Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
342-берене. Жер салыгын төлөөчү мөөнөт жана орду
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 50-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 мая 2012 года № 55
1. Айыл чарба жерлери боюнча жер салыгы өтүп жаткан жылдын 25-апрелинен кийинки күндөн кечиктирбестен 20 пайыз өлчөмүндө, 25-августунан кийинки күндөн кечиктирбестен 25 пайыз өлчөмүндө жана 25-ноябрынан кийинки күндөн кечиктирбестен 55 пайыз өлчөмүндө төлөнөт.
2. Шаар жана айыл жерлериндеги жарандарга берилген үй жанындагы, короо жай-багбанчылык участокторун пайдалануу укугу үчүн жер салыгынын жылдык суммасы өтүп жаткан жылдын 1-сентябрынан кийин күндөн кечиктирбестен төлөнөт.
Салык органынын салыктык мезгил үчүн жер салыгынын суммасы эсептелгени жөнүндө билдирүүсү салык төлөөчүгө салыкты төлөөнүн белгиленген мөөнөтүнөн кечиктирбестен тапшырылат. Билдирүүдө салыкты төлөөнүн ушул бөлүктө белгиленген мөөнөтү көрсөтүлөт. Билдирүүнү албагандык салык төлөөчүнүн жер салыгы боюнча милдеттенмени аткарбашына негиз болбойт.
3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлбөгөн жер салыгын төлөөчүлөр жер салыгын ар квартал сайын, өтүп жаткан кварталдын биринчи айынын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен бирдей бөлүктөрдө төлөшөт.
4. Жер салыгы жер участогу эсептик каттоого алынган жер боюнча, ал эми Бишкек шаарынын чегинде - салык төлөөчү салыктык катталган жер боюнча төлөнөт.
5. Банк мекемелери жок, алыскы жана жетүүгө кыйын калктуу пункттарда жеке жактын салык органына жер салыгынын суммасын төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүргүзүлсө болот.
6. Жер участогуна ээлик кылуунун жана (же) пайдалануунун иш жүзүндөгү мезгилинде ушул укукту өткөрүп берген адам тарабынан төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасы укуктар мамлекеттик каттоодон өткөнгө чейин же каттаган мезгилде бюджетке төгүлүүгө тийиш. Мында жер салыгынын баштапкы төлөөчүсү өтүп жаткан жылдын 1-январынан тартып ал жер участогун өткөрүп берген айга чейин эсептелген салыктын суммасын төлөйт.
Жер салыгын кийинки төлөөчү жер участогуна өзүнүн укугу пайда болгон айдан тартып эсептелген мезгил үчүн жер салыгынын суммасын төлөйт. Жер участогуна болгон укукту мамлекеттик каттоодо салыктын жылдык суммасы бюджетке тараптардын бири тарабынан макулдашуу боюнча төгүлүшү мүмкүн. Андан кийин жер участогуна болгон укукту мамлекеттик каттоо учурунда төлөнгөн салыктын суммасы экинчи жолу төлөнбөйт. Жер салыгы ушул берененин талаптарына ылайык жер участогуна менчик же пайдалануу укугу мамлекеттик каттоого алынганга чейин же катталып жатканда төлөнбөгөн учурда укуктарды өткөрүп берүү ишке ашырылган толук салык мезгили үчүн жер салыгын төлөө боюнча милдеттенме кийинки салык төлөөчүгө жүктөлөт.
7. Ушул берененин 1 жана 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн салык төлөөчүлөр жер салыгы боюнча информациялык эсептөөнү өтүп жаткан жылдын 1-февралынан кийинки күндөн кечиктирбестен беришет.
(КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 255, 2012-жылдын 18-майындагы № 55 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (8)
- КР УӨ 2010-жылдын 30-сентябры № 132 "Салык салуунун айрым объекттери боюнча мүлк салыгын жана жер салыгын төлөө мөөнөтүн кайрадан карап чыгуу жөнүндө" ДекретиДекрет · 30.09.2010 · № 132
- Нариман айылдык кеңешинин 2012-жылды 16-январындагы №26/1"Нариман айыл өкмөтүнүн аймагында жер салыгын жана 1,2,3-группадагы мүлк салыгын колдонууга киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.03.2012 · № 26/1
- "Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын толтуруу тартиби (FORM STI-102)" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014 – жылдын 2-майындагы № 244 токтому менен…Порядок · 02.05.2014 · № 244
- Постановление Правительства КР от 30 апреля 2016 года № 228 "Об утверждении форм Единой налоговой декларации и порядка их заполнения"Постановление · 30.04.2016 · № 228 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 18-мартындагы № 129 "2015-2017-жылдары Кыргыз Республикасында жеке секторду өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын бекитүү…Постановление · 18.03.2015 · № 129 · Күчүн жоготкон
- "Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын толтуруу тартиби (FORM STI – 100)" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014 – жылдын 2-майындагы № 244 токтому…Порядок · 02.05.2014 · № 244 · Күчүн жоготкон
- "Уюмдун бирдиктүү салык декларациясын толтуруу тартиби (FORM STI-101)" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-майындагы № 244 токтому менен бекитилгенПорядок · 02.05.2014 · № 244 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнунун № 393 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 11.06.2012 · № 393 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-342" title="342-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>