87-берене. Салык отчетун берүү мөөнөтү
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 11-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР 21 ноября 2019 года № 130
1. Салык отчетун берүү мөөнөтү ушул Кодекстин талаптарына ылайык ар бир салыкка карата өзүнчө белгиленет.
2. Салык отчетун берүүнүн белгиленген мөөнөтүн өзгөртүүгө ушул Кодексте каралган тартипте гана жол берилет.
3. Салык отчетун берүү мөөнөттөрүн бузуу ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп саналат.
4. Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында башкача белгиленбесе, салык отчету төмөнкүдөй мөөнөттөрдө берилет:
1) салыктын алдын ала суммасы боюнча салык отчетун түзүү учурунда - отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен;
2) бир календардык жылга барабар болгон салык мезгили үчүн салык отчетун түзүүдө - отчеттук жылдан кийинки календардык жылдын 1-мартынан кийинки күндөн;
3) бир айга барабар болгон салык мезгили үчүн салык отчетун түзүүдө - отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен;
4) бир кварталга барабар болгон салык мезгили үчүн салык отчетун түзүүдө - отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен;
5) ушул бөлүктүн 1, 2 жана 3-пункттарында каралбаган учурларда салыктык милдеттенме келип чыккан айдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен.
5. Салык төлөөчү өзгөртүлүп кайра түзүлгөн же жоюлган учурда салык отчету өзгөртүп кайра түзүү же жоюу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде берилет.
(КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 255, 2012-жылдын 18-майындагы № 55, 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169, 2015-жылдын 22-майындагы № 115 , 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 130 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
87-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР 21 ноября 2019 года № 130 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 мая 2015 года № 115 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (об упрощении процедур регистрации и ликвидации субъектов предпринимательства)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 октября 2012 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 июля 2009 года № 255 О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики "Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Постановление Правительства КР от 14 июня 2004 года N 435 "О внесении изменений и дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 17 марта 2000 года N 142 "О…Постановление · 14.06.2004 · № 435 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-87" title="87-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>