Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
16-берене. Жогорку Кеңештин депутатынын мыйзамдуулукту бузууну четтетүүнү талап кылуу укугу
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 27 июля 2016 года № 151
1. Каралган же алардын өндүрүшүндө болгон иштердин маңызы боюнча сотторду жана судьяларды кошпогондо, жарандардын укуктары жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктары бузулган же мыйзамдуулук башкача бузулган учурда депутат мыйзам чыгаруу бийлигинин өкүлү катары укук бузууларды токтотууну талап кылууга, ал эми зарыл болгон учурларда тийиштүү органдарга жана кызмат адамдарына мындай укук бузууларга бөгөт коюу талабы менен кайрылууга акылуу. Укук бузуу фактысы депутаттын талабы боюнча укук коргоо органынын ыйгарым укуктуу өкүлү белгиленген тартипте түзгөн протоколдо белгилениши мүмкүн.
2. Мамлекеттик органдардын кызмат адамдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, ошондой эле депутаттын талабы берилген укук коргоо органдарынын кызматкерлери укук бузууну четтетүү үчүн, ал эми зарыл болгон учурда күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу үчүн токтоосуз чара көрүүгө, кийин ал жөнүндө депутатка маалымат берүүгө милдеттүү. Укук бузууну четтетүү боюнча чара көрүлбөгөн учурда, кызмат адамдары мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартылышат.
3. Жогорку Кеңештин депутаты айкын болгон жарандардын укуктарын жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын бузуулар жана башка укук бузуулар жөнүндө комитеттин, комиссиянын же парламенттик фракциянын жыйналышында маселени кароо сунушун киргизүүгө акылуу.
Караныз: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун конституциялык палатасынын чечими 2014 жылдын 24 сентябрындагы №48-р (КР 2013-жылдын 4-февралындагы № 12, 2015-жылдын 28-июлундагы № 204, 2016-жылдын 27-июлундагы № 151 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 27 июля 2016 года № 151 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере доступа к информации"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 28 июля 2015 года № 204 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 4 февраля 2013 года № 12 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О статусе депутата Жогорку Кенеша Кыргызской Республики""Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202483/st-16" title="16-берене - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>