Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
32-берене. Жарандарды альтернативдик кызматка чакыруу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 7-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 февраля 2026 года № 17
1. (КР 2016-жылдын 30-июлундагы № 158 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
2. Он сегизден жыйырма беш жашка чейинки курактагы чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу укугуна ээ эмес, же болбосо чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтыруу укугунан ажыраган, мөөнөттүү аскер кызматын өтөбөгөн эркек жаран:
төмөнкүлөр альтернативдик кызматка чакырылууга тийиш, эгерде ал:
- ал диний ишеними курал колдонууга жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында кызмат кылууга жол бербеген, каттоого алынган диний уюмдун мүчөсү болуп саналса, же анда Медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жободо каралган ден соолугунун абалы боюнча чектөө даражалары болсо;
- (абзац 4 КР 2017-жылдын 1-декабрындагы № 196 (1) Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- (абзац 5 КР 2017-жылдын 1-декабрындагы № 196 (1) Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
төмөнкүлөр альтернативдик кызмат өтөөгө укугу бар, эгерде ал:
- чакырылып жаткан адамдан тышкары он сегиз жашка чейинки төрт жана андан да көп балдары бар болгон үй-бүлөдөн жана чакырылган адам балдардын улуусу болсо;
- ата-энелеринин бири I же II топтун майыбы болгон үй-бүлөдөн жана чакырылган адам үй-бүлөнүн багуучусу болсо;
- ата-энелеринин бири же ага-иниси (эже-карындашы) аскердик кызмат өтөө мезгилинде, болбосо андан кийин аскердик кызмат өтөө мезгилинде чалдыккан мертинүүгө (жаракат, травма, контузия алуу) жана ооруга байланыштуу майып болуп калса;
- ата-энелеринин бири же ага-иниси (эже-карындашы) аскердик кызмат өтөө мезгилинде, болбосо андан кийин аскердик кызмат өтөө мезгилинде чалдыккан мертинүүгө (жаракат алуу, травма, контузия) жана ооруга байланыштуу өлүп калса (курман болсо);
- аялы жана бир баласы бар болсо;
- ал ата-энеси пенсия курагына жеткен үй-бүлөнүн жалгыз баласы болсо же энеси баатыр эне болуп саналса;
- жалгыз бой эненин (атанын) жалгыз баласы болсо;
- жалгыз бой энесинин (атасынын) багуусунда он сегиз жашка чыга элек (болбосо он сегиз жаштан улуу болгон, бирок I же II топтун майыбы болгон) бир тууганы болуп, үй-бүлөдө башка балдары жок болсо;
- ал атасын жана энесин жоготкон үй-бүлөдөн болсо;
(абзац КР 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- ал аскердик кызматка жарактуу болуп, бирок чакыруу боюнча командага наряд аткарылгандыгына байланыштуу аскер бөлүктөрүнө жөнөтүлбөсө жана коомдук пайдалуу жумушту аткарууга жазуу түрүндө каалоосун билдирсе.
3. Альтернативдик кызматка чакыруу райондук (шаардык) аскер комиссариаттары тарабынан жүргүзүлөт.
Альтернативдик кызматтын мөөнөтү он сегиз айды түзөт. (абзац КР 2012-жылдын 9-июнундагы № 79 Мыйзамынаылайык күчүн жоготту) Жарандардын альтернативдик кызматты өтөөсүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
4. Альтернативдик кызматты өтөө төмөнкүлөрдү карайт:
1) үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча чакырылган, ден соолугунун абалы боюнча чектөө даражасы бар деп таанылган жарандар үчүн - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу өлчөмдө республикалык бюджетке түшүүчү акчалай төгүмдү төлөө;
2) диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө кызмат өтөөгө жол бербеген, катталган диний уюмдун мүчөлөрү болуп саналган жарандар, ошондой эле коомдук пайдалуу жумуштарды аткарууну каалаган жарандар үчүн - кызмат өтөгөн бардык мезгил үчүн 48 саат узактыктагы коомдук пайдалуу жумуштарды аткаруу жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу өлчөмдө республикалык бюджетке түшүүчү акчалай төгүмдү төлөө.
Акчалай төгүмдүн жалпы өлчөмүнүн кеминде алтыдан бир бөлүгү ар бир квартал ичинде төлөнүүгө тийиш. Коомдук пайдалуу жумуштарды аткаруу үчүн альтернативдик кызматтын кызматчылары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына жөнөтүлөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары альтернативдик кызматтын кызматчысына тиешелүү аскер комиссариатына көрсөтүү үчүн алар иштеген сааттардын саны жана аткарылган жумуштар жөнүндө маалым кат берет.
