153-берене. Ушул Кодекстин өзгөчө бөлүгүндө колдонулуучу терминдер жана аныктамалар
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 20-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 13 сентября 2021 года № 118
Ушул Кодекстин өзгөчө бөлүгүндө төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) "Кайрымдуулук ишмердиги" - жарандарга жана юридикалык жактарга активдерди пайда көздөбөй берүү (акысыз негизде же жеңилдетилген шарттарда) же болбосо аларды сатууга кеткен чыгымдардан ашпаган акыга кызматтарды көрсөтүү жана жумуштарды аткаруу боюнча кайрымдуулук ишмердик жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган кайрымдуулук максаттарын ишке ашырууга багытталган жеке жана/же юридикалык жактардын ыктыярдуу иш-аракети.
2) "Кайрымдуулук уюму" - коммерциялык эмес уюм:
а) коммерциялык эмес уюмдар жана кайрымдуулук ишмердиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жана кайрымдуулук иш-аракетин жүзөгө ашыруучу;
б) акциздик товарларды өндүрүү жана/же сатуу боюнча иш-аракетти жүргүзүү менен алектенбеген;
в) саясий партияларды же шайлоо кампанияларын колдоого катышпаган.
3) "Кайтарылуучу камсыздандыруу сыйлыгы" - камсыздандыруучу тарабынан камсыздандырылуучу төлөгөн камсыздандыруу сыйлыгын келишимди мөөнөтүнөн мурда бузган учурда камсыздандырылуучунун дарегине толук көлөмүндө же айрым төлөө менен кайтарып берүү.
4) "Кирүү төгүмдөрү" - бул уюмдун уюштуруу документтеринде каралган өлчөмдө жана тартипте мүчөлүккө негизделген коммерциялык уюмга кирүүдө адамдар тарабынан берилүүчү активдер, мында берүүлөр өздүк наркынан төмөн баа боюнча же болбосо бул уюмга акысыз мүчөлүккө утурлап кызмат көрсөтүү менен шартталбайт.
5) "Өмүрдү узак мөөнөттүү камсыздандырууда сатып алуу суммасы" - камсыздандыруучу менен келишимди мөөнөтүнөн мурда бузган күндө камсыздандырылуучуга төлөнүүгө тийиш болгон төгүмдөрдүн резервдик бөлүгү. Сатып алуу суммасынын өлчөмү камсыздандыруучу тарабынан түзүлгөн атайын таблицалар боюнча жана камсыздандыруунун бүтүүчү мезгилинин узактыгына жана келишим түзүлгөн мөөнөткө жараша аныкталат.
6) "Грант" - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик, саясий максатты көздөбөгөн коммерциялык эмес уюмдарга мамлекеттер, эл аралык, чет өлкөлүк жана ата мекендик уюмдар тарабынан акысыз берилүүчү активдер.
7) "Гуманитардык жардам" - калктын турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу, ошондой эле аскердик, экологиялык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу үчүн аларды андан ары керектөө жана/же акысыз бөлүштүрүү шарттарында азык-түлүк, техника, шайман, жабдуу, медициналык каражаттар жана медикаменттер, башка мүлк түрүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, мамлекеттик, коммерциялык эмес уюмдарга, ошондой эле муктаж адамдарга мамлекеттер, уюмдар тарабынан акысыз берилүүчү активдер.
8) "Дивиденд" - салык төлөөчүнүн төмөнкүлөрдү кошо алганда пайдасынын бөлүгү:
а) өзүнө таандык акциялардан киреше түрүндө ошол адам алган уюмду жоюудагы нарктын өсүшү;
б) пайдага салыкты төлөгөндөн кийин жеке ишкердин карамагында калган пайда;
в) капиталдагы адамдын үлүшүнө ылайык ар кандай төлөмдөр;
г) айыл чарбалык кооперативдердин мүчөлөрүнө кооперативдик төлөмдөр;
д) инвестициялык фонддогу пайга ылайык төлөмдөр.
9) "Документ менен тастыкталган сарптоолор" - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү, бүтүмдөрдүн өлчөмүн, бүтүмдөрдүн мүнөзүн аныктоого жана анын катышуучуларын идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү документ түрүндө тастыкталган чыгымдар, тизме, форма жана реквизиттер.
10) "Лотереялык ишмердик" - топтук же массалык оюндарды уюштуруу боюнча субъекттин иш-аракети, анын жүрүшүндө лотереяны уюштуруучу лотереяга катышуучулардын - лотереялык билеттердин менчик ээлеринин ортосунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылуучу лотереянын байге фондунун утушун өткөрөт. Мында утуш лотереялык ишмердик субъектинин эркине жана иш-аракетине жараша болбойт.
