10-берене. Камсыздандыруу акысынын өлчөмүн аныктоо жана аны төлөөнүн тартиби
Күчүндө · 28.07.2021 редакциясы
1. Өсүмдүк продукцияларынын ар бир түрү боюнча камсыздандыруу акысынын өлчөмү камсыздандыруу келишими менен аныкталат, бирок ушул Мыйзамда белгиленген жана тиешелүү камсыздандыруу суммасына көбөйтүлгөн камсыздандыруу тарифинин өлчөмүнөн көп болбоого тийиш.
Камсыздандыруу төлөмдөрүн мамлекеттик субсидиялоону эсепке алуу менен камсыздандыруу келишиминде белгиленген өсүмдүк продукцияларынын түрү боюнча камсыздандыруу суммасынан пайыз менен эсептелген камсыздандыруу тарифтеринин төмөнкү максималдуу өлчөмдөрү аныкталат:
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн аталышы
Камсыздандыруу тарифи, камсыздандыруу суммасынан пайыз менен
Кылкандуу дан эгин
2,0
Дандык жүгөрү
1,0
Төө буурчак
1,3
Пахта
0,8
Тамеки
0,5
Кант кызылчасы
1,0
2. Айыл чарба өсүмдүктөрүн камсыздандырганда айылдык товар өндүрүүчүлөр өздүк каражаттарынын эсебинен камсыздандыруу акысынын элүү пайызын төлөйт, калган элүү пайызын - республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен төлөнөт. Камсыздандыруучунун камсыздандыруу акысы камсыздандырылган өсүмдүк продукцияларынын түрүнүн чыгымына (өздүк наркына) киргизилет.
3. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруу акысын камсыздалуучу камсыздандыруучуга бир жолу же камсыздандыруу келишими менен аныкталган тартипте жана мөөнөттө узартып төлөйт.
Бир жолу төлөө шартында түзүлгөн камсыздандыруу келишими боюнча камсыздалуучу камсыздандыруу акысын убагында төлөбөгөн учурда камсыздандыруу келишими түзүлбөгөн болуп саналат. Камсыздандыруу келишиминде узартып төлөө шарттарында белгиленген кезектеги суммасын камсыздандыруу акысын убагында төлөбөсө камсыздандыруучу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде көрсөтүлгөн тартипте жана өлчөмдө камсыздалуучу үстөк айып төлөөгө милдеттүү. Эгерде камсыздандыруу учуру кезектеги камсыздандыруу акысын төлөй электе келсе же төлөө мөөнөтүнөн өтүп кетсе, камсыздандыруучу төлөбөй калган камсыздандыруу акысынын суммасына чегерип, аны азайтып коюга акылуу.
Берененин тексти 28.07.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202550/st-10" title="10-берене - Өсүмдүк өстүрүүчүлүктө камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>