22-берене. Диний адабияттар жана диний арналыштагы буюмдар
Күчүн жоготкон · 21.01.2025 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 21 января 2025 года № 18.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 7 декабря 2012 года № 196
1. Диний уюмдар диний адабияттарды, башка басма, аудиовидеоматериалдарды, ошондой эле диний арналыштагы башка буюмдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте чыгарууга, сатып алууга, Кыргыз Республикасынан чыгарып кетүүгө, Кыргыз Республикасына алып келүүгө, сактоого жана жайылтууга укуктуу.
2. Конституциялык түзүлүштү, коомдун адеп-ахлактык негиздерин өзгөртүүгө, диний өгөйлөнүүгө чакырыктар камтылган диний адабияттарды, башка басма, аудиовидеоматериалдарды алып келүүгө, даярдоого, сактоого, ташууга жана жайылтууга тыюу салынат.
3. Дин иштери боюнча мамлекеттик орган диний адабияттарга, башка басма, аудиовидеоматериалдарга дин таануу экспертизасын дайындоого укуктуу.
Диний адабияттар китепкана фондуларына түшкөн учурда мамлекеттик дин таануу экспертизасы милдеттүү түрдө жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган диний уюмдар мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылуулары боюнча басма сөздө, кинофотоаудиовидео продукцияларда жана башка материалдарда диний экстремизмдин элементтери бар экени жөнүндө түшүндүрмө берүүгө укуктуу.
4. Диний уюмдар өздөрүнүн иш-аракеттерин жүзөгө ашырууда өздөрүнүн толук аталыштарын жана конфессиялык тийиштүүлүгүн көрсөтүүгө милдеттүү.
5. Диний уюмдар чыгарган адабияттарда, башка басма, аудиовидеоматериалдарда алардын толук аталышын жана конфессиялык тийиштүүлүгүн камтыган маркировка болушу керек.
6. Диний адабияттарды, диний мазмундагы аудио, видео жана башка материалдарды жайылтуу иши диний уюмдарга менчик укугунда таандык болгон, ошондой эле белгиленген тартипте ушул максатта жергиликтүү мамлекеттик администрациялар бөлүп берген жайларда жүргүзүлүшү мүмкүн.
Диний мүнөздөгү адабияттарды, басма, аудиовидеоматериалдарды коомдук жайларда (көчөлөрдө, сейил бактарда) жайылтууга, квартираларды, балдар мекемелерин, мектептерди жана жогорку окуу жайларды кыдырып таркатууга тыюу салынат.
7. Жарандар жана диний уюмдар өздөрү тандаган тилдеги диний адабияттарды, ошого тете эле диний арналыштагы башка предметтерди жана материалдарды кудайга табынуу жайларында жана атайын дүкөндөрдө гана сатып алууга жана пайдаланууга укуктуу.
8. Диний экстремизмдин, сепаратизмдин жана фундаментализмдин идеяларын камтыган басылмаларды, кинофотоаудиовидео продукцияларды жана башка материалдарды алып келүү, даярдоо, сатып алуу, ташуу, кайра жөнөтүү, сактоо жана таратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
9. Диний экстремизмдин, сепаратизмдин жана фундаментализмдин идеяларын камтыган басылмаларды, кинофотоаудиовидео продукцияларды жана башка материалдарды алып келүүнү, даярдоону, сатып алууну, ташууну, кайра жөнөтүүнү, сактоону жана таратууну контролдоо дин иштери, улуттук коопсуздук жана ички иштер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР 2012-жылдын 7-декабрындагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 21.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 7 декабря 2012 года № 196 "О внесении дополнений и изменения в Закон Кыргызской Республики "О свободе вероисповедания и религиозных организациях в Кыргызской Республике"Редакцияларды салыштыруу
07.12.2012 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Кыргыз Республикасынан чыгарып кетүүгө, Кыргыз Республикасына алып алынып салынды: келүүгө кошулду: келүүгө, сактоого жана жайылтууга укуктуу.
2. Конституциялык түзүлүштү, коомдун … адабияттарды, башка басма, аудиовидеоматериалдарды алып келүүгө, алынып салынды: даярдоого кошулду: даярдоого, сактоого, ташууга жана жайылтууга тыюу салынат.
3. Дин иштери боюнча мамлекеттик орган … мамлекеттик дин таануу экспертизасы милдеттүү түрдө жүргүзүлөт.
кошулду: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган диний уюмдар мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кайрылуулары боюнча басма сөздө, кинофотоаудиовидео продукцияларда жана башка материалдарда диний экстремизмдин элементтери бар экени жөнүндө түшүндүрмө берүүгө укуктуу.
4. Диний уюмдар өздөрүнүн иш-аракеттерин жүзөгө ашырууда өздөрүнүн … кинофотоаудиовидео продукцияларды жана башка материалдарды кошулду: алып келүү, даярдоо, кошулду: сатып алуу, ташуу, кайра жөнөтүү, сактоо жана таратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке алып келет.
кошулду: 9. Диний экстремизмдин, сепаратизмдин жана фундаментализмдин идеяларын камтыган басылмаларды, кинофотоаудиовидео продукцияларды жана башка материалдарды алып келүүнү, даярдоону, сатып алууну, ташууну, кайра жөнөтүүнү, сактоону жана таратууну контролдоо дин иштери, улуттук коопсуздук жана ички иштер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР 2012-жылдын 7-декабрындагы № 196 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 11-январындагы "Жарандар Рита Рахмановна Карасартованын, Омуркул уулу Уландын, Бакыт Раманкулович…Постановление · 11.01.2018
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2017-жылдын 26-сентябрындагы "Арсен Медербекович Байзаковдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун…Постановление · 26.09.2017
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202498/st-22" title="22-берене - Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>