Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
31-берене. Аскер кызматынан бошонуу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 6-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164
1. Аскер кызматчыларынын бошонуусу төмөнкү негиздер боюнча жүргүзүлөт:
жашы боюнча - аскер кызматында туруусунун чектүү курагына жеткенде; пенсияга укук берген кызматтын мөөнөтү келгенде; чакыруу же контракт боюнча аскер кызматынын мөөнөтү бүткөндүгү боюнча; аскер кызматына жараксыз деп таанылгандыгы жөнүндө аскердик-дарылоо комиссиясынын чечимине байланыштуу ден-соолугунун абалы боюнча; кызматтык ылайык келбегендиги; дискредитация; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аскер наамынан ажыратылса; атайылап жасаган кылмышы үчүн алардын оордугуна жана жазалардын түрлөрүнө карабастан соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде, ошондой эле этиятсыздыктан жасалган кылмышы үчүн аскер кызматчысына коомдон обочолонтуу менен байланышкан жазаны дайындоо жөнүндө соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде; аскердик окуу жайларынан чыгарылганда; Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыраганда; ишенимди жоготууга байланыштуу - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик жана муниципалдык кызмат, ошондой эле коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда.
2. Контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчысы төмөнкү негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
контракттын шарттары ал тарабынан аткарбагандыгына байланыштуу; штаттардын кыскарышы боюнча же башка уюштуруу-штаттык иш-чараларга байланыштуу, эгерде аскер кызматчыны колдонуу мүмкүнчүлүгү жок болсо; (Абзац Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Контракт боюнча аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчысы төмөнкү негиздер боюнча аскер кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошонууга укуктуу:
ага карата контракттын шарттарын маанилүү жана олуттуу түрдө бузуу учурунда; үй-бүлөлүк шарттар боюнча төмөнкүлөрдүн натыйжасында:
- аскер кызматчынын үй-бүлө мүчөсүнүн медициналык көрсөткүчтөрү боюнча аскер кызматчы аскер кызматын өтөп жаткан жерде жашоого мүмкүн эмес болгондугунун жана аскер кызматчыны жаңы аскер кызмат ордуна которууга мүмкүнчүлүк жоктугунун;
- үй-бүлөнүн башка жерге көчүүсүнүн зарылчылыгы менен байланышкан күйөөсүнүн - аскер кызматчынын (аялынын - аял аскер кызматчынын) аскер кызматынын орду өзгөргөндүгүнүн;
- калкты социалдык коргоо органынын корутундусуна ылайык ден-соолугунун абалы боюнча аларды жашаган жери боюнча такай багууга (жардамга, көзөмөлгө) муктаж болгон атасын, энесин, аялын, күйөөсүн, агасын, эжесин, чоң-атасын, чоң-апасын же багып алгандын же биринчи же экинчи топтун майыптарынын же карылыгы боюнча пенсиялык куракка жеткен же он сегиз жашка жетпеген адамдарды такай багуу зарылчылыгынан жана мыйзам боюнча көрсөтүлгөн жарандарды багууга милдеттүү адамдар жок болгондугунун;
- он сегиз жашка жете элек баланы багуу зарылчылыгынан, аны аскер кызматчы энеси жок (атасы) тарбиялап жаткандыгынын;
аскердик-дарылоо комиссиясы тарабынан тынч убакта катардан тышкары аскердик кызматка жарамдуу, согуш мезгилинде аскердик кызматка жарамдуу деп табылганда; Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүктүү органдарына шайланган учурда; соттун кызмат ордуна дайындалганда же шайланганда.
4. Чакыруу боюнча аскер кызматын өтөп жаткан офицердик курамдын аскер кызматчысы ушул Мыйзамдын 33-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи жана үчүнчү абзацтарында каралган шарттар бар болгондо аскер кызматынан мөөнөтүнөн мурун бошонуу укугуна ээ.
