8-берене. Диний уюмдар
Күчүн жоготкон · 21.01.2025 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 21 января 2025 года № 18.
1. Кыргыз Республикасында диний уюмдар деп биргелешип дин тутуу, кудайга табынуу, каадаларды жана аземдерди өткөрүү, диндик агартуу жана өзүлөрүнүн ишин улантуучуларды тарбиялоо максатында түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган Кыргыз Республикасынын жарандарынын ыктыярдуу бирикмелери (диний коомдор, борборлор, диний окуу жайлар, мечиттер, чиркөөлөр, синагогдор, табынуу үйлөрү, монастырлар ж.б.) таанылат.
2. Дин иштери боюнча мамлекеттик органдын эсепке алуу каттоосу жок диний уюмдардын иш-аракетине жана иштешине ушул Мыйзамга ылайык тыюу салынат.
Каттоодон өтпөгөн диний уюмдун атынан ишти жүзөгө ашырган адам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
3. Диний уюм жашы жеткен жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын эки жүздөн кем болбогон жаранынын демилгеси боюнча түзүлөт.
4. Тиешелүү конфессиялардын диний уюмдарынын ишин координациялоо жана багыттоо үчүн алардын борбордук бирдиктүү башкаруу органдары - диний башкармасы, союздары, конференциялары ж.б. (мындан ары - борбордук башкаруу органдары) түзүлсө болот.
Борбордук башкаруу органы Кыргыз Республикасынын кеминде тогуз регионунда (областтар, Бишкек, Ош шаарлары) иш жүргүзгөн тиешелүү конфессиялардын диний уюмдары тарабынан эсепке алуу каттоосунан өткөн уюмдаштыруу чогулушу (курултайы, конференциясы ж.б.) тарабынан түзүлөт. Жетектөөчү борборлору Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарда жайгашкан диний уюмдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген учурларда гана өз ишинде жогору турган борборлордун уставын жетекчиликке ала алышат.
5. Бирдиктүү дин туткан ондон кем эмес диний жамаат болсо, мында жок дегенде булардын бирөө Кыргыз Республикасынын аймагында кеминде он беш жылдан кем эмес өзүнүн иш-аракетин жүргүзсө диний бирикме түзүлөт.
6. Чет өлкөлүк диний уюмунун миссиясы деп, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарда жетектөөчү борборлору же жетектилигинин курамында чет өлкө жарандары бар уюм аталат.
Кыргыз Республикасынын аймагында белгиленген тартипте эсепке алуу каттоосунан өтпөгөн миссиялардын иштешине жол берилбейт. Миссиялар өздүк түзүмүнө ылайык, өзүнүн уставына (жобосуна) жараша өз кызматчыларын тандап алат, дайындайт жана алмаштырат. Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 45-р чечими
Берененин тексти 21.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 45-Р ("Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Решение · 04.09.2014 · № № 45-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 23-июнундагы "Жаран Аскар кызы Жанаранын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык…Постановление · 23.06.2015
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 141 "Адам укуктары чөйрөсүндө БУУнун эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук баяндамалары жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 141 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202498/st-8" title="8-берене - Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>