1-берене
Күчүндө · 30.03.2009 редакциясы
"Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мам-
лекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы,1999-ж.,№ 4, 193-ст.)төмөнкү-
дөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-статья төмөнкүдөй мазмундагы 27 жана 28-пункттар менен толук-
талсын:
"27. Кыймылсыз мүлк бирдигин техникалык текшерүү-имараттардын, ку-
рулмалардын, квартиралардын же башка кыймылсыз мүлктүн, ошондой эле жер
участокторунун иш жүзүндөгү чек араларынын техникалык мүнөздөмөсүн
аныктоо.
28. Техникалык паспорт - кыймылсыз мүлккө техникалык текшерүүнүн
жыйынтыгы боюнча түзүлгөн белгиленген формадагы документ.".
2. 18-статьяда:
1-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Билдирүүчүнүн инсандыгы төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен ырасталат:
- жеке жак үчүн - инсандыгын ырастоочу документ;
- юридикалык жак үчүн-инсандын жана анын өкүлүнүн ыйгарым укугун
ырастоочу документ, ошондой эле юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлү-
гү жана юридикалык жактын уюштуруу документи.";
2-пункттагы "каттоо органынын кызмат көрсөтүү төлөмү жөнүндө кви-
танция" деген сөздөрдөн кийин "жана укук ээсинин өзгөргөндүгү жөнүндө
маалыматты киргизүү үчүн кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык мүнөздө-
мөсүн камтуучу документ";
11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Укуктарды баштапкы мамлекеттик каттоодон өткөрүү 7 жумушчу
күндүн ичинде жүргүзүлөт.
Жергиликтүү каттоо органында укуктары мурда катталган кыймылсыз
мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү 3 жумушчу күндүн ичинде
жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте "укук ээсинин
арызы боюнча укуктарды мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү бир жумушчу күн-
дүн ичинде жүргүзүүгө жол берилет.".
3. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 25-1-статья менен толукталсын:
"25-1-статья. Кыймылсыз мүлк бирдигине техникалык текшерүү
жүргүзүү
1. Кыймылсыз мүлк бирдигине техникалык текшерүү жүргүзүү баштапкы
жана учурдагы текшерүүнү өзүнө камтыйт.
Баштапкы текшерүү жаны түзүлгөн кыймылсыз мүлккө жүргүзүлөт. Баш-
тапкы текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча техникалык паспорт түзүлөт жана кый-
мылсыз мүлктүн укуктуу ээсине берилет.
Учурдагы текшерүү реконструкциялоо, кайра пландоо жана профилдеш-
тирүүнүн натыйжасында имараттардын, курулмалардын, квартиралардын же
башка кыймылсыз мүлктүн техникалык мүнөздөмөсү өзгөргөн учурда укук ээ-
синин арызы боюнча милдеттүү түрдө, ошондой эле укук ээсинин демилгеси
боюнча ыктыярдуу тартипте жүргүзүлөт.
Учурдагы текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча техникалык паспортто тие-
шелүү өзгөртүү чагылдырылат.
2. Кыймылсыз мүлк бирдигине техникалык текшерүүнү кыймылсыз мүлк
бирдигинин жайгашкан жери боюнча жергиликтүү каттоо органдары Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте жүргүзөт.".
Берененин тексти 30.03.2009 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202500/st-1" title="1-берене - Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>