26-берене. Ишти кароого даярдоо
Күчүн жоготкон · 13.06.2011 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 13 июня 2011 года № 37.
1. Өндүрүшкө кабыл алынган кайрылуу боюнча судья эки айлык мөөнөт-
тө ишти кароого даярдоого милдеттүү, бул үчүн ал:
1) иш боюнча тараптарды аныктайт, аларга ушул Мыйзамда каралган
алардын процесстик укуктарын жана милдеттенмелерин түшүндүрөт жана Кон-
ституциялык сотко берүү үчүн далилдерди алууга көмөк көрсөтөт;
2) тараптарды сурайт;
3) ишке тиешеси бар зарыл документтерди жана башка маалыматтарды
талап кылат;
4) тийиштүү кызмат адамдарын жана башка адамдарды сурайт;
5) зарыл болгондо эксперт катары илимпоздорду жана практикалык
кызматкерлерди тартат;
6) күбөлөрдүн, эксперттердин чөйрөсүн аныктайт;
7) ар кандай жактардын өз ара байланышкан талаптарын бир сот өндү-
рүшүнө бириктирүү жөнүндө же болбосо бир кайрылууда билдирилген, соттун
кароосуна таандык эмес талаптарды өзүнчө бөлүп чыгаруу жөнүндө маселени
чечет;
8) жыйналыш башталганга чейин он күндөн кечиктирбестен иштин мате-
риалдарынын көчүрмөлөрүн Конституциялык соттун судьяларына жана жыйна-
лыштын катышуучуларына тапшырууну камсыз кылат;
9) ишти жыйналышка карата дайындоо жөнүндө аныктама чыгарат, жый-
налыштын катышуучуларын кабардар кылат жана зарыл жактардын катышуусун
камсыз кылат;
10) болгон материалдар боюнча чечимдин долбоорун даярдайт;
11) ишти туура чечүүнү камсыз кылуу боюнча башка аракеттерди жүр-
гүзөт.
2. Билдирилген талаптардын өзгөчө татаалдыгына же болбосо алардын
өтө маанилүүлүгүнө жараша ишти кароого даярдоо бир нече судьяларга тап-
шырылышы, ал эми даярдоо мөөнөтү Конституциялык соттун төрагасы тарабы-
нан узартылышы мүмкүн, бирок ал мөөнөт бир айдан ашык эмес.
Берененин тексти 13.06.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202586/st-26" title="26-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциялык сот ондурушу жонундо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>