11) "Коммерциялык эмес уюм" - төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүчү уюм:
а) бул уюм коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган уюштуруу-укуктук формада катталган;
б) бул уюм өз ишмердигинин негизги максаты катары пайда табууну көздөбөйт жана тапкан пайданы анын мүчөлөрүнүн, уюштуруучулардын жана кызмат адамдарынын ортосунда бөлүштүрбөйт.
12) "Маданият жана спорт уюмдары" - менчигинин түрүнө карабастан коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, алардын ишмердигинин негизги түрү маданий дөөлөттөрдү сактоо, түзүү, өнүктүрүү, жайылтуу жана өздөштүрүү, дене тарбия жана спорт тармагында маданий жыргалчылыктарды, ошондой эле кызматтарды көрсөтүү болуп саналат.
13) "Акы төлөө" - дүңүнөн жана акчалай түрдө толук көлөмдө же жарым-жартылай төлөнгөн же төлөнүүгө тийиш болгон беримдер үчүн керектөөчү же башка адам тарабынан берүүчүгө түз же кыйыр түрдө төлөнүүчү төлөмдөрдүн бардык түрлөрүн камтыйт.
14) "Пайдалуу кендер" - жер казынасында камтылган табигый минералдык түзүлмөлөр, көмүртек жана жер алдындагы суулар алардын химиялык курамы жана физикалык түзүлүшү материалдык өндүрүш жана керектөө чөйрөсүндө колдонууга мүмкүндүк берет.
15) "Товардын бузулушу" - товардын бардык же айрым касиеттеринин начарлашы, ушунун кесепетинен мындай товар беримдерден салык алуу максаты үчүн колдонулбай калышы мүмкүн.
16) (КР 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
17) "Пайдалуу кен байлыктарын иштетүү" - пайдалуу кен байлыктарын ачуу, даярдоо жана алуу боюнча кен иштеринин комплекси.
18) "Роялти" - төмөнкүлөр үчүн сыйлык катарында алынган ар кандай түрдөгү төлөмдөр:
а) компьютердик программаларды, кино-, теле-, видеофильмдерди же радио жана теле үчүн жазууларды кошо алганда ар кандай адабият, искусство же илимдин чыгармаларына автордук укукту пайдалануу же пайдалануу укугун берүү үчүн;
б) өнөр жайлык менчик объектине, соода маркасына, дизайнга же моделге, өнөр жайлык, коммерциялык же илимий тажрыйбаларга тиешелүү планга, жашыруун формулага же процесске же маалыматка (ноу-хау) укукту ырастоочу ар кандай патент.
Каржылык ижара (лизинг) келишими боюнча алынган сыйакылар роялтиге кирбейт. Ушул Кодекстин XI бөлүмүнүн максатында "роялти" деп, кен байлыктарын пайдалануу үчүн салык төлөөчү тарабынан төлөнүүчү төлөм түшүнүлөт.
19) "Айыл чарба өндүрүшчүлөрү" - айыл чарба продукциясын, ошондой эле акциздик товарлардан тышкары өз өндүрүшүндөгү айыл чарба продукциясын кайра иштетүү продуктуларын өндүрүүчү уюмдар же жеке адамдар, мында бул продукцияны сатуудан түшкөн каражат календардык жылдын ичинде товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү сатуунун жалпы көлөмүнүн 75 пайызынан кем болбошу керек.
20) "Айыл чарба кооперативи" - мүчөлөрү айыл чарба өндүрүүчүлөрү болуп саналган жана иши кооперативдин мүчөлөрүнө жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө товарларды сатууга, кызматтарды көрсөтүүгө, жумуштарды аткарууга, ошондой эле алар өндүргөн айыл чарба продукцияларын жана айыл чарба продукциясынан кайра иштетилген продуктуларды сатууга багытталган кооператив.
21) "Камсыздандыруу сыйлыгы (төгүмү)" - келишимде шартталган камсыздандыруу учуру келгенде камсыздандыруу суммасын төлөөгө (ордун толтурууга) алган милдеттенмелери үчүн камсыздандырылуучуга камсыздандыруучу тарабынан төлөнүүчү сумма, ал камсыздандыруучу тарабынан бир жолку төлөө (камсыздандыруу сыйлыгы) же ай сайын, квартал сайын ж.б.у.с. камсыздандыруу келишиминин колдонулуш мөөнөтүнүн ичинде бөлүп төлөө (камсыздандыруу төгүмү) аркылуу төлөнөт.
