223-берене. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышта болбогон Кыргыз Республикасындагы киреше булактан алган чет өлкөлүк уюмдун кирешелерине салынуучу салыкты кармап калуунун тартиби жана анын ставкасы
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 34-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 3 августа 2020 года № 113
1. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышта болбогон чет өлкөлүк уюм тарабынан Кыргыз Республикасындагы булактардан алынган кирешелер, эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, салык агенттери тарабынан киреше булагында чыгарып салууларды жүзөгө ашырбастан төмөндөгүдөй ставкалар боюнча салык салынат:
1) дивиденддер жана пайыздык кирешелер - листингдин эң жогорку жана эң жогоркудан кийинки категориялар боюнча Кыргыз Республикасынын фондулук биржасынын листингиндеги баалуу кагаздардан алынган пайыздык кирешелерден тышкары 10 пайыз;
2) алынган камсыздандыруу төлөмдөрү:
а) камсыздандыруу же тобокелдерди кайра камсыздандыруу келишимдери боюнча милдеттүү камсыздандыруу боюнча кирешелерди кошпогондо - 5 пайыз;
б) милдеттүү камсыздандыруу келишимдери боюнча же тобокелдерди кайра камсыздандыруу боюнча - 10 пайыз;
3) автордук гонорарлар, роялти - 10 пайыз;
4) жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр - 10 пайыз;
5) Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин ортосундагы эл арылык байланыштарда жана ташууларда телекоммуникациялык же транспорттук кызмат көрсөтүүлөр - 5 пайыз.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары же аймагында жайгашкан пункттардын ортосунда гана жүзөгө ашырылган учурларды кошпогондо, деңиз, суу же аба кемелери, автотранспорт каражаттары же темир жол транспорттору менен кандай гана болбосун ташуулар Кыргыз Республикасы менен башка мамлекеттердин ортосундагы ташуулар деп түшүнүлөт.
2. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышта болбогон Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет өлкөлүк уюм тарабынан аткарылган жана көрсөтүлгөн жумуштар жана кызматтар боюнча кирешелер ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ставкалар боюнча чыгарып салууларды жүзөгө ашыруусуз салык агенттери тарабынан төлөм булагынан салык алынууга жатат.
3. Накталай жана/же накталай эмес формада акчаны, баалуу кагаздарды, катышуу үлүшүн, товарларды, мүлктү которуу, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу, Кыргыз Республикасындагы булактан алынган кирешени төлөө боюнча резидент эместин алдындагы карызды жабуунун эсебине жүргүзүлүүчү резидент эместин - киреше алуучунун карызын жоюу же талабын эсепке алуу кирешелерди төлөө деп түшүнүлөт.
Дивиденддерди төлөбөстөн, салык төлөөчү тарабынан уставдык капиталды көбөйтүүгө багытталган банктын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы, ошондой эле уставдык капиталды ушундай көбөйтүү менен байланышкан акцияларды ошол салык төлөөчүгө өткөрүп берүү кирешени төлөө болуп саналбайт жана салыктык милдеттенмелердин келип чыгышына алып келбейт.
4. Төлөм булагынан алынуучу салыктар төлөм Кыргыз Республикасынын ичинде же анын чегинен тышкары жүргүзүлгөндүгүнө карабастан колдонулат.
5. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышта болбогон чет өлкөлүк уюм тарабынан лизингдик компаниядан алган кирешелер төмөнкү ставкалар боюнча чыгарып салууларды жүзөгө ашыруусуз кирешелерди төлөө булагынан лизингдик компания тарабынан салык алынууга жатат:
1) дивиденддер жана пайыздар, жумуштардан жана/же кызмат көрсөтүүлөрдөн алынган киреше - 1 пайыз;
2) автордук калем акылар, роялти - 0 пайыз.
6. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышта болбогон чет өлкөлүк уюмдун ушул Кодекстин 2212-беренесине ылайык 0 пайыздык ставка боюнча пайдага салынуучу салыктан пайданын бир бөлүгү түрүндө алынган дивиденддери 0 пайыз ставкасы боюнча төлөм булагына салык салынууга жатат.
(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169, 2015-жылдын 31-июлундагы № 208, 2020-жылдын 3-августундагы № 113 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 34-1-глава Чакан жана орто ишкердик субъекти тарабынан пайдага салык боюнча салыктык базаны эсептептөөнүн жөнөкөйлөтүлгөн тартиби
(Глава КР 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
223-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 3 августа 2020 года № 113 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 июля 2015 года № 208 "О внесении дополнений и изменения в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 октября 2012 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
03.08.2020 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…карызын жоюу же талабын эсепке алуу кирешелерди төлөө деп түшүнүлөт.
кошулду: Дивиденддерди төлөбөстөн, салык төлөөчү тарабынан уставдык капиталды көбөйтүүгө багытталган банктын бөлүштүрүлбөгөн пайдасы, ошондой эле уставдык капиталды ушундай көбөйтүү менен байланышкан акцияларды ошол салык төлөөчүгө өткөрүп берүү кирешени төлөө болуп саналбайт жана салыктык милдеттенмелердин келип чыгышына алып келбейт.
4. Төлөм булагынан алынуучу салыктар төлөм Кыргыз Республикасынын … киреше - 1 пайыз;
2) автордук калем акылар, роялти - 0 пайыз.
кошулду: 6. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышта болбогон чет өлкөлүк уюмдун ушул Кодекстин 2212-беренесине ылайык 0 пайыздык ставка боюнча пайдага салынуучу салыктан пайданын бир бөлүгү түрүндө алынган дивиденддери 0 пайыз ставкасы боюнча төлөм булагына салык салынууга жатат.
(КР 2012-жылдын 6-октябрындагы № алынып салынды: 169 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 169, 2015-жылдын 31-июлундагы № 208, 2020-жылдын 3-августундагы № 113 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
алынып салынды: Көңүл буруңуздар! (КР 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169 Мыйзамына ылайык 5-бөлүк 2017-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготот
34-1-глава
Чакан жана орто ишкердик субъекти тарабынан пайдага салык…
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-сентябрындагы №681 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам…Постановление · 26.10.2011 · № 681 · Күчүн жоготкон
Бул актынын беренеде аталган беренелери
- 221-2-берене. Кыргыз Республикасындагы туруктуу мекеме менен байланышта болбогон Кыргыз Республикасындагы киреше булактан алган чет өлкөлүк уюмдун кирешелерине салынуучу салыкты кармап калуунун тартиби жана анын ставкасы
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-223" title="223-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>