25-берене. Кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуу
Күчүн жоготкон · 13.06.2011 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 37.
1. Келип түшкөн кайрылуу аны сот өндүрүшүнө кабыл алуу жөнүндө ма-
селени чечүү үчүн төрага тарабынан Конституциялык соттун судьясына бе-
рилет.
2. Кайрылууну жана ага тиркелген документтерди текшерип, судья беш
күндүк мөөнөттө кайрылууну сот өндүрүшүнө кабыл алуу жөнүндө аныктама
чыгарат жана ишти Конституциялык соттун жыйналышында кароого даярдайт
же кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама чыга-
рат жана материалды арыз берүүчүгө кайтарат.
3. Судья кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартат, эгерде:
1) кайрылуу формасы жана мазмуну боюнча ушул Мыйзамдын 24-берене-
синин талаптарына ылайык келбесе;
2) кайрылуу тийиштүү эмес органдан же жактан (субъекттен) келип
түшсө;
3) кайрылуу тараптын Конституциялык сотто иш жүргүзүүгө ыйгарым
укуктарга ээ болбогон өкүлү тарабынан берилсе же өкүл ушул Мыйзамда ка-
ралбаган жак болсо;
4) кайрылууда билдирилген талап Конституциялык соттун кароосуна
таандык болбосо;
5) сунуштамада же өтүнүчтө көрсөтүлгөн маселенин конституциялуулу-
гу Конституциялык сот тарабынан текшерилсе жана Конституциялык соттун
өз күчүн сактаган актысы бар болсо;
6) кайрылууда билдирилген талаптар Конституцияда чечилбесе.
4. Конституциялуулугу талашылып жаткан актыны жокко чыгаруу же
анын күчүн жоготушу кайрылууну сот өндүрүшүнө кабыл алуудан баш тартуу-
га алып келет.
5. Кайрылууну сот өндүрүшүнө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө же
аны кабыл алуу жөнүндө аныктама тараптар тарабынан Конституциялык сотко
анын төрагасы аркылуу даттанылышы мүмкүн. Конституциялык сот тарабынан
бул маселени кароонун жыйынтыктары боюнча өзүнчө токтом кабыл алынат.
Берененин тексти 13.06.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- КР Конституциялык сотунун 2009-жылдын 30-июлундагы (2009-жылдын 23-июлунда өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун конституциялуулугу жөнүндө) чечимиРешение · 30.07.2009
- (Русский) Решение от 30 июля 2009 годаРешение Конституционного суда · 23.07.2009
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202586/st-25" title="25-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот ондурушу жонундо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>