22) "Камсыздандыруу учуру" - мыйзам же келишим күчүнө киргенде камсыздандыруучу камсыздандыруу суммасын төлөөгө (ордун толтурууга) милдеттүү болгон окуя.
23) "Камсыздандыруу суммасы (ордун толтуруу)" - камсыздандырылуучу, үчүнчү жактар же алардын мүлкү тарабынан камсыздандыруу учуру келгенде камсыздандыруу уюму тарабынан төлөнүүчү камсыздандыруу суммасынын чегинде зыяндын ордун айрым же толугу менен толтуруу.
24) "Камсыздандыруучу" - камсыздандыруунун ушул түрүн ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензиясы бар ата мекендик уюм, ал камсыздандыруу сыйлыгы (төгүмү) үчүн камсыздандырылуучу менен түзүлгөн камсыздандыруу келишимине (камсыздандыруу полиси) ылайык камсыздандыруу келишиминде аныкталган камсыздандыруу учуру келгенде камсыздандырылуучу же үчүнчү жак тарткан зыяндын ордун толтуруу милдетин алат.
25) "Камсыздандырылуучу" - өзүнүн же үчүнчү жактын (пайда табуучу) кызыкчылыгын камсыздоо максатында камсыздандыруучу менен келишим түзгөн жана камсыздандыруу келишиминде (камсыздандыруу полиси) аныкталган камсыздандыруу учуру келгенде зыяндын ордун толтуруу милдеттенмеси үчүн камсыздандыруучуга камсыздандыруу сыйлыгын (төгүмүн) төлөгөн, камсыздандыруу объектисине кызыкчылыгы бар жеке адам же уюм.
26) "Субсидия" - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештери тарабынан салык төлөөчүнүн экономикалык ишмердигине байланыштуу белгилүү бир шарттарды мурда же келечекте аткаруунун ордуна аларга активдерди берүү түрүндө көрсөтүлүүчү жардам.
27) "Товарды жоготуу" - товарды жок кылуу жана/же жоготуудан улам болуучу окуя. Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларында белгиленген товарлардын табигый нормалардын чегинде келүүсү салык салынуучу субъект тарабынан товар жоготуу деп эсептелбейт.
28) "Финансылык ижара (лизинг)" - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте түзүлгөн финансылык ижара (лизинг) келишиминин негизинде ишке ашырылуучу негизги каражаттарды өткөрүп берүү бөлүгүндөгү ижаралык мамилелердин өзгөчө түрү.
29) "Мүчөлүк акылар" - коммерциялык уюмдун уюштуруу документтеринде каралган өлчөмдө жана тартипте алардын мүчөлөрүнө берилүүчү активдер, мындай берүү товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү ошол уюмдун мүчөсүнө акысыз же болбосо өздүк наркынан төмөнкү баада утурлама берүү менен шартталбайт.
30) "Экономикалык (баланстык) запастар" - Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастарынын мамлекеттик балансында иштетүү үчүн экономикалык жактан максатка ылайыктуу катары эсепке алынган пайдалуу кендердин запастары.
31) (КР 2015-жылдын 10-мартындагы № 52 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
32) "Коомдук тамактануу субъекти" - коомдук тамактануу кызматтарын көрсөткөн уюм же жеке ишкер (ресторан, кафе, ашкана, тез татым, бар жана башка коомдук тамактануу пункттары).
33. "Кошо төлөө" - Бирдиктүү төлөөчү тутумунда иштеген саламаттыкты сактоо уюмдары тарабынан көрсөтүлүүчү алынган медициналык кызмат көрсөтүүлөр үчүн кошо каржылоо түрүндө калктан келип түшүүчү, жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик кепилдиктер программаларын каржылоо көлөмүнөн ашыкча каражаттар.
34) "Өнбөй турган карыз" - салык төлөөчүгө тийиштүү болгон, аны салык төлөөчү соттун чечими боюнча милдеттенмени токтотуунун, кудуретсиздиктин, карызкорду жоюп жиберүүнүн же өлүмүнүн натыйжасында, же Кыргыз Республикасынын жарандык Мыйзамдарында каралган доонун эскирүү мөөнөтү аяктаганынан толук ала албаган сумма.
