341-берене. Жер салыгынын суммасын эсептөө
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 50-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 января 2014 года № 13
1. Жер салыгын эсептөө төмөнкүдөй жүргүзүлөт.
1) айыл чарба багытындагы жерлер төмөнкүдөй формула боюнча:
Н = С х П х Ки, мында: Н - жер салыгынын суммасы, С - жер салыгынын ушул Кодекстин 337 жана 338-беренелеринде белгиленген ставкасы, П - жер участогунун аянты, га/кв.м, Ки - инфляция коэффициенти.
2) калктуу конуштардын жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
Н = С х П х Ки х Кз х Кк, мында: Н - жер салыгынын суммасы, С - жер салыгынын ставкасы, П - жер участоктун аянты, кв.м, Ки - инфляциянын коэффициенти, Кз жана Кк - ушул Кодекстин 339-берене менен белгиленген коэффициенттер.
3) үйдүн жанындагы, короо жай жана багбанчылык-огород участоктор үчүн төмөнкүдөй формула боюнча:
Н = С х П х Кз, мында Н - жер салыгынын суммасы, С - жер салыгынын ставкасы, П - жер участогунун аянты, кв.м, Кз - ушул Кодекстин 339-беренесинин 4-бөлүгү каралган тартипте белгиленген зоналык коэффициент.
2. Эгерде тийиштүү коэффициент белгиленбесе, ал 1,0 менен кабыл алынат.
3. Инфляциянын коэффициентин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жыл сайын өтүп жаткан жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен өткөн жылдагы факты боюнча бекитет. Инфляциянын коэффициенти белгиленбеген учурда ал өткөн жылдын коэффициентине барабар деп кабыл алынат.
4. Уюм, жеке ишкер, ошондой эле дыйкан же фермердик чарба төлөөгө тийиш болгон жер салыгын эсептөө алар тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык өз алдынча жүргүзүлөт.
5. Жеке адамдардын үй жанындагы жер, короо жай жана багбанчылык участоктору боюнча жер салыгынын суммасын, жеке ишкерлердин ишкердик жүргүзүү үчүн пайдаланган жерлериникинен башкасын эсептөө милдети жер участогу жайгашкан жердеги салык органына жүктөлөт.
6. Эгер бул главада башкача каралбаса жана жер салыгы боюнча салыктык милдеттенме календарлык жылга жетпеген мезгилдин ичинде жарактуу болсо, жер салыгынын суммасы ошол милдеттенме жарактуу болгон айлардын санына пропорциялуу эсептелет.
7. Эгер жер участогунда Кк коммерциялык пайдалануунун ар кандай коэффициенттери колдонулган курулуштар болсо, ал курулуштардын ар бирине тиешелүү жер участокторунун үлүштөрү же алардын бөлүгү алар курулган аянттарга пропорциялуу аныкталат.
(КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 255, 2010-жылдын 10-февралындагы № 25, 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169, 2014-жылдын 18-январындагы № 13 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
341-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 января 2014 года № 13 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 октября 2012 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 10 февраля 2010 года № 25 О внесении изменений и дополнения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики и Закон Кыргызской Республики "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 июля 2009 года № 255 О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики "Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- Шопоков шаардык кеңешинин 2020-жылдын 04-сентябрындагы № 159 "Шопоков шаарынын мэриясынын кайрылуусу боюнча" токтомуПостановление · 04.09.2020 · № 159
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 31-мартындагы № 189 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 341- беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 31.03.2014 · № 189 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 25 апрелиндеги № 214 токтомуПостановление · 25.04.2016 · № 214
Берене шилтеме берет
- 337-берене
- 338-берене
- 339-берене. Жер салыгынын суммасын эсептөө
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-341" title="341-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>