9-берене. Диний уюмдун уставы жана миссиялардын жобосу
Күчүн жоготкон · 21.01.2025 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 21 января 2025 года № 18.
1. Диний уюм же миссия уставына (жобосуна) ылайык иштейт жана Кыргыз Республикасынын күчүндө турган мыйзамдарынын талаптарына жооп бериши керек.
Борбордук башкаруу органдары бар диний уюмдардын, миссиялардын уставдары (жоболору) жогору турган башкаруу органдары менен макулдашылууга тийиш.
2. Диний уюмдардын, миссиялардын уставында (жобосунда) төмөндөгүлөр камтылышы керек:
- диний уюмдун, миссиянын аталышы, жайгашкан жери, түрү жана өзүнүн ишин жүзөгө ашырып жаткан аймак;
- кайсы динди тутканы, предмети жана максаттары, ишинин милдеттери жана негизги формалары;
- диний уюмду жана миссияны түзгөн Уюштуруу кеңешинин жана анын мүчөлөрүнүн уставдык укуктары жана жоопкерчиликтери;
- уюмдун жана анын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери;
- ачуунун жана ишти токтотуунун тартиби;
- уюштуруу түзүмү, анын башкаруу органдары, аларды түзүүнүн тартиби, анын башкаруу органдарынын компетенциясы жана ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү;
- диний уюмдун уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүнүн тартиби;
- уюмдун финансы каражаттарын жана башка мүлкүн топтоочу булактар;
- иши токтотулган учурда мүлккө ээлик кылуунун тартиби.
3. Диний уюмдун, миссиянын уставында (жобосунда) Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана күчүндө турган мыйзамдарына карама-каршы келген нормалар камтылышы мүмкүн эмес.
Берененин тексти 21.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202498/st-9" title="9-берене - Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>