21-берене. Диний каадалар, ырым-жырымдар, аземдер
Күчүн жоготкон · 21.01.2025 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 21 января 2025 года № 18.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 15 июня 2011 года № 46
1. Кудайга табынуулар, диний каадалар, ырым-жырымдар жана аземдер табынуу имараттарында, курулуштарында жана аларга таандык аймактарда, зыярат жайларында, көрүстөндөрдө өткөрүлөт.
Диний сыйынууларды жана чогулуштарды өткөрүү үчүн диний уюмдар буга жарактуу жайларды карап-күтүүгө, ошондой эле бул же тигил дин үчүн ыйык деп эсептелген зыярат жайларына камкордук кылууга жана аларды пайдаланууга укуктуу. 1-1. Сауд Аравия Королдугунун аймагындагы ыйык жерлерге Кыргыз Республикасынын жарандарынын зыяратка баруусун (ажы, умра) уюштуруу жана ал үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген тартипте катталган Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгына жүктөлөт.
2. Карылар жана майыптар үйлөрүндө, алдын ала камоо жана жазаны өтөө жайларында диний каадалар, ырым-жырымдар жана аземдер аларда турган жарандардын өтүнүчү боюнча жана администрация бул максат үчүн атайын бөлүп берген жайда өткөрүлөт. Бул мекемелерде турган адамдар тыюу салынбаган диний адабияттарды жана табынуу буюмдарын эгерде бул алардын денсоолугуна зыян келтирбесе жана башка адамдардын укуктарын жана мыйзамдуу мүдөөлөрүн кысмакка албаса, ээлеши, алышы, сатып алышы жана пайдаланышы мүмкүн.
Бул мекемелердин администрациясы дин иштери боюнча мамлекеттик орган менен макулдашып дин кызматчыларын чакырууга көмөк көрсөтөт, диний каадаларды, ырым-жырымдарды жана аземдерди өткөрүүнүн убагын жана башка шарттарын аныктоого катышат.
3. Атайын арналбаган жайларда кудайга сыйынууларды, диний каадаларды, ырым-жырымдарды жана аземдерди, ошондой эле башка массалык иш-чараларды өткөрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлүшү мүмкүн.
4. Диний уюмдар дин тутунгандардан мажбурлап акчалай жыйым чогултууга жана алардан алым алууга, ошондой эле аларга карата адамдын ар-намысына жана аброюна шек келтирген чараларды көрүүгө укуксуз.
5. Мусулмандар үчүн мусулманчылыктын байыркы каадасына - сүннөткө отургузууга жана мусулманчылык адаты боюнча мечитте, үй бүлөдө нике кыюуга, ошондой эле христиандар үчүн крещениеге, жарандык каттоого алуу менен чиркөөдө нике кыюуга жол берилет.
(КР 2011-жылдын 15-июнундагы № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 21.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
21-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 15 июня 2011 года № 46 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики "О свободе вероисповедания и религиозных организациях в Кыргызской Республике""Редакцияларды салыштыруу
15.06.2011 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…сыйынууларды жана чогулуштарды өткөрүү үчүн диний уюмдар алынып салынды: бу-
га кошулду: буга жарактуу жайларды карап-күтүүгө, ошондой эле бул же тигил дин үчүн ыйык деп эсептелген зыярат жайларына камкордук кылууга жана аларды алынып салынды: пай-
даланууга кошулду: пайдаланууга укуктуу.
кошулду: 1-1. Сауд Аравия Королдугунун аймагындагы ыйык жерлерге Кыргыз Республикасынын жарандарынын зыяратка баруусун (ажы, умра) уюштуруу жана ал үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен белгиленген тартипте катталган Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгына жүктөлөт.
2. Карылар жана майыптар үйлөрүндө, алдын ала камоо жана жазаны өтөө жайларында диний каадалар, ырым-жырымдар жана аземдер аларда алынып салынды: тур-
ган кошулду: турган жарандардын өтүнүчү боюнча жана администрация бул максат үчүн алынып салынды: ата-
йын кошулду: атайын бөлүп берген жайда өткөрүлөт. Бул мекемелерде турган адамдар тыюу … денсоолугуна зыян келтирбесе жана башка адамдардын укуктарын жана алынып салынды: мый-
замдуу кошулду: мыйзамдуу мүдөөлөрүн кысмакка албаса, ээлеши, алышы, сатып алышы жана алынып салынды: пай-
даланышы кошулду: пайдаланышы мүмкүн.
Бул мекемелердин администрациясы дин иштери боюнча мамлекеттик алынып салынды: ор-
ган кошулду: орган менен макулдашып дин кызматчыларын чакырууга көмөк көрсөтөт, диний … катышат.
3. Атайын арналбаган жайларда кудайга сыйынууларды, диний алынып салынды: каада-
ларды, кошулду: каадаларды, ырым-жырымдарды жана аземдерди, ошондой эле башка массалык … мүмкүн.
4. Диний уюмдар дин тутунгандардан мажбурлап акчалай жыйым алынып салынды: чогул-
тууга кошулду: чогултууга жана алардан алым алууга, ошондой эле аларга карата адамдын … отургузууга жана мусулманчылык адаты боюнча мечитте, үй бүлөдө нике алынып салынды: кы-
юуга, кошулду: кыюуга, ошондой эле христиандар үчүн крещениеге, жарандык каттоого алуу менен чиркөөдө нике кыюуга жол берилет.
кошулду: (КР 2011-жылдын 15-июнундагы № 46 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2259-V "2011-2012-жылдары Меккеге (ажы, умра) Кыргыз Республикасынын жарандарынын зыяратын уюштуруунун абалы жөнүндө" токтомуПостановление · 29.06.2012 · № 2259-V
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-июлундагы № 419 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Ч. Текебаев демилгелеген «Салттуу диндерди мамлекеттик колдоо жөнүндө» Кыргыз…Постановление · 24.07.2014 · № 419 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 11 ноября 2013 года № 614 "О заключении Правительства Кыргызской Республики на проект Закона Кыргызской Республики "О внесении дополнений в…Постановление · 11.11.2013 · № 614 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202498/st-21" title="21-берене - Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>