31-берене. Иштерди кароонун тартиби
Күчүн жоготкон · 13.06.2011 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 37.
1. Конституциялык сотто иштерди кароо сот жыйналышында Конституци-
ялык соттун төрагасынын же анын милдетин аткарган Конституциялык соттун
төрагасынын орун басарынын төрагалыгында жүргүзүлөт.
2. Ишти мањызы боюнча кароону баштаганга чейин төрагалык кылуучу:
1) Конституциялык соттун жыйналышын ачат жана карала турган ишти
жарыялайт;
2) судьялардын курамын жарыялайт;
3) сот жыйналышынын катчысына жыйналышка чакырылган катышуучулар-
дын, күбөлөрдүн, эксперттердин, зарыл болгон учурда котормочунун бар
экендиги жана келбей калгандардын себептери жөнүндө баяндама жасоо үчүн
сөз берет;
4) тараптардын ыйгарым укуктарын текшерет;
5) тараптарга алардын укуктарын жана милдеттерин, ал эми чакырыл-
ган жактарга - алардын милдеттерин жана жоопкерчиликтерин түшүндүрөт;
6) жыйналыштын катышуучуларынан аларда кошумча күбөлөрдү, эксперт-
терди чакыртуу жөнүндө, кошумча далилдерди талап кылуу жөнүндө, жыйна-
лыштын жүрүшүндө келип чыккан башка маселелер боюнча өтүнүч бар же жок
экендигин сурайт же аларды соттун чечүүсүнө коет;
7) сот залынан күбөлөрдү, эксперттерди чыгарат;
8) ишти мањызы боюнча кароонун башталгандыгы жөнүндө жарыялайт.
3. Ар бир ишти кароодо:
1) судьянын - баяндамачынын сөзү угулат, ал иштин мањызын, аны ка-
роонун жүйөөлөрүн жана негиздерин, болгон материалдардын мазмунун баян-
дайт жана Конституциялык соттун судьяларында келип чыккан суроолорго
жооп берет;
2) ар бир тараптын түшүндүрмөлөрү угулат;
3) тараптарга бири-бирине жана процесстин башка катышуучуларына
суроо берүү мүмкүнчүлүгү берилет, андан кийин Конституциялык соттун
судьялары суроо берет. Соттук жыйналыштын жүрүшүндө коюлган маселелер-
дин жол берилүүчүлүгү сот тарабынан чечилет.
4) күбөлөрдүн, эксперттердин көрсөтүүлөрүн угуудан мурда жыйналыш-
тын төрагалык кылуучусу алардын керт башын аныктайт жана көрсөтүү бе-
рүүдөн баш тарткандык жана атайылап жалган көрсөтүү же корутунду бер-
гендик үчүн мыйзамдарда жазык жоопкерчилиги каралгандыгы жөнүндө аларды
жазуу жүзүндө эскертет, котормочу атайылап жалган которгондугу үчүн
жоопкерчилик жөнүндө эскертилет;
5) сот жыйналышында сотко тапшырылган документтер жарыя кылынат;
6) иштин материалдарын иликтөө аяктагандан кийин Конституциялык
сот тараптардын корутунду сөздөрүн угат, төрагалык кылуучу иш боюнча
териштирүү аяктагандыгы жана судьялардын кењешме бөлмөсүнө кете турган-
дыгы жөнүндө жарыя кылат.
Берененин тексти 13.06.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
31-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202586/st-31" title="31-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот ондурушу жонундо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>