9-берене. Камсыздандыруу суммасынын өлчөмүн жана чыгымдардын нормативдеринин түрүн аныктоо
Күчүндө · 28.07.2021 редакциясы
1. Камсыздандыруу суммасынын өлчөмү өсүмдүк продукциясынын ар бир түрү боюнча өзүнчө чыгашаларды камсыздалуучу ишке ашыра турган бардык аянтка көбөйтүлгөн бир гектар жерге эсептелген чыгымдын нормативине ылайык ушул Мыйзамда аныкталган камсыздандыруу өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен түзүлгөн келишимде белгиленет.
2. Камсыздандыруу суммасын эсептөө төмөндөгү түрлөрдүн бири боюнча чыгымдардын нормативинен жүргүзүлөт:
1) илимий негизделген агротехнология;
2) жөнөкөйлөтүлгөн агротехнология;
3) илимий негизделген же жөнөкөйлөтүлгөн агротехнологиянын чыгымдарынын беш түрү боюнча:
күйүүчү-майлоочу материалдар; үрөн; минералдык жер семирткичтер; сырттан келген механизациялаштырылган жумуштун кызмат акысын төлөө; жалданып иштегендерге эмгек акы.
Берененин тексти 28.07.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202550/st-9" title="9-берене - Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>