5. Альтернативдик кызматтын кызматчысы тарабынан кызмат мөөнөтү аяктаган учурда ушул Мыйзамда белгиленген акчалай төгүмдөрдү төлөбөгөн же толук эмес төлөгөн учурда, чакыруу комиссиясынын альтернативдик кызматка чакыруу жөнүндө чечими жокко чыгарылат, ал эми альтернативдик кызматтын кызматчысы чакырылуучулардын эсебине өткөрүп берилет. Мында акчалай салымдын төлөнгөн суммасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте кайтарылат.
6. Жаран төмөнкүдөй учурларда альтернативдик кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотулууга жатат:
медициналык-социалдык эксперттик комиссия аны ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адам деп тааныгандыгына байланыштуу; аскердик-врачтык комиссия аны альтернативдик кызмат өтөөгө жарамдуу эмес деп таааныгандыгына байланыштуу; белгиленген төгүмдү толук өлчөмдө төлөгөндүгүнө байланыштуу; (Абзац Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) эгерде ал анча оор эмес, оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолсо.
7. Альтернативдик кызмат аяктагандан жана толук сумманы төлөп бергенден кийин жаран, диний ишеними курал пайдаланууга жана Куралдуу Күчтөрдө Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүмдөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында кызмат кылууга жол бербеген, каттоого алынган диний уюмдун мүчөсүнөн тышкары запаска киргизилет.
Караңыз: КР Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 19-ноябрындагы 10-р чечими
8. Альтернативдик кызматты өтүү укугуна ээ болгон жаран, жазуу түрүндөгү арыздын негизинде ушул Мыйзамда белгиленген тартипте мөөнөттүү аскер кызматына чакырылышы мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-июнундагы № 79, 2015-жылдын 7-августундагы № 221, 2016-жылдын 26-мартындагы № 29, 2016-жылдын 30-июлундагы № 158, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 196 (1), 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164, 2026-жылдын 20-февралындагы № 17 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 20 февраля 2026 года № 17 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о неналоговых доходах, Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 января 2021 года № 6 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обороны в связи с проводимой судебно-правовой реформой и совершенствованием нормативной правовой базы"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 1 декабря 2017 года № 196 (1) "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 июля 2016 года № 158 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 марта 2016 года № 29 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 7 августа 2015 года № 221 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 9 июня 2012 года № 79 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (2)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 18-февралындагы, № 2-р "жаран Данияр Асанович Сарбагишевдын кайрылуусунун негизинде 2013-жылдын 3-августундагы № 182…Сот практикасы · Решение · 18.02.2015 · № 02-р
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 10-р ("Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана…Сот практикасы · Решение · 19.11.2013 · № 10-р
Беренеге цитата келтиргендер (9)
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 10-р ("Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана…Решение · 19.11.2013 · № 10-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-февралындагы № 46-б "Адам укуктары чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө" буйрукуРаспоряжение · 18.02.2020 · № 46-р
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-августундагы №509 "Аскерге милдеттүүлөрдү жана чакырылуучуларды аскердик каттоо жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобоПоложение · 10.08.2009 · № 509
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябры № 545 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү…Постановление · 01.09.2025 · № 545
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 18-февралындагы, № 2-р "жаран Данияр Асанович Сарбагишевдын кайрылуусунун негизинде 2013-жылдын 3-августундагы № 182…Решение · 18.02.2015 · № 02-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 19-июнундагы № 291 (Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик…Распоряжение · 19.06.2023 · № 291
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-марты № 133 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 14.03.2017 · № 133
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-марты № 191 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин альтернативдик кызмат өтөө жана мобилизациялык резервдин…Постановление · 25.03.2026 · № 191
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-мартындагы № 133 токтомуПостановление · 14.03.2018 · № 133
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (7)
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 19-ноябрындагы № 10-р ("Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана…Решение · 19.11.2013 · № 10-р
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү…Закон · 01.12.2017 · № 196(1)
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана…Закон · 09.06.2012 · № 79
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү…Закон · 30.07.2016 · № 158
- Кыргыз Республикасынын коргонуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 07.08.2023 · № 164
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду…Закон · 07.08.2015 · № 221
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү…Закон · 26.03.2016 · № 29
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202536/st-32" title="32-берене - Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>