32-берене. Конституциялык соттун жыйналышынын протоколу
Күчүн жоготкон · 13.06.2011 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 37.
1. Конституциялык соттун жыйналышында протокол түзүлөт, аны сот
жыйналышынын катчысы жыйналыш ачылгандан баштап ал толук аяктаганга
чейин үзгүлтүксүз жүргүзөт.
2. Сот жыйналышынын протоколунда төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга
тийиш:
- сот жыйналышынын орду жана убактысы жөнүндө;
- ишти караган судьялардын курамы жөнүндө;
- жыйналыштын катчысы жана процесстин ар бир катышуучусу жөнүндө;
- иштин аталышы жөнүндө;
- күбөлөр жана эксперттер жөнүндө;
- тараптардын түшүнүктөрү;
- күбөлөрдүн көрсөтүмдөрү, эксперттердин корутундулары, аларга бе-
рилген суроолор жана аларга жооптор;
- сот жыйналышынын жүрүшүндө болгон бардык аракеттер жөнүндө, алар
болуп өткөн иретте;
- сот жыйналышынын жүрүшүндө келип чыккан маселелер боюнча судь-
ялардын пикирлери жана айткандары жана судьялардын добуш берүүсүнүн на-
тыйжалары жөнүндө.
3. Протоколдун толуктугун камсыз кылуу үчүн стенографияны жана
илимий-техникалык каражаттарды колдонууга жол берилет, алардын колдону-
лушу жыйналыштын протоколунда көрсөтүлөт.
4. Ишке протокол жана сот тарабынан колдонулган илимий-техникалык
каражаттар: фонограмма, видеотасма, кинотасма тиркелет.
5. Протокол жыйналыш аяктагандан кийин беш жумушчу күндөн кечикти-
рилбестен таризделүүгө жана басып чыгарылууга тийиш.
6. Протоколго Конституциялык соттун жыйналышына төрагалык кылуучу
жана катчы-судья кол коет.
Берененин тексти 13.06.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
32-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202586/st-32" title="32-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот ондурушу жонундо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>