176-берене. Салык агентинин салыктык милдеттенмелери
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 26-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 декабря 2019 года № 145
1. Салык агенти болуп эсептелген субъект, эгер бул бөлүмдө башкача каралбаса, киреше салыгын эсептөөгө, кармоого жана бюджетке которууга милдеттүү.
2. Салык агенти төлөөчү киреше салыгын эсептөөдө салыктык база, эгер бул бөлүмдө башкача каралбаса, төлөнүүчү кирешенин суммасы менен стандарттык чыгарып салуулардын суммасынын ортосундагы айырма болуп эсептелет.
3. Киреше салыгы боюнча салыктык базанын өлчөмү минималдуу эсептик кирешенин суммасынан аз сумманы түзсө, киреше салыгы боюнча салыктык базанын өлчөмү минималдуу эсептик кирешеге тең деп кабыл алынат, андан салык агенти тарабынан киреше салыгы алынат.
Учурдагы ай үчүн салык милдеттенмелерин эсептешүүдө киреше салыгынын салык базасы жана минималдуу эсептик киреше суммасы учурдагы салык мезгилинин башынан баштап кызматкер иш жүзүндө иштеген айлар үчүн жогору өскөн натыйжа катары салык агенти тарабынан эсептелет.
4. Салык агенти тарабынан кармалуучу киреше салыгынын өлчөмүн эсептөөдө киреше салыгы алынбоочу киреше эсептелбейт.
5. Эгерде ушул бөлүктө башкача каралбаса, салык агентине стандарттык эсептен чыгаруу укугу эмгек келишими боюнча төлөөлөргө карата гана жана жеке жак менен салык агентинин ортосундагы эмгек мамилелери төлөмдөр жүргүзүлгөн айдын ичинде 15 күндөн кем эмес мезгилди камтыган учурда гана берилет.
Эгерде эмгек мамилелери 15 күндөн аз мезгилди камтыса, ошондой эле адам башка иш менен айкалыштырып иштесе, салык агенти ушул эмгек мамилелери боюнча төлөмдөрдөн эсептен чыгарууну мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдүн суммасында гана жүзөгө ашырууга укуктуу.
6. Айыл чарба кооперативи жана айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбор салык агенттери сыяктуу эле, ар бир жалданма жумушчуга карата ушул Кодекстин 163-беренесине ылайык аныкталган минималдык эсептик кирешеге жараша эсептелген киреше салыгынын так белгиленген суммасын жалданма жумушчулардын эмгек акысынан кармап калат жана төлөйт.
7. Жалданма кызматкерлеринин саны 50 адам жана андан көбүрөөк болгон тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк ишти жүзөгө ашырып жаткан уюмдар жана жеке ишкерлер салык агенттери сыяктуу эле ар бир жалданма кызматкерге ушул Кодекстин 163-беренесине ылайык аныкталуучу минималдык эсептик кирешеге жараша эсептелген киреше салыгынын белгиленген суммасын жалданма кызматкерлердин эмгек акысынан кармап калат жана төлөйт.
(КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 255, 2018-жылдын 4-августундагы № 86, 2019-жылдын 23-декабрындагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) Көңүл буруңуздар! КР 2019-жылдын 23-декабрындагы № 145 Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, берилген Мыйзам менен киргизилген өзгөртүүлөр 2024-жылдын 1-январына чейин колдонулат.
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
176-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 23 декабря 2019 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О тарифах страховых взносов по государственному социальному страхованию", "О государственном социальном страховании")"Редакцияларды салыштыруу
- ЗАКОН КР от 4 августа 2018 года N 86 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 27 июля 2009 года № 255 О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики "Редакцияларды салыштыруу
23.12.2019 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жалданма жумушчулардын эмгек акысынан кармап калат жана төлөйт.
кошулду: 7. Жалданма кызматкерлеринин саны 50 адам жана андан көбүрөөк болгон тигүү жана текстиль өнөр жайында өндүрүштүк ишти жүзөгө ашырып жаткан уюмдар жана жеке ишкерлер салык агенттери сыяктуу эле ар бир жалданма кызматкерге ушул Кодекстин 163-беренесине ылайык аныкталуучу минималдык эсептик кирешеге жараша эсептелген киреше салыгынын белгиленген суммасын жалданма кызматкерлердин эмгек акысынан кармап калат жана төлөйт.
(КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 255, 2018-жылдын 4-августундагы алынып салынды: N 86 кошулду: № 86, 2019-жылдын 23-декабрындагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
кошулду: Көңүл буруңуздар! КР 2019-жылдын 23-декабрындагы № 145 Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, берилген Мыйзам менен киргизилген өзгөртүүлөр 2024-жылдын 1-январына чейин колдонулат.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Постановление Правительства КР от 18 апреля 2000 года №213 "О порядке определения ставок единого сельскохозяйственного налога за пользование сельскохозяйственными угодьями"Постановление · 18.04.2000 · № 213 · Күчүн жоготкон
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-176" title="176-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>