35-берене. Конституциялык соттун актыларын кабыл алуунун тартиби
Күчүн жоготкон · 13.06.2011 редакциясы · 6-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 37.
1. Конституциялык соттун актылары кењешме бөлмөсүндө ачык добуш
берүү менен кабыл алынат.
2. Кењешме учурунда судьялар каралып жаткан маселе боюнча өз пози-
цияларын эркин билдире алат жана башка судьялардан өз позицияларын так-
тоону өтүнө алат.
3. Конституциялык соттун иш мањызы боюнча чечилип жаткан кењешме-
синин мезгилинде башка жактардын катышуусуна жол берилбейт.
4. Судья добуш берүүдөн карманууга же ага катышпай коюуга укуксуз.
Төрагалык кылуучу бардык учурларда өз добушун акыркы болуп берет.
5. Конституциялык сот кайрылууда билдирилген талаптарды толугу ме-
нен же жарым-жартылай канааттандырганда же болбосо канааттандырбай кал-
тырганда иш мањызы боюнча чечилди деп эсептелет.
6. Конституциялык соттун актысы, эгерде аны жактап сот жыйналышын-
да катышып олтургандардын көпчүлүгү добуш берсе кабыл алынды деп эсеп-
телет. Бир дагы сунуш көпчүлүк добуш албаган учурда төрагалык кылуучу
добуштардын кыйла көбүрөөгүн алган эки сунушту кайталап добушка коет.
7. Добуштар тењ чыгып калган учурда төрагалык кылуучу добуш берген
акт кабыл алынат.
8. Конституциялык соттун актысы негиздүү жана жүйөлүү болууга тий-
иш.
9. Конституциялык соттун актылары дароо чыгарылат жана жарыя кылы-
нат. Өзгөчө учурларда өтө татаал иштер боюнча жүйөөлөнгөн актыны түзүү
он күнгө чейинки мөөнөткө кийинкиге калтырылышы мүмкүн, бирок резолюци-
ялык бөлүк ошол эле жыйналышта жарыя кылынат.
10. Конституциялык соттун чечими акыркы болуп саналат жана датта-
нууга жатпайт.
Берененин тексти 13.06.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
35-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Решение Конституционного суда КР от 30 марта 2010 года (по ходатайству гражданки Иманкожоевой Бактыгуль Бекбачаевны о признании второго предложения части 2 статьи 378…Решение · 30.03.2010
- (Русский) Решение от 6 апреля 2010 годаРешение Конституционного суда · 14.01.2010
- (Русский) Решение от 30 марта 2010 годаРешение Конституционного суда · 28.12.2009
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202586/st-35" title="35-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот ондурушу жонундо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>