1-берене
Күчүн жоготкон · 25.11.2009 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Регламенти жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2005-жылдын 18-янва-
ры, № 4-5) төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 6-статьянын 1-бөлүгүнүн 18-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баян-
далсын:
"18) Жогорку Кењештин ишинин жалпы программасынын долбоорлорун иш-
теп чыгуу, Жогорку Кењештин жыйналыштарында кезектеги айда каралууга
жаткан маселелердин календарын түзүү үчүн координациялык кењешме өткө-
рөт;".
2. Мыйзам төмөндөгүдөй мазмундагы 40-1-статья менен толукталсын:
"40-1-статья.
Координациялык кењешме Төрага тарабынан Төраганын орун басарлары-
нын, комитеттердин төрагаларынын жана фракциянын лидерлеринин же коми-
теттердин төрагалары жана фракциянын лидерлери болбогон учурда алардын
орун басарларынын катышуусу менен өткөрүлөт.
Координациялык кењешмеде төмөндөгүдөй маселелер каралат:
1) Жогорку Кењештин ишинин жалпы программасынын долбоорун иштеп
чыгуу;
2) Жогорку Кењештин жыйналыштарында кезектеги айда каралууга жат-
кан маселелердин календарын түзүү;
3) Төраганын, Төраганын орун басарларынын, комитеттердин төрагала-
рынын жана фракциялардын лидерлеринин сунушу боюнча башка маселелер.
Координациялык кењешменин чечими сунуш берүүчү мүнөзгө ээ.".
Берененин тексти 25.11.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөЗакон · 03.01.2005 · № 3 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202523/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>