35) "Шектүү милдеттенмелер" - салык төлөөчүнүн төлөөсү тийиш болгон соттун чечими боюнча милдеттенмени токтотуунун, кудуретсиздиктин, кредиторду жоюп жиберүүнүн же өлүмүнүн натыйжасында, же Кыргыз Республикасынын жарандык Мыйзамдарында каралган доонун эскирүү мөөнөтү аяктаганынан салык төлөөчү төлөбөгөн сумма.
36) "Лизингдик компания" - түшкөн акчанын 90 пайыздан кем эмесин каржылык ижара (лизинг) келишими боюнча негизги каражаттарды сатуудан алынган акчалар түзгөн ата мекендик уюм, чет өлкөлүк уюмдун филиалы жана/же өкүлчүлүгү.
37) "Турак-жайларды куруучу" - турак-жай курулмаларынын курулушун жүзөгө ашыруучу уюм жана/же жеке ишкер.
38) "Курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүнүн субъекти" - тигил же бул тиричилик, транспорттук, оюн-зоок, ден соолукту чыңдоо жана дарылоо кызматтарын көрсөтүү менен эс алуучуларды кабыл алуу жана убактылуу жашоо үчүн жайгаштыруу боюнча кызмат көрсөтүүчү уюм же жеке ишкер. Санаториялык, санаториялык-курорттук мекемелер, оюн-зоок, спорт жана эс алуу үйлөрү жана базалары, профилакторийлер, мейман үйлөрү, пансионаттар, кемпингдер жана ушундай багыттагы башка мекемелер, ошондой эле ушундай максатта пайдаланылуучу жеке үйлөр жана алардын бөлүктөрү салык салуу максатында ушундай субъекттер деп таанылат.
39) "Аффинаждалган стандарттык куймалар" - кымбат баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы тарабынан кабыл алынган Сапаттын эл аралык стандарттарына ылайык келген алтындан жана/же күмүштөн даярдалган жана маркировкаланган куймалар.
40) "Аффинаждалган өлчөнгөн куймалар'' - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эмиссиялаган (чыгарган) же кымбат баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясы тарабынан сертификацияланган аффинаж ишканасында салмагы 1000 грамм жана андан аз, алтын үчүн куйманын лигатурдук массасынын 99,95 - 99,99 пайыздан кем эмес химиялык таза негизги металл камтылган жана күмүш үчүн куйманын лигатурдук массасынын 99,90 пайызынан кем эмес болгон алтындан жана/же күмүштөн даярдалган жана маркировкаланган куймалар.
41) "Алтындан жана/же күмүштөн инвестициялык монеталар" - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан эмиссияланган (чыгарылган) жана калктын акчалай салымдарын инвестициялоо жана жеке фондун түзүү үчүн арналган алтын жана/же күмүш монеталар.
42) "Нумизматикалык (коллекциялык) монеталар" - Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан маданий-агартуу максаттары үчүн арналып чектелген санда чыгарылуучу жана белгилүү бир тематикага ээ болгон монеталар.
43) "Маркировкаланган куймалар" - алардын касиеттерин, мүнөздөмөлөрүн жана идентификациялык маалыматтарын көрсөтүү менен аларды андан ары идентификациялоо максатында шарттуу белгилер, тамгалар, сандар, графикалык белгилер же жазуулар киргизилген куймалар.
44) Чакан ишкердиктин субъекти - жыл үчүн түшкөн акчасынын көлөмү КНС боюнча каттоо чегинин өлчөмүнөн ашпаган уюм же жеке ишкер.
Ушул пунктта белгиленген өлчөмдөн ашкан учурда салыктык отчеттуулукту берүү жана салыкты төлөө максаттары үчүн субъект календардык жылдын аягына чейин чакан ишкердиктин субъекти катары каралат.
45) Орто ишкердиктин субъекти - жыл үчүн түшкөн акчасынын көлөмү КНС боюнча каттоо чегинин өлчөмүнө тең же андан ашкан, бирок 30,0 миллион сомдон ашпаган сумманы түзгөн уюм же жеке ишкер.
Ушул пунктта белгиленген өлчөмдөн ашкан учурда, салыктык отчеттуулукту берүү жана салыкты төлөө максаттары үчүн субъект календардык жылдын аягына чейин орто ишкердиктин субъекти катары каралат.
46) Отчеттук мезгил - салык төлөөчү ушул Кодекстин талаптарына ылайык салыктык отчеттуулукту берүүгө милдеттүү болгон календардык жылдан, кварталдан жана айдан турган мезгил.
