282-11-берене. Евразиялык экономикалык бирлигинде эл аралык ташууларга салык салуу
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 40-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
1. Ушул беренеде башкача белгиленбесе, Евразиялык экономикалык бирлигинде эл аралык ташууларга салык салуу ушул Кодекстин 262-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
2. Евразиялык экономикалык бирлигинде магистралдык өткөрмө түтүктөрдүн тутуму боюнча экспорттолуучу же импорттолуучу товарларды ташуу, эгерде ташууларды жол-жоболоштуруу экспорттолуучу же импорттолуучу товарларды Евразиялык экономикалык бирлигинин аймагындагы сатып алуучуга чейин көрсөтүлгөн товарларды андан аркы жеткирүүнү ишке ашырган сатып алуучуга же башка адамдарга өткөрүп берилүүсүн тастыктаган документтер менен ишке ашырылса, эл аралык деп эсептелет.
3. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн максаттары үчүн тастыкталуучу документтердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
4. Евразиялык экономикалык бирлигине бир мүчө - мамлекеттин аймагынан Евразиялык экономикалык бирлигинин ушул эле же Евразиялык экономикалык бирлигине башка мүчө - мамлекеттин аймагына Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу магистралдык өткөрмө түтүктөрдүн тутуму боюнча жүктөрдү эл аралык ташууну ырастаган документтердин тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
(КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167, 2019-жылдын 29-мартындагы № 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
282-11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-282-11" title="282-11-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>