Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Конституциялык сотунун (өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун конституциялуулугу жөнүндө) чечими
Бишкек шаары
2009-жылдын 30-июлу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯСЫНЫН АТЫНАН
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН ЧЕЧИМИ
2009-жылдын 23-июлунда өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын
Президентин шайлоонун конституциялуулугу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: Төрагасы С.К.Сыдыкова,
Төраганын орун басары А.А.Суталинов, судьялар - А.А.Абдугапаров,
С.Н.Демин, А.С.Кененсариев, Ч.Дж.Курбанова, О.Ж.Мамыров, Ч.А.Мусабекова
жана К.Э.Эсенкановдун курамында,
соттук жыйналыштын катчысы Ж.Д.Кулушевдин, Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Дамир Владимирович Лисовскийдин, 29-июль 2009-жылдагы ишеним каттын не-
гизинде аракеттенген Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Любовь Геннадьевна Шереш-
кованын жана 29-июль 2009-жылдагы ишеним каттын негизинде аракеттенген
Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Курманбек Салиевич Ба-
киевдин өкүлү - Ульяна Юрьевна Пактын катышуулары менен Кыргыз Респуб-
ликасынын Конституциясынын 85-беренесинин 3-пунктунун 3-пунктчасынын
негизинде, "Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө" Мыйзам-
дын 13-беренесинин 3-пунктунун 1-бөлүгүн жана "Кыргыз Республикасынын
конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамдын 11-беренесинин 3-пунктун
жетекчиликке алып, ачык соттук жыйналышта 2009-жылдын 23-июлунда
өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун конституциялуу-
лугун карады.
Судья К.Э.Эсенкановдун баяндамасын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо
жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Д.В.Ли-
совскийдин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюн-
ча борбордук комиссиясынын өкүлү Л.Г.Шерешкованын жана Кыргыз Республи-
касынын Президенттигине талапкер К.С.Бакиевдин өкүлү У.Ю.Пактын
сөздөрүн угуп жана берилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Респуб-
ликасынын Конституциялык соту тапты:
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна 2009-жылдын 27-июлун-
да Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбор-
дук комиссиясынын "2009-жылдын 23-июлунда өткөрүлгөн Кыргыз Республика-
сынын Президентин шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө" 2009-жылдын
27-июлундагы токтому келип түшкөн.
Бул токтом менен, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы "Кыргыз Республикасынын Президентин
шайлоонун натыйжалары жөнүндө" 2009-жылдын 27-июлундагы протоколду бе-
китип, 2009-жылдын 23-июлундагы Кыргыз Республикасынын Президентин шай-
лоо өткөрүлдү деп таап, добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 76,43%
добушун алган Курманбек Салиевич Бакиев Кыргыз Республикасынын Прези-
денти болуп шайланды деп аныктаган.
Соттук жыйналышта Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Д.В.Лисовский жана Кыр-
гыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук ко-
миссиясынын өкүлү Л.Г.Шерешкова 2009-жылдын 23-июлундагы Кыргыз Респуб-
ликасынын Президентин шайлоону Конституцияга ылайык деп табууну сураш-
ты.
Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер К.С.Бакиевдин
өкүлү У.Ю.Пак 2009-жылдын 23-июлунда өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын
Президентин шайлоосун анын натыйжасында Курманбек Салиевич Бакиев Кыр-
гыз Республикасынын Президенти болуп шайлангандыгын Конституцияга ыла-
йык деп табууну сурады.
Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, берилген материалдарды
изилдеп чыгып жана соттук жыйналыштын катышуучуларынын жүйөөлөрүн тал-
куулап, 2009-жылдын 23-июлунда өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Прези-
дентин шайлоо төмөнкү негиздер боюнча Конституцияга ылайыктуу деп эсеп-
тейт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 58-беренесинин 1-пунктунун
7-пунктчасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши 2009-жылдын
20-марттындагы токтому менен Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо-
ну 2009-жылдын 23-июлуна дайындаган.
2009-жылдын 23-июлунда өткөрүлгөн шайлоого, Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 44-беренесинин жашы боюнча ценз, мамлекеттик тилди
билүү жана жашоо ценз боюнча талаптарына туура келген, Кыргыз Республи-
касынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы та-
рабынан катталган алты талапкер катышкан.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча бор-
бордук комиссиясы берген материалдарга караганда, добуш берүү тизмесине
2939413 шайлоочу киргизилген. 2009-жылдын 23-июлунда добуш берүүгө
2328069 шайлоочу же шайлоочулардын 79,13% катышкан, бул өзү Кыргыз Рес-
публикасынын Президентин шайлоо өткөрүлдү деп эсептөөгө негиз берет,
анткени Кыргыз Республикасындагы шайлоолор жөнүндө Кыргыз Республикасы-
нын Кодексинин 65-беренесинин 3-пунктунун талаптарына ылайык, ага добуш
берүү тизмесине киргизилген шайлоочулардын элүү пайызынан ашыгы катыш-
кан.
Шайлоого катышкан 2328069 шайлоочулар Кыргыз Республикасынын Пре-
зиденттигине талапкерлерге төмөндөгүдөй добуш беришкен:
Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке - 195291 же 8.39%;
Бакиев Курманбек Салиевичке - 1779417 же 76.43%;
Мотуев Нурлан Аманкановичке - 21754 же 0.93%;
Назаралиев Женишбек Болсунбековичке - 19198 же 0.82%;
Сариев Темир Аргенбаевичке - 149658 же 6.43%;
Уметалиева Токтайым Джумаковнага - 25096 же 1.08%.
Бул маалыматтардын жана шайлоонун биринчи турунда шайлоого катыш-
кан бардык шайлоочулардын жарымынан көбүнүн добушун алган талапкер Кыр-
гыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна шайланды деп эсептелет
деген Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын
Кодексинин 65-беренесинин 3-пунктунун талаптарынын негизинде, Кыргыз
Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комис-
сиясы 2009-жылдын 27-июлундагы токтому менен облустук, Бишкек, Ош шаар-
дык шайлоо комиссияларынын жана республиканын чегинен сырткары түзүлгөн
участкалык комиссияларынын протоколдорунун негизинде өзүнүн протоколун
бекиткен, 2009-жылдын 23-июлундагы Кыргыз Республикасынын Президентин
шайлоо болуп өттү жана шайлоого катышкан шайлоочулардын 76,43% добушун
алган Курманбек Салиевич Бакиев Кыргыз Республикасынын Президентинин
кызмат ордуна шайланды деп чечкен.
2009-жылдын 23-июлундагы өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Прези-
дентин шайлоого байланышкан талаштар боюнча, жергиликтүү соттор жана
Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан каралган соттук иштер
жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун маалыматына ылайык:
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча
борбордук комиссиясынын, участкалык шайлоо комиссияларынын аракеттерине
жана шайлоонун натыйжаларын эки участок боюнча жараксыз деп табуу
жөнүндө Бишкек шаары боюнча 20 арыз каралган; алар канааттандырылуусуз
калтырылган же кабыл алуудан баш тартылган;
- Чүй облусу боюнча бир арыз түшкөн, бирок арыз ээсинин өтүнүчү
боюнча кароосуз кайтарылып берилген;
- Ош облусунда 4 шайлоо участкасы боюнча шайлоону жараксыз деп та-
буу жөнүндө 3 арыз түшкөн, бир арыз берүүчүнүн өтүнүчү боюнча кароосуз
кайтарылып берилген, ал эми 2 арызды кабыл алуудан баш тартылган;
- Жалал-Абад облусу боюнча райондук шайлоо комиссиясынын курамын
бекитүү жөнүндө райондук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгаруу
жөнүндө бир арыз түшкөн, ал канааттандыруусуз калтырылган;
- Баткен облусу боюнча облустук шайлоо комиссиясынын курамына кир-
гизүү жөнүндө жана мөөнөтүнөн мурда добуш берүүнү жүргүзүүдөгү шайлоо
комиссиялары кетирген бузуулар жөнүндө 4 арыз түшкөн, алар боюнча каро-
ого кабыл алуудан, же канааттандыруудан баш тартылган;
- Ысык-Көл, Талас жана Нарын облустары боюнча, шайлоо процессинин
катышуучуларынын чечимдерине же аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу
боюнча сотторго арыздар келип түшкөн эмес. Райондук (шаардык) соттордун
шайлоо иштери боюнча каралган 13 чечими көзөмөл иретинде даттанылган
жана аларды кароонун натыйжаларында 10 иш боюнча соттук актылар күчүндө
калтырылган 3 иш боюнча соттук актылар иш боюнча өндүрүштү кыскартуу
менен бузулган.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун маалыматына ылайык Кыр-
гыз Республикасынын Президенттик кызматына талапкерлерден жана алардын
ишенимдүү адамдарынан түшкөн арыздар боюнча, ошондой эле Кыргыз Респуб-
ликасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын
кайрылуулары боюнча тийиштүү түшүндүрмөлөр берилген, прокурордук чара
көрүү актылары кабыл алынган, айрым адамдарга карата 3 кылмыш иши коз-
голгон.
