Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
54-берене. Салыктык купуя сыр
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 февраля 2021 года № 23
1. Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, салык кызматынын органы, Маркалоо оператору же алардын кызмат адамдары салык төлөөчү жөнүндө алган ар кандай маалыматтар салыктык купуя сырды түзөт, буга төмөнкүдөй маалыматтар кирбейт:
1) салык төлөөчүнүн реквизиттери (аталышы же салык төлөөчүнүн аты-жөнү), ошондой эле салык төлөөчүнүн идентификациялык номери жөнүндө;
2) салык төлөөчүнү кошумча нарк салыгын төлөөчү катары каттоо жөнүндө;
3) эсеп-фактуралар, акциз жыйымынын маркалары жана идентификациялоо каражаттары жөнүндө;
4) салык төлөөчү мойнуна алган салык карызынын суммасы жөнүндө;
5) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын салык төлөөчүнүн бузгандыктары жана мындай бузгандыктар үчүн соттун күчүнө кирген чечими менен белгиленген же болбосо салык төлөөчү мойнуна алган жоопкерчилик чаралары жөнүндө;
6) юридикалык жактар тарабынан иш жүзүндө мамлекеттик бюджеттин пайдасына жүргүзүлгөн салыктык төлөмдөр жөнүндө.
2. Салыктык купуя сыр маалыматтарын төмөнкүлөргө берген учурларды кошпогондо, салык кызматынын органдары, алардын кызмат адамдары тарабынан ачыкка чыгарылууга тийиш эмес:
1) өздөрүнүн ушул Кодексте же Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган милдеттерин аткаруунун жүрүшүндө же аткаруу максатында салык кызматынын органдарынын, бажы органдарынын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башка кызмат адамдарына;
2) салыктык укук бузуулардын фактысы боюнча кылмыш иши козголгон салык төлөөчүгө карата гана укук сактоо органдарына;
3) салыктык укук бузуулар үчүн салык төлөөчүнүн жоопкерчилигин же анын салыктык карыздарын белгилөө боюнча соттук териштирүүнүн жүрүшүндө сотко;
4) банкроттук процесси козголгон же банкроттук процессин козгоо жөнүндө чечим чыгарылган субъекттер боюнча банкроттук жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды ишке ашыруу максатында банкроттук жөнүндө иштер боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга, администраторго (убактылуу администраторго, атайын администраторго, консерваторго, тышкы башкаруучуга);
5) мамлекеттик кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мүлкү жана кирешелери жөнүндө декларация берүүгө милдеттүү адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
6) алардын иш-аракетин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына, Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органына;
7) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, салык жана укук сактоо органдарынын ортосундагы өз ара кызматташтык жөнүндө эл аралык келишимдерге ылайык башка мамлекеттердин салык жана укук коргоо органдарына;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган статистикалык ишти жүзөгө ашыруу максатында мамлекеттик статистика органдарына.
9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык квалификациялуу юридикалык жардам үчүн кайрылган адамдарга карата мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына.
21. Маркалоо оператору салыктык купуя сырды камтыган маалыматтарды салык кызматынын органдарына гана берет.
3. Ушул берененин 2-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, салык төлөөчүгө карата салыктык купуя сырды түзүүчү маалыматтарды салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу менен башка жакка ачууга мүмкүн.
4. Салыктык купуя сырды ачыкка чыгаруу деп салык төлөөчү жөнүндө ушул Кодексте каралган учурлардан тышкары мамлекеттик органдардын кызмат адамдарына жана Маркалоо операторуна өз милдеттерин аткаруу учурунда белгилүү болгон маалыматты пайдалануу же башка субъектке берүү саналат.
5. Салык кызматынын органына жана Маркалоо операторуна түшкөн, салыктык купуя сырды түзгөн маалыматтар сактоонун жана жеткиликтүүлүктүн атайын режиминде болууга тийиш, ал салык кызматынын органынын жетекчисинин жазуу жүзүндөгү чечими менен аныкталат.
6. Салыктык купуя сырды түзүүчү маалыматтарга салык кызматынын органынын жетекчисинин жана Маркалоо операторунун жазуу жүзүндөгү чечими менен аныкталуучу кызмат адамы жеткиликтүү болушу керек. Бул кызмат адамдарынын жеткиликтүүлүккө укугу салык текшерүүсүн жүргүзүүдөгү көрсөтмөкатта да көрсөтүлөт.
7. Салык кызматынын органдары, Маркалоо оператору жана алардын кызмат адамдары, ошондой эле мурда салык кызмат органдарынын кызмат адамдары болуп саналган адамдар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда салык төлөөчүгө карата алган ар кандай маалыматтарды жашыруун сактоого милдеттүү.
8. Салыктык купуя сырды түзүүчү маалыматтарды ачыкка чыгаргандык үчүн купуя сыр кесиптик же кызматтык иш-аракетине байланыштуу белгилүү болгон адам салык төлөөчүгө келген зыянды толук төлөп берүүгө, ошондой эле башка компенсацияны төлөп берүүгө милдеттүү.
Салыктык купуя сырды түзгөн маалыматтарды мыйзамсыз алуу зыянга алып келген учурда, бул маалыматтарды мыйзамсыз алган адам салык төлөөчүгө келген зыянды толук төлөп берүүгө, ошондой эле башка компенсацияны төлөп берүүгө милдеттүү. Салыктык купуя сырды түзгөн маалыматтарды мыйзамсыз алуу зыянга алып келбеген учурда Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келет.
9. Салык кызматынын органдарынан жана Маркалоо операторунан салыктык купуя сырды түзүүчү маалыматтарды жана документтерди ушул беренеде каралган учурлардан тышкары талап кылууга мамлекеттик органдарга тыюу салынат.
10. Мамлекеттик органдардын жана Маркалоо операторунун ушул берененин 9-бөлүгүнүн талаптарын бузган кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
(КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167, 2015-жылдын 22-майындагы № 115, 2015-жылдын 8-июнундагы № 124, 2018-жылдын 6-августундагы № 88 , 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 130, 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44, 2021-жылдын 26-февралындагы № 23 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 26 февраля 2021 года № 23 "О внесении изменения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР 21 ноября 2019 года № 130 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- ЗАКОН КР от 6 августа 2018 года N 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам противодействия финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 июня 2015 года № 124 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 мая 2015 года № 115 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (об упрощении процедур регистрации и ликвидации субъектов предпринимательства)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 декабря 2014 года № 167 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-ноябрындагы № 623 "«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндө) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз…Постановление · 25.11.2016 · № 623
- "Салык отчетун электрондук түрдө электрондук санариптик кол тамгасыз берүүнүн тартиби жөнүндө" жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-августундагы № 453 токтому…Положение · 06.08.2013 · № 453 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-54" title="54-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>