Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Айыл чарба чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2023-жылдын 25-январы № 11 Айыл чарба чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене. "Насос станциялары менен сугарылуучу жерлерди пайдалануучу айыл чарба субъекттеринин чыгымдарын компенсациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 2, 67-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча "статья" деген сөз "берене" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 1-статьядагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 2-статьядагы "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 6/2, 647-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-беренеде:
а) бешинчи абзац "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "социалдык коргоо жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
б) алтынчы абзац "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
в) онунчу абзацта "Өкмөттүн" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети)" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 3-беренеде:
а) 2-бөлүктүн бешинчи абзацы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 3-бөлүктө "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 5-беренеде:
а) биринчи абзацта "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) алтынчы абзац "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "тышкы соода иши жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
4) 6-берененин 1 жана 2 бөлүктөрүндө "Өкмөт" деген сөз тиешелүү түрдө "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 8-беренеде ар кандай жөндөмө формаларындагы "Өкмөт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 10-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-берене. Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик Ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу Кыргыз Республикасынын жарандык жана кылмыш-жаза мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.".
3-берене. "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 5, 483-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин төртүнчү абзацы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "жарандык" деген сөз менен толукталсын;
2) 3-берененин 2-бөлүгүнүн 7-пунктунда "жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка чараларды" деген сөздөр алып салынсын;
3) 5-беренеде:
а) 1-бөлүктүн 2-пункту "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "тышкы экономикалык иш жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2 жана 3-бөлүктөрдө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 6-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 7-беренеде:
а) 1-бөлүк "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "ветеринария, химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүктүн 1-пункту "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" деген сөздөр менен толукталсын;
6) 9-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- биринчи абзацта "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте," деген сөздөр алып салынсын;
- бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21) айыл чарбалык консультациялык кызматтарды көрсөтүү тармагын түзүү.";
б) 2-бөлүктө "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте," деген сөздөр алып салынсын;
в) 4-бөлүктө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7) 10-беренеде "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 11-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-берене. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик Ушул Мыйзамдын талаптарын бузуу же аны талаптагыдай эмес аткаруу Кыргыз Республикасынын жарандык жана кылмыш-жаза мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.";
9) 12-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4-берене. "Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 2, 67-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-берененин 1 жана 4-пункттарында "Өкмөтү" жана "Өкмөтүнүн" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Министрлер Кабинети" жана "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 5-берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө "Өкмөтүнүн" жана "Өкмөтү" деген сөздөр тиешелүү түрдө "Министрлер Кабинетинин" жана "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) 7-берененин 4-бөлүгүндө "Өкмөтүнүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4) 10-берене "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "жарандык" деген сөз менен толукталсын.
5-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Жапаров
2022-жылдын 14-декабрында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (8)
- Кыргыз Республикасынын "Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндөЗакон · 26.05.2009 · № 166
- Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндөЗакон · 04.08.2008 · № 183
- Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндөЗакон · 02.02.2019 · № 22
- О компенсации расходов сельскохозяйственных субъектов, использующих земли, орошаемые насосными станциямиЗакон · 09.10.2003 · № 217
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 8-сентябрындагы № 462-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 8-сентябрындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 08.09.2022 · № 462-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2022-жылдын 14-декабрындагы N 720-VII "2022-жылдын 14-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 14.12.2022 · № 720-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 14-декабрындагы № 727-VII "Айыл чарба чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 14.12.2022 · № 727-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 8-сентябрындагы № 467-VII "Айыл чарба чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 08.09.2022 · № 467-VII
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндөЗакон · 04.08.2008 · № 183
- О компенсации расходов сельскохозяйственных субъектов, использующих земли, орошаемые насосными станциямиЗакон · 09.10.2003 · № 217
- Кыргыз Республикасынын "Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндөЗакон · 26.05.2009 · № 166
- Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндөЗакон · 02.02.2019 · № 22
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндөЗакон · 12.08.2003 · № 197
- Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндөЗакон · 31.10.2002 · № 150 · Күчүн жоготкон