33-берене. Аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн узартуу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 8-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164
1. Аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн узартуу чакыруу комиссиясынын чечими боюнча жарандарга берилет.
Аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн узартуу төмөнкү учурларда берилет: үй-бүлөлүк шарттары боюнча; билим алуусун улантуу үчүн; ден-соолугунун абалы боюнча; (Алтынчы абзац КР 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) кылмыш иши козголгондугу тууралуу токтом чыгарылган жарандарга - кылмыш-жаза иши (кылмыш-жаза куугунтуктоосу, сотко чейинки өндүрүш токтотулганга жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттук өкүмү (токтому) чыкканга чейин) боюнча акыркы чечим кабыл алынганга чейин.
2. Үй-бүлөлүк шарттары боюнча аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн узартуу төмөнкү жарандарга көрсөтүлөт:
эмгекке жарамдуу эмес ата-энелери же алардын ата-энесинин каза болгондугуна же алардын ата-энелик укугунан ажыраткандыгына, же аларды түзөтүүчү мекемелеринде жазасын өтөө менен эркинен ажыратууга сот тарабынан соттолгондугуна байланыштуу алар эки жылдан кем эмес булардын тарбиялануусунда жана багуусунда болгон адамдар болгондо жана үй-бүлөдө жалгыз бала болсо же I жана II топтун майыбы болгон бир тууган ага-ини же эже-карындаштары болсо. Эмгекке жарамдуу эмес ата-энелер - пенсиялык куракка жеткен же I жана II топтун майыбы болгон ата жана эне болуп саналат; аялы, эки же андан ашык баласы бар болгон, болбосо I жана II топтун майыбы болгон аялы бар болгон; он сегиз жашка чейинки (же болбосо он сегиз жаштан ашкан, бирок I жана II топтогу майып болуп саналган) эки жана андан ашык балдары бар, жалгыз эмгекке жарамдуу энеси (атасы) болуп, колдонуудагы мыйзамга ылайык, алардын энеси (атасы) менен чогуу же өзүнчө жашаганына карабастан, энесин (атасын) багууга милдеттүү болгон эмгекке жарамдуу башка балдары жок болсо; он сегиз жашка чейинки, же болбосо он сегизден улуу болгон бир же андан ашык бир тууган ага-ини жана эже-карындаштары бар болгон, бирок I жана II топтун майыбы болуп саналган жана аларды багуу үчүн алууга алардын башка адамдары жок болгондо; мөөнөттүү аскер кызматын өтөп жаткан бир тууган агасы бар болгон. Үй-бүлөлүк абалы боюнча аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн узартуу жарандарга жыйырма беш жаш курагына толгонго чейин же болбосо мөөнөттүү калтыруу үчүн негиз болгон үй-бүлөлүк абалынын өзгөрүшүнүн убактысы бүткөнгө чейин берилет. (Сегизинчи абзац КР 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Билим алуусун улантуу үчүн аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн узартуу төмөнкүлөргө берилет:
алар окуу жайда биринчи курстан тартып окуп жаткан жана экинчи жогорку билим алып жатпаган шарттарда, лицензиясы же мамлекеттик аккредитациясы (аттестациясы) бар жогорку кесиптик окуу жайларынын күндүзгү окуу формасынын студенттерине жана аспиранттарына; орто кесиптик жана орто жалпы билим берүү окуу жайларынын окуучуларына, аларды бүткөнгө чейин, бирок жыйырма бир жаштан улуу эместерге. Кесиптик жогорку жана орто окуу жайларынан начар жетишкендиги, тартипсиздиги үчүн же соттолгондугуна байланыштуу чыгарылган адамдар, билим алуусун улантуу үчүн кайрадан чакыруу мөөнөтүн узартуу укугунан ажырашат. Ар түрдүү негиздер боюнча жогорку окуу жайларынан мурда чыгарылган жана жогорку окуу жайына кайра калыбына келтирилген же башка окуу жайына өткөн адамдарга, билим алуусун улантуу үчүн аскердик жана альтернативдик кызматтарга чакыруу мөөнөтүн узартуу берилбейт.
4. Ден-соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн узартуу, белгиленген тартипте убактылуу аскердик кызматка жараксыз деп табылган жарандарга алты айлык мөөнөткө чейин берилет.
Эки чакыруунун ичинде ден-соолугунун абалы боюнча чакыруунун мөөнөтүн узартууну алган жарандар, ден-соолугунун абалы боюнча альтернативдик кызматты өтөө укугуна ээ болушат.
5. (КР 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Аскердик же альтернативдик кызматка чакырылуудан мөөнөтүн узартуу укугуна ээ болгон жарандар, алардын каалоосу боюнча арызынын негизинде аскердик же альтернативдик кызматка чакырылышы мүмкүн.
7. Аскердик кызматка чакыруудан бошотуу үчүн негизди жоготкон жарандар, ушул Мыйзамда белгиленген тартипте аскердик же альтернативдик кызматка чакырылууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 , 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
33-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 января 2021 года № 6 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обороны в связи с проводимой судебно-правовой реформой и совершенствованием нормативной правовой базы"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 9 июня 2012 года № 79 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"Редакцияларды салыштыруу
07.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…КР 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
алынып салынды: жазык кошулду: кылмыш иши алынып салынды: жана же болбосо жорук жөнүндө иш боюнча акыркы чечим кабыл алынганга (жазыктык куугунтуктоо, кошулду: козголгондугу тууралуу токтом чыгарылган жарандарга - кылмыш-жаза иши (кылмыш-жаза куугунтуктоосу, сотко чейинки өндүрүш токтотулганга жана мыйзамдуу күчүнө алынып салынды: кирген. кошулду: кирген соттук өкүмү (токтому) алынып салынды: чыкканга) чейин кылмыш жана (же) жорук жасады деп шектелгендиги тууралуу жазуу жүзүндө кабарлама чыгарылган жарандарга.
кошулду: чыкканга чейин) боюнча акыркы чечим кабыл алынганга чейин.
2. Үй-бүлөлүк шарттары боюнча аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн … 9-июнундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6. Аскердик алынып салынды: жана кошулду: же альтернативдик кызматка чакырылуудан мөөнөтүн узартуу укугуна ээ болгон жарандар, алардын каалоосу боюнча арызынын негизинде аскердик кошулду: же альтернативдик кызматка чакырылышы мүмкүн.
7. Аскердик кызматка чакыруудан бошотуу … тартипте аскердик же альтернативдик кызматка чакырылууга тийиш.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 , 2021-жылдын 15-январындагы № алынып салынды: 6 кошулду: 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202536/st-33" title="33-берене - Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>