Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу»мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 25 ноября 2011 года № 223 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-11-25.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары
2009-жылдын 27-апрели № 138
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Регламенти
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
2009-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Регламенти жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2005-жылдын 18-янва-
ры, № 4-5) төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 6-статьянын 1-бөлүгүнүн 18-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баян-
далсын:
"18) Жогорку Кењештин ишинин жалпы программасынын долбоорлорун иш-
теп чыгуу, Жогорку Кењештин жыйналыштарында кезектеги айда каралууга
жаткан маселелердин календарын түзүү үчүн координациялык кењешме өткө-
рөт;".
2. Мыйзам төмөндөгүдөй мазмундагы 40-1-статья менен толукталсын:
"40-1-статья.
Координациялык кењешме Төрага тарабынан Төраганын орун басарлары-
нын, комитеттердин төрагаларынын жана фракциянын лидерлеринин же коми-
теттердин төрагалары жана фракциянын лидерлери болбогон учурда алардын
орун басарларынын катышуусу менен өткөрүлөт.
Координациялык кењешмеде төмөндөгүдөй маселелер каралат:
1) Жогорку Кењештин ишинин жалпы программасынын долбоорун иштеп
чыгуу;
2) Жогорку Кењештин жыйналыштарында кезектеги айда каралууга жат-
кан маселелердин календарын түзүү;
3) Төраганын, Төраганын орун басарларынын, комитеттердин төрагала-
рынын жана фракциялардын лидерлеринин сунушу боюнча башка маселелер.
Координациялык кењешменин чечими сунуш берүүчү мүнөзгө ээ.".
2-берене.
Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөЗакон · 03.01.2005 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндөЗакон · 03.01.2005 · № 3 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон