Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
92-берене. Бирдиктүү салык декларациясы
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 11-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 21 июля 2016 года № 129
1. Бирдиктүү салык декларациясы салыктык отчет болуп саналат, анын максаты - субъекттин экономикалык иши жөнүндө финансылык жана башка маалымат берүү.
2. Бирдиктүү салык декларациясын төмөнкүлөр түзүүгө жана берүүгө милдеттүү:
1) ата мекендик уюм;
2) туруктуу мекеме түзүү менен Кыргыз Республикасынын аймагында ишин жүргүзүүчү чет өлкөлүк уюмдар;
3) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган жеке жактар;
4) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, бирок Кыргыз Республикасында жашап турууга укугу же кайрылман статусу бар жеке жак;
5) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналбаган, бирок Кыргыз Республикасынын аймагында мүлктүк объекти бар жеке жак.
21. Ушул Кодекстин XIII жана XIV бөлүмдөрүнө ылайык ушул берененин 2-бөлүгүнүн 5-пунктунун максаттары үчүн салык салуунун объекти болуп саналган мүлк мүлктүн объекти деп түшүнүлөт.
3. Жеке жактар бирдиктүү салык декларациясынын төмөнкүдөй түрлөрүнүн бирин беришет:
1) жеке;
2) үй-бүлөлүк.
4. Бирдиктүү салык декларациясында төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) салык салуу объекттери жөнүндө маалымат;
2) субъекттин, анын филиалдарынын, өкүлчүлүктөрүнүн жана башка өзүнчө бөлүкчөлөрүнүн мүлктүк жана финансылык абалы.
5. Субъекттин финансылык абалы жөнүндө маалымат ушул Кодекске жана бухгалтердик эсеп жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөт.
6. Бирдиктүү салык декларациясы календардык жыл үчүн түзүлөт жана:
1) уюмдар тарабынан - отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-мартына чейин;
2) жеке жак тарабынан - отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейин берилет.
7. Бирдиктүү салык декларациясын толтуруу жана берүү формасы, тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
(КР 2016-жылдын 21-июлундагы № 129 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (11)
- "Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын толтуруу тартиби (FORM STI-102)" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014 – жылдын 2-майындагы № 244 токтому менен…Порядок · 02.05.2014 · № 244
- КР Окмотунун 2009-жылдын 15-декабрындагы №766 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам…Постановление · 15.12.2009 · № 766
- Постановление Правительства КР от 30 апреля 2016 года № 228 "Об утверждении форм Единой налоговой декларации и порядка их заполнения"Постановление · 30.04.2016 · № 228 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы №719 "Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.11.2009 · № 719 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 45 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын…Постановление · 22.01.2018 · № 45 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-майындагы № 244 "Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аларды толтуруунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.05.2014 · № 244 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 30-апрелиндеги № 228 токтомуПостановление · 30.04.2016 · № 228
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 45 токтомуПостановление · 22.01.2018 · № 45
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 17.10.2008 · № 231 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июнундагы № 310 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу…Постановление · 14.06.2011 · № 310 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Закон · 21.07.2016 · № 129 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-92" title="92-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>