Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
30-берене. Аскер кызматындагы аскер кызматчыларынын чектүү курагы
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 6-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164
1. Офицердик курамдын аскер кызматчыларынын аскердик кызматта болушунун чектүү курагы төмөнкүдөй белгиленет:
капитанга чейин кошо алганда - кырк беш жаш; майорлорго - элүү жаш; подполковниктерге - элүү үч жаш; полковниктерге - элүү беш жаш; генерал-майорлорго - алтымыш жаш; генерал-лейтенанттарга жана андан жогоркуларга - алтымыш беш жаш.
2. Контракт боюнча кызмат өтөп жаткан жоокердик жана сержанттык курамдагылардын, ошондой эле аял-аскер кызматчыларынын (офицерлер жана прапорщиктерден тышкары) аскердик кызматта болушунун чектүү курагы кырк сегиз жашты түзөт.
3. Прапорщиктердин аскердик кызматта болушунун чектүү курагы элүү жаш.
4. Чектүү куракка жеткен аскер кызматчылары ушул Мыйзамга ылайык запаска же отставкага бошотулууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (6)
- КР Президентинин 2009-жылдын 15-майындагы ПБ № 107 "С.И.Зубов жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 15.05.2009 · № 107
- КР Президентинин 2009-жылдын 29-апрелиндеги ПБ № 92 "А.К.Жамалов жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 29.04.2009 · № 92
- КР Президентинин 2014-жылдын 17-апрелиндеги ПБ № 58 (А.Т.Алымкожоев жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 17.04.2014 · № 58
- КР Президентинин 2009-жылдын 2009-жылдын 29-апрелиндеги № 212 "З.М.Молдошев жөнүндө" жарлыгыУказ · 29.04.2009 · № 212
- КР Президентинин 2011-жылдын 8-апрелиндеги ПБ № 49 (А.Ж.Ормокоев жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 08.04.2011 · № 49
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 92 ""Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар…Постановление · 28.07.2021 · № 92
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202536/st-30" title="30-берене - Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>