90-берене. Салык отчетуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 11-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР 21 ноября 2019 года № 130
1. Салык отчетуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө ушул Кодексте белгиленген салыктык милдеттенме боюнча доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде жол берилет.
2. Салык отчетуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү салык мезгили үчүн такталган салык отчетун түзүү аркылуу салык төлөөчү же салык боюнча өкүл тарабынан жүргүзүлөт, ага ушул Кодексте башкача каралбаса, ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор, ошондой эле салык милдеттенмесинин өлчөмүн өзгөртүүнүн сепбептери жөнүндө тиешелүү маалыматтарды берүү кирет.
3. Такталган салык отчету, эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, берилген салык отчетунда операцияларды чагылдырбоо же толук эмес чагылдыруу фактысы, ошондой эле салыктын суммасынын өзгөрүшүнө алып келүүчү каталар табылган учурда берилет.
4. Жерине чыгып салыктык текшерүү жүргүзүү мезгилинин ичинде, текшерилип жаткан мезгил үчүн түзүлгөн салык отчетуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүүгө жол берилбейт.
5. Салык төлөөчүнүн салыктык отчетко өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүсү мындай салык төлөөчүгө салыктык санкцияларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине же Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине ылайык чараларды колдонууга негиз болуп саналбайт.
(КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 255, 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 130 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
90-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 26-ноябрындагы №719 "Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.11.2009 · № 719 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-90" title="90-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>