1-берене
Күчүндө · 01.12.2008 редакциясы
1-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 1-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
"Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-
замына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2001-ж., № 1,
1-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен
толукталсын:
"- ишкердик жүргүзүүнүн шарттарын жакшыртуучу принциптерди мыйзам-
дуу бекитүү.".
2. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-статья менен толукталсын:
"2-1-статья. Ишкердик жүргүзүүнүн шарттарын камсыз кылуунун
негизги принциптери
Ишкердик жүргүзүүнүн шарттарын камсыз кылуунун негизги принциптери
болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- ишкердиктин субъекттеринин ак ниеттүүлүк презумпциясы;
- Кыргыз Республикасынын милдеттүү талаптарды белгилөөчү мыйзамда-
рындагы карама-каршылыктарды, өксүктөрдү жана так эместиктерди мамле-
кеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
ишкердиктин субъекттерине каршы пайдаланышпайт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралгандан башка учурларда
ишкердик субъекттеринин иштерине мамлекеттик органдардын жана жергилик-
түү өз алдынча башкаруу органдарынын кийлигишпестиги, анын ичинде алар-
ды токтотууга жол бербөө;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу ор-
гандарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленбеген төлөмдөр-
дү белгилөөлөрүнө жана алууларына жол бербөө;
- ишкердикке тийиштүү лицензияларды, уруксаттарды жана башка акты-
ларды берүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленбеген до-
кументтерди белгилөө жана талап кылууга жол бербөө;
- ишкердикти жөнгө салуучу иштелип жаткан ченемдик укуктук актылар
жөнүндө ишкердиктин субъекттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген тартипте милдеттүү маалымдоо.".
Берененин тексти 01.12.2008 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202465/st-1" title="1-берене - Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>