282-12-берене. Евразиялык экономикалык бирлигинде берилген сырьену кайра иштетүү боюнча жумуштарга салык салуу
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 40-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
1. Кайра иштетилүүчү продукттарды башка мамлекеттин аймагына кийинки ташып кетүү менен Евразиялык экономикалык бирлигине башка мүчө - мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген иштетүүгө берилген сырьену кайра иштетүү боюнча жумуштарга ушул берененин 7-бөлүгүндө жана ушул Кодекстин 282-13-беренесинде каралган товарларды кайра иштетүүнүн шарттарын жана иштетүүгө берилген сырьену кайра иштетүү мөөнөттөрүн сактоодо КНС нөлдүк ставка боюнча салынат.
2. Кайра иштетилүүчү продуктыларды Евразиялык экономикалык бирлигине ошол эле мүчө - мамлекеттин аймагына кийин ташып чыгуу менен Евразиялык экономикалык бирлигине мүчө - мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген кайра иштетүүгө берилген сырьену иштетүү боюнча жумуштардын Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан аткарылганын ырастаган документтердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3. Кайра иштетилүүчү продуктыларды Евразиялык экономикалык бирлигине башка мүчө мамлекеттин аймагына кийин ташып чыгуу менен, Евразиялык экономикалык бирлигине бир мүчө - мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген кайра иштетүүгө берилген сырьену иштетүү боюнча Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан жумуштардын аткарылган фактысын ырастаган документтердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
4. Кайра иштетилүүчү продуктыларды Евразиялык экономикалык бирлигине мүчө болуп саналбаган мамлекеттин аймагына кийин ташып келүү менен, Евразиялык экономикалык бирлигине бир мүчө - мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген кайра иштетүүгө берилген сырьену иштетүү боюнча жумуштардын Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан аткарылган фактысын ырастаган документтердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
5. Кайра иштетилүүчү продуктыларды Кыргыз Республикасынын аймагында кийин беримдерди жүргүзүү менен, Евразиялык экономикалык бирлигине башка мүчө - мамлекеттин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген иштетүүгө берилген сырьену кайра иштетүү боюнча жумуштарга ушул Кодекстин 227-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген ставка боюнча КНС салынат.
6. Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсү тарабынан кайра иштетүүгө берилген сырьену ташып келүү (ташып кетүү) ишке ашырылган учурда кайра иштетүү продукттарын ташып келүү (ташып кетүү) милдеттенмеси, ошондой эле анын аткарылышы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипте берилет.
Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-июлундагы № 533 "Кыргыз Республикасында иштетип алма чийки затты (товарларды) кайра иштетүүнүн шарттарын жана кайра иштетүү продуктуларын ташып кирүү (ташып чыгуу) жөнүндө милдеттенмелерди берүүнүн жана аларды аткаруунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
7. Иштетүүгө берилген сырьену кайра иштетүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген товарларды кайра иштетүүнүн шарттарына ылайык келиши керек.
8. Товарларды кайра иштетүү шарттары тууралуу тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу төмөнкүдөй маалыматтарды камтышы керек:
1) тышкы экономикалык иштин бирдиктүү товардык номенклатурасына ылайык товарлардын жана кайра иштетилүүчү продуктылардын аталыштары, классификациясы, алардын саны жана наркы;
2) кайра иштетүүгө келишимдин (макулдашуунун) датасы жана номери, кайра иштетүү мөөнөтү;
3) кайра иштетилүүчү продуктылардын чыккан нормалары;
4) кайра иштетүүнүн мүнөзү;
5) кайра иштетүүнү ишке ашырган жак жөнүндө маалымат.
(КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167, 2019-жылдын 29-мартындагы № 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
282-12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасында кайра иштетүү продуктуларын ташып кирүү (ташып чыгуу) жөнүндө милдеттенмелерди берүүнүн жана аларды аткаруунун Тартиби (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Порядок · 27.07.2015 · № 533
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-июлундагы № 533 "Кыргыз Республикасында иштетип алма чийки затты (товарларды) кайра иштетүүнүн шарттарын жана кайра иштетүү продуктуларын ташып кирүү…Постановление · 27.07.2015 · № 533 · Күчүн жоготкон
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-июлундагы № 533 "Кыргыз Республикасында иштетип алма чийки затты (товарларды) кайра иштетүүнүн шарттарын жана кайра иштетүү продуктуларын ташып кирүү…Постановление · 27.07.2015 · № 533 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-282-12" title="282-12-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>