Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
198-берене. Негизги каражаттардын, материалдык эмес активдердин жана товардык-материалдык запастардын наркы
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 30-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 июля 2014 года № 141
1. Негизги каражаттардын баштапкы наркына төмөнкүлөр кошулат: аларды сатып алууга кеткен иш жүзүндөгү сарптоолор, анын ичинде өздүк пайдалануу үчүн негизги каражаттарды сатып алуу жана өндүрүү менен байланышкан пайыздык чыгымдар; аларды даярдоого, монтаждоого, орнотууга кеткен жана пайдалануу үчүн жарамдуу абалга жеткирүүгө кеткен чыгымдар; салык төлөөчү ушул Кодекске ылайык эсептен чыгарууга укуктуу болгон чыгымдардын курамында эсепке алынуучу салыктардын суммасын кошпогондо, бажы алымдары жана жыйымдар, эсепке алууга жаткан КНСти кошпогондо, салыктар, негизги каражаттарды ташууда аларды камсыздандыруу боюнча чыгымдар, алардын наркын көбөйтүүчү башка сарптоолор.
2. Негизги каражаттардын наркы тиешелүү объектилерди толуктап жабдуу, реконструкциялоо, кеңейтүү, модерндештирүү, техникалык кайра жабдуу, жарым-жартылай жоюу учурларында өзгөртүлөт.
3. Негизги каражаттар катышуучулар, уюштуруучулар тарабынан аталган каражаттардын баштапкы наркы менен уставдык фондго алардын салымы катары киргизилгенде ушул каражаттардын салык төлөөчүнүн бухгалтердик эсебинде ушул негизги каражаттар киргизилген күндөгү наркы болуп саналат, бирок ал рыноктук нарктан жогору болбойт.
Негизги каражаттар акысыз алынган учурда баштапкы нарк аталган каражаттарды кабыл алып өткөрүү актысынын маалыматтары менен аныкталат, бирок алардын баланстык наркынан төмөн болбойт.
4. Баланстык нарк нөлгө барабар деп төмөнкүдөй учурларда кабыл алынат:
1) социалдык-маданий багыттагы акысыз берилген объекттерди алууда;
2) коммерциялык эмес уюмдардын мүлктү төмөнкүдөй түрлөрдө алууда:
а) мүчөлүк жана кириш салымдар;
б) гуманитардык жардам жана грант;
в) акысыз негизде алынган активдер.
5. Материалдык эмес активдердин баштапкы наркына аларды сатып алууга жана/же түзүүгө кеткен чыгашалар, анын ичинде пайыздык чыгашалар жана аларды пайдаланууга жарактуу абалга жеткирүү боюнча чыгымдар киргизилет.
Уюштуруучулар тарабынан уюмдун уставдык фондуна аманаттардын эсебине киргизилген материалдык эмес активдердин наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат. Башка уюмдардан жана жеке жактардан сатылып алынган материалдык эмес активдердин наркы сатып алуу боюнча иш жүзүндө кеткен чыгымдарга жана ушул активдерди даяр абалга келтирүү боюнча чыгымдарга негизделип аныкталат. Уюмдун өзү тарабынан түзүлгөн материалдык эмес активдердин наркы аларды түзүүгө, даярдоого, анын ичинде товардык-материалдык запастарды сатып алуу боюнча чыгымдар, эмгек акыга кеткен чыгымдар, башка уюмдардын көрсөткөн кызматтарына кеткен чыгымдар, патенттерди, күбөлүктөрдү алууга байланыштуу алымдарды төлөө боюнча иш жүзүндөгү чыгымдардын суммасы катары аныкталат.
6. Негизги каражаттардын жана материалдык эмес активдердин наркы ушул Кодексте белгиленген тартипте жана шарттарда амортизациялык чегерүүлөрдү эсептөө аркылуу чыгарып салууга таандык кылынат.
7. Товардык-материалдык запастардын наркы аларды сатып алуунун баасына негизденип аныкталат, ага ортомчу уюмдарга төлөнгөн комиссиялык сый акылар, алып келүүдөгү бажы алымдары жана жыйымдар, эсепке алынууга тийиш болгон КНСти кошпогондо, салыктар ташып келүүгө кеткен жана башка товардык материалдык баалуулуктарды сатып алууга байланыштуу башка чыгымдар киргизилет.
8. Негизги каражаттардын, материалдык эмес активдердин жана товардык материалдык запастардын наркына эсепке алынууга жатпаган сатылып алынган материалдык ресурстар боюнча КНС киргизилет.
(КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 255, 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169, 2014-жылдын 18-июлундагы № 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 июля 2014 года № 141 "О внесении дополнения и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 6 октября 2012 года № 169 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 июля 2009 года № 255 О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики "Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-198" title="198-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>