9-берене. Мамлекеттик колдоонун негизги багыттары
Күчүндө · 19.05.2026 редакциясы
1. Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторун өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
Мамлекеттик колдоонун негизги багыттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) айыл чарбалык товар өндүрүүчүлөрдүн, уюмдардын финансылык жана материалдык-техникалык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуучу, айыл чарбалык, сервистик жана башка кызмат көрсөтүүчү финансылык-кредиттик инфраструктураны түзүү;
2) айыл чарба (агроазыктүлүк) продукциясын өндүрүүдө, иштетүүдө, сактоодо, ташууда жана өткөрүүдө тобокелдикти камсыздандыруу системасын өнүктүрүү;
3) үрөн чарбасын өнүктүрүү, айыл чарба өсүмдүктөрүн жана дары өсүмдүктөрүн өстүрүү;
4) айыл чарба жаныбарларынын жана канаттуулардын, ошондой эле аарычылыкта жана балык чарбасында асыл тукум ишин өнүктүрүү;
5) зооветеринардык кызмат көрсөтүү системасын өнүктүрүү жана айыл чарбалык жаныбарлардын жана канаттуулардын, ошондой эле аарылардын жана балыктардын ден соолугун сактоону камсыз кылуу;
6) өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды коргоонун биологиялык каражаттарын өндүрүү;
7) сугат суу берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн системасын өнүктүрүү;
8) суу чарба курулмаларын куруу;
9) жаңы жерлерди өздөштүрүү жана пайдаланылып жаткан жерлерди мелиорациялык жактан жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
10) айыл чарба багытындагы жерлердин түшүмдүүлүгүн сактоо, калыбына келтирүү жана көбөйтүү боюнча иш-чараларды, ошондой эле кыртыштын деградациясынын күчөшүнө бөгөт коюучу иш-чараларды жүргүзүү;
11) жайыттарды жана жайыт инфраструктурасынын объекттерин өнүктүрүү;
12) мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында айыл чарба (агроазыктүлүк) продукциясын өндүрүү;
13) айыл чарба продукциясын жана аны иштетүүдөн алынуучу продуктуларды өндүрүүнү, кайра иштетүүнү, сактоону, ташууну, сатууну камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү инфраструктураны өнүктүрүү;
14) айыл чарба (агроазыктүлүк) товарын өндүрүүчүлөрдүн, уюмдардын, ошондой эле айыл чарбалык, сервистик жана башка кызматтарды көрсөтүүчү уюмдардын негизги каражаттарын жаңылоо;
15) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк сектору үчүн илимий-изилдөөчү, тажрыйбалык-конструктордук жана инновациялык жумуштарды аткаруу;
16) үрөнчүлүктү жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана жаныбарларынын селекциясын, асыл тукум иштерин өнүктүрүү боюнча, азык-түлүк продуктуларды өндүрүүнүн, кайра иштетүүнүн жана сарамжалдуу пайдалануунун технологияларын өркүндөтүү боюнча илимий-изилдөөчү программаларды каржылоо;
17) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик айыл чарба (агроазыктүлүк) программасынын жүзөгө ашырылышын маалыматтык-консультациялык камсыз кылуу;
18) Кыргыз Республикасынын экономикасынын агроазыктүлүк секторун кадрлар менен камсыз кылуу;
19) айыл чарбасынын (дыйканчылыктын, мал чарбасынын, канаттуулар чарбасынын, балчылыктын), балык чарбасынын продукциясын өндүрүүчүлөрдү жана аны кайра иштетүүнү жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыз кылуу;
20) өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин системасын өнүктүрүү.
21) айыл чарбалык консультациялык кызматтарды көрсөтүү тармагын түзүү.
2. Айыл чарба (агроазыктүлүк) товарын өндүрүүчүлөргө жана айыл чарбалык, сервистик жана башка кызмат көрсөтүүчү уюмдарга региондордун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыккан мамлекеттик колдоо программасынын иш-чаралары аткаруу бийлигинин бардык деңгээлдердеги мамлекеттик органдары, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
3. Айыл чарба (агроазыктүлүк) товарын өндүрүүчүлөргө жана айыл чарбалык, сервистик жана башка кызматтарды көрсөтүүчү уюмдарга жергиликтүү бюджеттердин каражаттарын берүүнүн тартибин жана көлөмүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамдарына ылайык аныкташат.
4. Айыл чарба (агроазыктүлүк) товарын өндүрүүчүлөргө жана айыл чарбалык, сервистик жана башка кызматтарды көрсөтүүчү уюмдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн кезектеги финансылык жылга карата республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган республикалык бюджеттин каражаттары ушул берененин 1-бөлүгүндө аныкталган мамлекеттик колдоо чараларын каржылоо үчүн республикалык жана жергиликтүү бюджеттерде каражат болгон шартта, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте берилет.
(КР 2016-жылдын 6-июлундагы № 99, 2019-жылдын 16-январындагы № 7, 2021-жылдын 6-апрелиндеги № 49, 2023-жылдын 25-январындагы № 11, 2026-жылдын 19-майындагы № 70 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 19.05.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 19 мая 2026 года № 70 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об охране и использовании растительного мира", "О развитии сельского хозяйства Кыргызской Республики")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Респблики от 25 января 2023 года № 11 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере сельского хозяйства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 апреля 2021 года № 49 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О развитии сельского хозяйства Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 16 января 2019 года № 7 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О развитии сельского хозяйства Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 июля 2016 года № 99 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере делегирования государственных полномочий"Редакцияларды салыштыруу
19.05.2026 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана өткөрүүдө тобокелдикти камсыздандыруу системасын өнүктүрүү;
3) алынып салынды: негизги кошулду: үрөн чарбасын өнүктүрүү, айыл чарба алынып салынды: өсүмдүктөрүнүн үрөн чарбасын өнүктүрүү;
кошулду: өсүмдүктөрүн жана дары өсүмдүктөрүн өстүрүү;
4) айыл чарба жаныбарларынын жана канаттуулардын, ошондой эле … № 7, 2021-жылдын 6-апрелиндеги № 49, 2023-жылдын 25-январындагы № алынып салынды: 11 кошулду: 11, 2026-жылдын 19-майындагы № 70 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-мартындагы № 104-т (2023-жылы сезондук айыл чарба талаа жумуштарын жүргүзүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү…Распоряжение · 14.03.2023 · № 104-р
- “Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоолорунда өсүмдүктөрдү зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн, ошондой эле биостимуляторлордон биологиялык коргоо” жөнүндө мамлекеттик…Регламент · 11.01.2022 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-мартындагы № 135-т (Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, 2026-жылы сезондукайыл чарба талаа…Распоряжение · 05.03.2026 · № 135-т
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-январындагы № 39-т (2022-жылы сезондук айыл чарба талаа жумуштарын жүргүзүү боюнча иш-чаралар планын бекитүү тууралуу) тескемесиРаспоряжение · 31.01.2022 · № 39-р · Күчүн жоготкон
- Дары өсүмдүктөрүн өстүрүү, кайра иштетүү жана пайдаланууну өнүктүрүүнүн укуктук негиздерин түзгөн Мыйзамга кол коюлдуЗакон · 20.05.2026
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-октябрындагы № 530-т (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-январындагы № 39-т тескемесине…Распоряжение · 04.10.2022 · № 530-р · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202555/st-9" title="9-берене - Кыргыз Республикасынын "Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>