5. Каза болгон (курман болгон) аскер кызматчы каза болгон (курман болгон) күндөн баштап, ал эми сот тарабынан дайынсыз жок болгон деп табылган же каза болду деп жарыяланган аскер кызматчы, соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып аскердик бөлүктүн өздүк курамынын тизмесинен чыгарылат. Кийин каза болгон же дайынсыз жок болгон аскер кызматчылары өздүк курамдын тизмесинен аскер кызматчыларын бошотуу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын тиешелүү кызмат адамдарынын буйруктары (өздүк курам боюнча) менен аскердик бөлүктөрдүн командирлеринин (мекемелердин башчыларынын) тийиштүү билдирүүлөрүнүн негизинде себептери көрсөтүлүп чыгарылат. Мында каза болгон (курман болгон) аскер кызматчыларын, дайынсыз жок болгон аскер кызматчыларын, ошондой эле тынчтык убагындагы аскердик аракеттер менен байланыштуу дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларын өздүк курамдын тизмесинен чыгаруу аскер кызматчысынын жоктугу жөнүндө маалымат алынгандан кийин, дайынсыз жок болуунун себептерин жана жагдайларын териштирүүнүн жыйынтыктарынын негизинде үч айдан кеч эмес мөөнөттө жүргүзүлөт.
6. Аскер кызматынан аскер кызматчыларын бошотуу өзгөчө же согуштук абалды киргизүү учурунда, анын аракет кылуу мезгилине токтотулат.
(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 (2), 2020-жылдын 29-июлундагы № 100, 2021-жылдын 15-январындагы № 6, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Караңыз: КР ЖС Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 06-марты № 08-р чечими
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 января 2021 года № 6 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обороны в связи с проводимой судебно-правовой реформой и совершенствованием нормативной правовой базы"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 июля 2020 года № 100 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О всеобщей воинской обязанности граждан Кыргызской Республики, о военной и альтернативной службах", Дисциплинарный устав Вооруженных Сил Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 1 декабря 2017 года № 197 (2) "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с принятием конституционных законов Кыргызской Республики "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О военном положении" от 20 мая 2015 года № 106 и "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики" от 14 июля 2015 года № 163"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
Беренеге цитата келтиргендер (78)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 6-мартындагы"Куланбек уулу Айбектин кайрылуусуна байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын жарандарынын…Решение · 06.03.2019
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 5-августундагы ПЖ № 278 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат…Указ · 05.08.2022 · № 278
- КР Президентинин 2009-жылдын 15-майындагы ПБ № 107 "С.И.Зубов жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 15.05.2009 · № 107
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-февралындагы № 96 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик…Постановление · 26.02.2022 · № 96
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-августундагы № 477 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик…Постановление · 30.08.2022 · № 477
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик…Постановление · 28.02.2023 · № 99
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 424 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик…Постановление · 23.08.2023 · № 424
- КР Президентинин 2010-жылдын 24-июлундагы № 25-п (М.Т.Кошоев жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 24.07.2010 · № 25-П
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 164 "У.Э.Бердикожоев жөнүндө" тескемесиРаспоряжение · 03.04.2023 · № 164
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-февралындагы ПЖ № 34 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат…Указ · 20.02.2024 · № 34
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 9-февралы № 32 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган…Указ · 09.02.2026 · № 32
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 10-июлундагы ПЖ № 294 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат…Указ · 10.07.2021 · № 294
- КР Президентинин 2022-жылдын 17-февралындагы ПЖ № 44 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик…Указ · 17.02.2022 · № 44
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 37 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат…Указ · 24.02.2023 · № 37
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 1-августундагы ПЖ № 182 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат…Указ · 01.08.2023 · № 182
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-февралындагы № 102 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган…Постановление · № 102
- КР Президентинин 2009-жылдын 29-апрелиндеги ПБ № 92 "А.К.Жамалов жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 29.04.2009 · № 92
- КР Президентинин 2009-жылдын 2009-жылдын 29-апрелиндеги № 212 "З.М.Молдошев жөнүндө" жарлыгыУказ · 29.04.2009 · № 212
- КР Президентинин 2011-жылдын 26-июлундагы № 179 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган башка аскердик бөлүктөрүнүн катарынан мөөнөттүү…Указ · 26.07.2011 · № 179
- КР Президентинин 2011-жылдын 8-апрелиндеги ПБ № 49 (А.Ж.Ормокоев жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 08.04.2011 · № 49
78 ичинен 20 көрсөтүлдү.
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (2)
- 2015-жылдын 20-майындагы № 106 "Аскердик абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жана 2015-жылдын 14-июлундагы № 163…Закон · 01.12.2017 · № 197(2)
- Кыргыз Республикасынын коргонуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 07.08.2023 · № 164
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202536/st-31" title="31-берене - Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>