Шайлоочуларды шайлоо участкаларына унаа каражаттары менен жет-
кизүү, добуш берүүгө байкоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу, жарандардын
шайлоо укуктарын ишке ашыруусуна тоскоолдук кылуу, шайлоочулардын тиз-
месиндеги таксыздыктар, кошумча тизмелерди түзүүдөгү каталыктар
жөнүндөгү арыздар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясы жана аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан
өз убагында каралган. Жалпы республика боюнча, Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтомдо-
ру менен 5 шайлоо участкалары боюнча: Аламүдүн районунун Чоњ-Таш айы-
лында жайгашкан N 197; Талас облусундагы Бакай-Ата районунда жайгашкан
N 71; Бишкек шаарында жайгашкан N 1130, 1141; Чүй облусунун Токмок шаа-
рында жайгашкан N 234-шайлоонун натыйжалары жараксыз деп табылган. Бул
шайлоо участкаларында добуш берүүгө 5884 жаран катышкан.
Шайлоо процессинин жүрүшүндөгү көрсөтүлгөн бузуулар добуш берүүнүн
жыйынтыгын жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыгын
аныктоого жалпысынан таасир кылган жок.
Бул ишти Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда кароодо
Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлерден, алардын ишеним-
дүү адамдарынан жана байкоочулардан Кыргыз Республикасынын Президентине
2009-жылдын 23-июлундагы шайлоонун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын талаптарын бузулгандыгына арыздар келип түшкөн жок.
Көрсөтүлгөн жагдайларда, Кыргыз Республикасынын Конституциялык со-
ту, 2009-жылдын 23-июлунда өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын Президен-
тин шайлоо болуп өттү жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын
44-беренесинин талаптарына ылайык келет, Бакиев Курманбек Салиевич Кыр-
гыз Республикасынын Президенти болуп шайлануусу Конституцияга ылайык,
ал эми "2009-жылдын 23-июлундагы Кыргыз Республикасынын Президентин
шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо
жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2009-жылдын
27-июлундагы токтомунда баяндалган 2009-жылдын 23-июлунда өткөрүлгөн
Кыргыз Республикасынын Президентине шайлоонун жыйынтыктары ырасталууга
жатат деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесинин 3-пунктунун
3-пунктчасынын негизинде жана "Кыргыз Республикасынын Конституциялык
соту жөнүндө" Мыйзамдын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктун, "Кыргыз
Республикасынын конституциялык сот өндүрүшү жөнүндө" Мыйзамдын 10, 11,
24, 25, 29 жана 30-беренелерин жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо
жөнүндөгү кодексинин 68-беренесинин 1-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз
Республикасынын Конституциялык соту чечти:
1. Корутунду берилсин:
Кыргыз Республикасынын Президентин 2009-жылдын 23-июлунда
өткөрүлгөн шайлоолор Конституцияга ылайык деп табылсын;
Кыргыз Республикасынын Президенти болуп Бакиев Курманбек Салиевич-
тин шайлануусу тууралуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2009-жылдын 27-июлундагы токто-
мунда баяндалган 2009-жылдын 23-июлунда өткөрүлгөн Кыргыз Республикасы-
нын Президентин шайлоонун жыйынтыктары ырасталсын.
2. Чечим акыркы, даттанууга жатпайт. Бардык мамлекеттик органдар,
кызмат адамдары, юридикалык жактар жана жарандар тарабынан милдеттүү
түрдө аткарылууга тийиш.
3. Чечим Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасы-
нын Жогорку Кењешине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум
өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жиберилсин, "Кыргыз Республикасы-
нын Жогорку Кењешинин ведомосторуна", "Кыргыз Туусу", "Слово Кыргызста-
на" жана "Эркин Тоо" гезиттерине жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын
Конституциялык сотунун Төрагасы С.Сыдыкова
Кыргыз Республикасынын
Конституциялык сотунун Секретары О.Мамыров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот ондурушу жонундоЗакон · 20.07.2009 · № 235 · Күчүн жоготкон
- О Конституционном суде Кыргызской РеспубликиЗакон · 18.12.1993 · № 1335-XII · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндөКодекс · 29.05.1999 · № 39 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот өндүрүшү жөнүндөЗакон · 18.12.1993 · № 1337-XII · Күчүн жоготкон