктчаларында каралган ыйгарым укуктар боюнча корутунду кабыл
алат.
3. Конституциялык соттун актылары Кыргыз Республикасынын Конститу-
циясынын атынан чыгарылат жана аларга Конституциялык соттун төрагалык
кылуучусу жана судьялары кол коет.
4. Конституциялык соттун башка актылары протоколдук же өзүнчө
аныктама түрүндө кабыл алынат.
5. Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын конкрет-
түү бузгандык айкындалганда Конституциялык сот буга жол берген компе-
тенттүү органдарга жана кызмат адамдарына сунуштама чыгарат, анда алар-
дын көњүлүн айкындалган укук бузгандыкка жана бир айлык мөөнөттө аны
жоюунун жана кабыл алынган чаралар жөнүндө билдирүүнүн зарылдыгына бу-
рат.
Берененин тексти 13.06.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
34-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Решение Конституционного суда КР от 30 марта 2010 года (по ходатайству гражданки Иманкожоевой Бактыгуль Бекбачаевны о признании второго предложения части 2 статьи 378…Решение · 30.03.2010
- (Русский) Решение от 6 апреля 2010 годаРешение Конституционного суда · 14.01.2010
- (Русский) Решение от 30 марта 2010 годаРешение Конституционного суда · 28.12.2009
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202586/st-34" title="34-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот ондурушу жонундо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>