10-берене. Диний уюмдарды эсептик каттоого алуу
Күчүн жоготкон · 21.01.2025 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 21 января 2025 года № 18.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 21 декабря 2019 года № 140
1. Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген диний уюмдарды жана диний багыттагы объекттерди эсептик каттоого алуу дин иштери боюнча мамлекеттик органдар тарабынан ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
Диний уюм дин иштери боюнча мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү эсептик каттоого алуу (кайра каттоого алуу) жөнүндө күбөлүк берилген учурдан тартып дин ишин жүзөгө ашырууга укук алат.
2. Диний уюмду эсепке алуу үчүн түзүүчүлөр төмөндөгүдөй түзүү документтерин (мамлекеттик жана расмий тилде) тапшырышат:
- эсептик каттоого алуу жөнүндө арызды;
- диний уюмду жана миссияны түзүүнүн демилгечилеринен болуп эсептелишкен жана уставдын алкагында мыйзам алдында жоопкерчиликтүү жарандардын, уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн (алардын фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, жарандыгын, турган жерин, паспортунун номерин жана сериясын, качан жана кайдан берилгендигин көрсөтүү менен) тизмесин.
- төрт нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде түзүлгөн диний уюмдун уставын;
- чогулуштун төрагасы жана катчысы тарабынан кол коюлган уюштуруу чогулушунун (конференциялардын, курултайлардын ж.б.) протоколу;
- динге ишенүүнүн негиздери тууралу жана ага шайкеш келүүчү тажрыйба, анын ичинде диндин келип чыгыш тарыхы тууралу, анын ишинин формалары жана методдору жөнүндө, үй-бүлөгө жана никеге, билим берүүгө мамилеси жөнүндө, ушул динди жактоочулардын ден соолугуна жасалуучу мамиленин өзгөчөлүктөрү, жарандык укуктар жана милдеттерге байланыштуу уюмдун мүчөлөрү жана кызматчылары үчүн чектөөлөр тууралу маалыматтар;
- түзүлүп жаткан диний уюмдун толук аталышы жөнүндө маалымат;
- тиешелүү аймакта түзүлүп жаткан диний уюмдун жайгашкан жерин (юридикалык дарегин) ырастоочу документ (өзүнүн имарат-жайын сатып алуу-сатуу келишими, ижара келишими, имарат-жайды акысыз берүү келишими, расмий кат ж.б.).
3. Диний уюмдарды, ошондой эле миссияларды эсепке алуу каттоосу арыз берилген күндөн тартып отуз күндөн кечиктирилбестен зарыл документтерин тиркөө жана алардын Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында шайкеш келишин текшерүү менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
Дин иштери боюнча мамлекеттик орган кошумча маалыматтарды суратып алууга жана тиешелүү органдардын корутундусун алууга, ошондой эле арыз ээсинин уюмдаштыруу документтерин дин таануучу экспертизага жиберүүгө укуктуу. Мындай учурда арызды кароо дагы бир айга узартылат. Диний уюмдун уставына толуктоолор жана өзгөртүүлөр диний уюмду эсепке алуу каттоосунун тартибинде жана мөөнөтүндө кайра эсепке алуу каттоосунан өткөрүлүүгө тийиш. Диний уюмдардын дин иштери боюнча мамлекеттик органда эсепке алуу каттоосунан баш тартышы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке кириптер кылат.
4. Эсептик каттоого алуунун жыйынтыктары боюнча арыз ээсине белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилет жана диний уюм эсептик каттоого алуу жөнүндө күбөлүк берилген учурдан тартып дин ишин жүзөгө ашырууга укук алат.
5. Диний уюмдарды мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте юстиция органдары тарабынан ишке ашырылат.
(КР 2019-жылдын 21-декабрындагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 45-р чечими
Берененин тексти 21.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 21 декабря 2019 года № 140 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О свободе вероисповедания и религиозных организациях в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
21.12.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…уюштуруу кеңешинин мүчөлөрүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн алынып салынды: жана жергиликтүү кеңеш менен макулдашылган (алардын фамилиясын, атын, атасынын атын, туулган датасын, … аныкталган тартипте юстиция органдары тарабынан ишке ашырылат.
кошулду: (КР 2019-жылдын 21-декабрындагы № 140 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Караңыз:
КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 4-сентябрындагы алынып салынды: N кошулду: № 45-р чечими
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 4-сентябрындагы № 45-Р ("Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Решение · 04.09.2014 · № № 45-р
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2020-жылдын 30-сентябрындагы № 06-р "Аскар кызы Жанаранын кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасында дин…Решение · 30.09.2020 · № 06-р
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202498/st-10" title="10-берене - Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>