Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Ч. Текебаев демилгелеген «Салттуу диндерди мамлекеттик колдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 24-июлу № 419 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Ч. Текебаев демилгелеген «Салттуу диндерди мамлекеттик колдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Ч. Текебаев демилгелеген «Салттуу диндерди мамлекеттик колдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 24-июлундагы № 419 токтому менен жактырылган
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Ч. Текебаев демилгелеген «Салттуу диндерди мамлекеттик колдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ө.Ч. Текебаев демилгелеген «Салттуу диндерди мамлекет тарабынан колдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып төмөнкүлөрдү билдирет. Мыйзам долбоорунда башкаларына караганда айрым диндердин артыкчылыктуу абалын белгилөө сунушталат. Ошондой эле салттуу диндер катары исламды жана христианчылыкты (православиени) мыйзамдуу түрдө аныктоо сунушталып жана муну менен жогоруда аталган эки диндин башкалардан артыкчылыгы баса белгиленүүдө. Бул болсо диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарына каршы келет. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес, дин жана бардык ырасымдар мамлекеттен ажыратылган, ошондой эле диний бирикмелердин жана дин кызматчыларынын мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынат. Ошондой эле, мыйзам долбоорунун 6-беренесинде республикалык бюджеттен субсидияларды берүү белгиленип жатат. Бирок, «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, эгерде ал мыйзамдарга каршы келбесе, мамлекет диний уюмдардын ишине кийлигишпейт, бир динди же дин тутууну башкалардан кайсы бир жагынан артыкчылыктуу же чек коюлган деп белгилөөжол бербейт, диний уюмдардын ишин жана атеизмди пропагандалоо боюнча ишти каржылабайт. Мыйзам долбоорунун 7-беренесинде каттоо жол-жобосу каралган, анын натыйжасында ар бир адам өзүнүн динге жана диний ишенимдерге карата мамилесин билдирүүгө тийиш. Бирок мындай ченемдер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 32-беренесине каршы келет, ага ылайык эч ким өзүнүн диндик жана башка ишенимдерин билдирүүгө же алардан баш тартууга мажбурланууга тийиш эмес. Андан тышкары, мыйзам долбоорунун 8-беренесинде айрым диндердин (ислам жана христиан (православие) жолдоочуларына акчалай жыймдарды төлөөгө салык салынат, бул төлөмдөрдүн суммасы жана акча каражаттарды кабыл алуучу мамлекет тарабынан белгиленет. Өзгөчө көңүл буруучу нерсе, диний ишеними үчүн акыны чогултуу иши салык кызматынын мамлекеттик органдарына тапшырылат. Ал эми «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 4-бөлүгүндө диний уюмдар дин тутунгандардан мажбурлап акчалай жыйым чогултууга жана алардан алым алууга, ошондой эле аларга карата адамдын ар-намысына жана аброюна шек келтирген чараларды көрүүгө укуксуз деп айтылган. Ошентип, аталган мыйзам долбоору адамдардын, элдердин жана мамлекеттин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу, ырайымдуулук жана кайрымдуулук прнциптерин жарыялоо менен бирге иш жүзүндө дин тутуу белгиси боюнча социалдык теңсиздикти мыйзамдаштырат, бул болсо коомдун айрым бөлүгүнүн басмырланышына алып келет, адамдардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин, диний сезимдерин кысымга алат. Бул социалдык чыңалуунун күчөшүнө алып келиши жана мамлекеттин динимй чөйрөдөгү саясатына жапырт нааразычылыктын чыгышына себеп болушу мүмкүн. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 9-беренесине ылайык эч ким жынысына, расасына, улутуна, тилине, тегине, мүлктүк жана кызмат абалына, курагына, жашаган жерине, динге карата мамилесине, саясий ынанымдарына, коомдук бирикмелерге таандыктыгына же таандык эместигине, ошондой эле кызматкердин иштөө сапатына жана анын ишинин натыйжаларына байланышпаган башка жагдайларга карабастан алардын эмгектик укуктары жана эркиндиктери чектелүүгө же кандайдыр бир артыкчылыктарга ээ болууга мүмкүн эмес. Жогоруда айтылгандарга байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керектигин эске алып, сунушталган мыйзам долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндоЗакон · 31.12.2008 · № 282 · Күчүн жоготкон
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон