33-берене. Процесстик коргоо чараларын колдонуу
Күчүн жоготкон · 13.06.2011 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 37.
1. Конституциялык соттун, жыйналыштын катышуучуларынын беделин
коргоо жана конституциялык сот өндүрүшүнүн нормалдуу жүрүшүн камсыз кы-
луу максатында Конституциялык сот тарабынан төмөнкүдөй формалардын би-
ринде көрүнүүчү ар бир укук бузгандык үчүн адамдарды сот жыйналышынын
залынан чыгарууга, же болбосо аларга эсептик көрсөткүчтүн беш эселенген
өлчөмүнө чейин айып салууга жол берилет:
1) кандай формада болбосун конституциялык эмес ырастоолорду жана
чакырыктарды жарыя кылгандык;
2) соттун процесстик ишине кийлигишкендик, судьяга таасир көрсөт-
көндүк;
3) ишти даярдоо жана кароо процессинде Конституциялык соттун та-
лаптарын жана чечимдерин жүйөлүү себепсиз аткарбай койгондук же өз уба-
гында аткарбагандык;
4) жүйөлүү себепсиз келбей койгондук же келбей коюунун себеби
жөнүндө Конституциялык сотко билдирбегендик;
5) Конституциялык соттун жыйналышынын тартибин бузгандык, Консти-
туциялык соттун судьяларына баш ийбегендик, Конституциялык сотто кабыл
алынган жол-жоболорду жана этикет эрежелерин этибарга албагандык;
6) жыйналыштын катышуучуларынын чыгып сүйлөөсүнүн ырааттуулугун өз
алдынча бузгандык;
7) мазактоочу сөздөрдү колдонгондук.
2. Эгерде ушул беренеде көрсөтүлгөн укук бузуулар сот жыйналышынын
процессинде айкындалса, процесстик коргоо чаралары Конституциялык сот-
тун протоколдук аныктамасы боюнча дароо колдонулат.
3. Башка учурларда процесстик коргоо чаралары Кыргыз Республикасы-
нын мыйзамдарында каралган тартипте колдонулат.
4. Укук бузуучу айып салуу жөнүндө кабардаманы алган күндөн тартып
беш күндөн кечиктирбестен айыпты төлөөгө милдеттүү. Беш күндүк мөөнөттө
айыпты төлөөдөн баш тартса же төлөбөй койсо, Конституциялык соттун айып
салуу жөнүндө чечими Конституциялык соттун жыйналышынын протоколунун
көчүрмөсүнүн негизинде администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер бо-
юнча өндүрүштүн эрежелерине ылайык мажбурлап аткартылат.
Берененин тексти 13.06.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
33-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202586/st-33" title="33-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот ондурушу жонундо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>