Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-01-18.
Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 18-июлу № 141 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 55-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын:
"5. Салык кызматынын органдарына салык төлөөчүдөн салыктык милдеттенменин суммасынан ашык акчалай каражаттарды төлөөнү талап кылууга тыюу салынат.".
2. 198-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Негизги каражаттардын баштапкы наркына төмөнкүлөр кошулат: аларды сатып алууга кеткен иш жүзүндөгү сарптоолор, анын ичинде өздүк пайдалануу үчүн негизги каражаттарды сатып алуу жана өндүрүү менен байланышкан пайыздык чыгымдар; аларды даярдоого, монтаждоого, орнотууга кеткен жана пайдалануу үчүн жарамдуу абалга жеткирүүгө кеткен чыгымдар; салык төлөөчү ушул Кодекске ылайык эсептен чыгарууга укуктуу болгон чыгымдардын курамында эсепке алынуучу салыктардын суммасын кошпогондо, бажы алымдары жана жыйымдар, эсепке алууга жаткан КНСти кошпогондо, салыктар, негизги каражаттарды ташууда аларды камсыздандыруу боюнча чыгымдар, алардын наркын көбөйтүүчү башка сарптоолор.".
3. 272-берененин 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарынын мамлекеттик тилдеги текстинде "пайдаланылган" деген сөз "арналган" деген сөзгө алмаштырылсын.
4. 310-берененин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунун мамлекеттик тилдеги тексти төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) бетин каптоочу материалдарды өндүрүү үчүн табигый таштарга - 12 пайыз өлчөмүндө;".
2-берене. Ушул Мыйзам ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-пунктун кошпогондо, 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. Ушул Мыйзамдын 1-беренесинин 1-пункту расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 21-майындагы № 4045-V "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 21.05.2014 · № 4045-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 12-июнундагы № 4158-V ""Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 12.06.2014 · № 4158-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 26-июнундагы № 4270-V ""Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын…Постановление · 26.06.2014 · № 4270-V
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 18.01.2022 · № 4
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон