369-берене. Контракт ыкмасы менен салыктык милдеттенмелерди аткарууга өтүү тартиби
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 56-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44
1. Контрактты кайра түзүүгө ниеттенген турак жай куруучуларды кошпогондо, салык төлөөчү салыктык контракттын негизинде салык төлөөчү катары тиешелүү контракт түзүлгөн же кайра түзүлгөн жылдын алдындагы жылдын 1-ноябрынан кийинки күндөн кечиктирбестен салык кызматынын органына арыз берүүгө милдеттүү.
Ишти 3 айдан ашык жүзөгө ашырган коомдук тамактануу жана курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүнүн субъекттери кайсы айда болбосун салык контрагын түзүүгө укуктуу.
2. Контракттын негизинде салыктык милдеттенмелерин аткаруу жөнүндө арыз салыктык катталган жери боюнча салык органына берилет.
Арызда төмөнкүдөй маалыматтар көрсөтүлүүгө тийиш:
1) салык төлөөчүнүн аталышы;
2) салык төлөөчүнүн юридикалык дареги;
3) идентификациялык салык номери;
4) финансылык ишинин натыйжалары;
5) (КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6) контракт үчүн базалык көрсөткүчтөр.
3. Салык төлөөчүнүн контракттын негизинде режимди колдонуу мүмкүнчүлүгү же аны колдонуудан жүйөлүү баш тартуу жөнүндөгү чечими арыз берген күндөн кийинки күндөн тартып 15 күндүн ичинде салык органы тарабынан чыгарылат.
Салык төлөөчү салык контрактынын негизинде режимди колдонуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечим кабыл алган учурда салык органы Ыйгарым укуктуу салык органынын макулдугу боюнча салык төлөөчү менен чечим кабыл алган күндөн кийинки күндөн тартып 15 жумушчу күндүн ичинде контракт түзөт. Салык органдары менен салыштыруу актысына ылайык салык милдеттемелерин ар жыл сайын тактоо менен турак-жай курулмаларынын ар бир объекти боюнча өзүнчө ырааттуу 36 айдан ашпаган мөөнөткө турак-жайларды куруучулар менен контракт түзүлөт. Контракт Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген форма боюнча бир календарлык жылга түзүлөт жана жыл сайын кайра түзүлүшү мүмкүн. Контрактты кайра түзүү ушул берененин жоболоруна ылайык жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү контракттын негизинде режимди колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн баш тартууга же ыйгарым укуктуу салык органы белгилеген тартипте контрактам кайра түзүүгө, токтото турууга, бузууга төмөнкү учурларда укуктуу:
1) ушул главада белгиленген шарттарга туура келбегенде;
2) контрактта каралган шарттарга туура келбегенде;
3) салык салуудан качууга өбөлгөлөр бар шарттар болгондо;
4) ал жеткис күчтүн жагдайлары пайда болгондо.
4. Контракттын суммасына киргизилген салыктар боюнча контракттын колдонулуу мезгилинде утурлама текшерүүнү кошпогондо көчмө салыктык текшерүү жүргүзүлбөйт. Салыктык контролдоонун калган формалары ушул Кодекске ылайык жүргүзүлөт.
5. Салык төлөөчүнү кайра уюштурууда контракттын колдонулушу токтотулат.
6. Турак-жай куруучулар календардык жыл ичинде контракттын негизинде салык төлөөнүн режимин колдонууга, ошондой эле контракт түзүүгө жана кайра түзүүгө укуктуу.
(КР 2012-жылдын 18-майындагы № 55, 2013-жылдын 3-августундагы № 184, 2015-жылдын 24-январындагы № 25, 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 33, 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
369-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 апреля 2020 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам стабилизации социально-экономической ситуации в связи с обстоятельствами непреодолимой силы"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 января 2015 года № 25 "О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 3 августа 2013 года № 184 "О внесении изменения и дополнения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 мая 2012 года № 55 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
18.04.2020 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…ыкмасы менен салыктык милдеттенмелерди аткарууга өтүү тартиби
1. алынып салынды: Контракттын же контракты кошулду: Контрактты кайра алынып салынды: түзүүнүн негизинде кошулду: түзүүгө ниеттенген турак жай куруучуларды кошпогондо, салык алынып салынды: төлөө режимин колдонууга ниеттенген салык төлөөчү, турак-жайларды куруучуларды копшогондо, салык контрагынын кошулду: төлөөчү салыктык контракттын негизинде салык төлөөчү катары алынып салынды: салык кызматынын органына тиешелүүлүгүнө жараша, кошулду: тиешелүү контракт түзүлгөн же кайра түзүлгөн жылдын алдындагы жылдын 1-ноябрынан кийинки күндөн кечиктирбестен кошулду: салык кызматынын органына арыз берүүгө милдеттүү.
Ишти 3 айдан ашык жүзөгө ашырган коомдук … идентификациялык салык номери;
4) финансылык ишинин натыйжалары;
5) алынып салынды: мурунку үч жыл үчүн салыктык милдеттенмелеринин өлчөмдөрү;
кошулду: (КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6) контракт үчүн базалык көрсөткүчтөр.
3. Салык төлөөчүнүн … № 184, 2015-жылдын 24-январындагы № 25, 2020-жылдын 3-апрелиндеги № алынып салынды: 33 кошулду: 33, 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 199 "Салыктык текшерүүлөргө мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 11.04.2016 · № 199
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Отчеттордун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, салыктарды жана салыктык эмес кирешелерди башкаруу боюнча маалыматтардын…Постановление · 16.03.2011 · № 109 · Күчүн жоготкон
- Приказ Госкомналогов КР от 1 декабря 2008 года № 123 "Об утверждении положений, и форм налоговых отчетностей"Приказ · 01.12.2008 · № 123 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 456 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун…Постановление · 07.07.2015 · № 456 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-369" title="369-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>