47) "Жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо" - ушул Кодекске ылайык жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдеринин орду Кыргыз Ре-спубликасынын аймагынан тышкары жайгашкан учурда салык салынуучу субъект тарабынан жүзөгө ашырылган жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн беримдери;
48) "Товарларды экспорттоо" - сатылуучу товарларды Кыргыз Республикасынын аймагынан Бажы бирлигине мүчө-мамлекеттердин аймагына же Бажы бирлигинин бажы аймагынан сырткары ташып чыгуу;
49) "Накталай формада төлөө" - салык төлөөчүнүн кассасына накталай акча каражаттары менен төлөө;
50) "Накталай эмес формада төлөө" - салык төлөөчүнүн эсебине накталай акча каражаттарын төгүү жана/же акча каражаттарын чегерүү жолу менен төлөө, ошондой эле товар алмашуу (бартердик) операция өткөрүү жолу менен төлөөнү жүзөгө ашыруу.
51) "Преференциялык калктуу конуштар" - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу калктуу конуштар жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзгөчө статуска ээ администрациялык-аймактык бирдиктер.
511) "Преференциялык чек арага чектеш калктуу конуштар" - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу жана өзгөчө жеңилдетилген салык режимине ээ болгон чек арага чектеш конуштар.
52) "Машина-трактордук станция" - айыл чарба техникасын колдонуу менен айыл чарба өндүрүүчүсү же айыл чарба кооперативи үчүн агротехникалык ишти аткарган, айыл чарба техникасын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча кызматтарды көрсөткөн, ошондой эле аларга запастык бөлүктөрдү жеткирип берүүнү жүзөгө ашырган уюм.
53) "Айыл чарба багытындагы соода-логистикалык борбор" - жыйындысында төмөнкү белгилерге ылайык келүүчү уюм:
а) ички рынокту айыл чарба продукциясы менен камсыз кылуу, ата мекендик айыл чарба продукциясын жана ата мекендик айыл чарба продукциясынан кайра иштетилген продуктуларды экспорттоо жана сатуу боюнча иштерди жүзөгө ашырууга тийиш;
б) айыл чарба продукциясын, айыл чарба продукциясынан кайра иштетилген продуктуларды сорттоо, калибрлөө, сактоо, маркалоо, таңгактоо, ташуу, кайра иштетүү үчүн арналган өндүрүштүк, администрациялык, кампалык жана башка имараттар, жайлар жана курулмалар жайгашкан жер участогунан (жер участокторунан) турган пайдалануу же менчик укугунда таандык болгон мүлктүк комплекс.
54) "Кыргыз Республикасынын аймагында жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү берүү орду" - жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү берүү орду деп Кыргыз Республикасынын аймагы таанылат, эгерде:
а) жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлккө тикелей байланышта болсо.
Ушул пунктчанын жоболору кыймылсыз мүлктү ижарага берүү, жалдоо жана башка негиздерде пайдаланууга берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө карата да колдонулат;
б) жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан кыймылдуу мүлккө тикелей байланышта болсо;
в) маданият, көркөм өнөр, окутуу (билим берүү), дене тарбия, туризм, эс алуу жана спорт чөйрөлөрүндөгү кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын аймагында берилсе;
г) Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрү тарабынан төмөндөгүлөр сатып алынса:
- консультациялык, юридикалык, бухгалтердик, аудитордук, инжинирингдик, жарнамалык, дизайнердик, маркетингдик кызмат көрсөтүүлөр, маалыматтарды иштөө боюнча кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле илимий-изилдөөчүлүк, тажрыйбалык-конструктордук жана тажрыйбалык-технологиялык (технологиялык) жумуштар;
- программалык камсыздоону жана маалыматтар базаларын (эсептеп чыгаруу техникасынын программалык каражаттарын жана маалыматтык өндүрүмдөрүн) иштеп чыгуу, аларды адаптациялоо жана модификациялоо, мындай программаларды жана маалыматтар базаларын коштоо боюнча жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр;
- эгерде персонал сатып алуучу иш кылган жерде иштесе, персоналды берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр.
Ушул пункттун жоболору төмөнкүдөй учурларда да колдонулат:
- патенттерди, лицензияларды, мамлекет тарабынан корголуучу өнөр жайлык менчик объекттерине, соода маркаларына, товардык белгилерге, фирмалык аталыштарга, тейлөө белгилерине, автордук, аралаш укуктарга же башка ушундай укуктарга болгон укуктарды ырастоочу башка документтерди өткөрүп берүүдө, берүүдө жана башкага ыйгарууда;
- транспорттук каражаттарды ижарага берүүнү, лизингге берүүнү жана башка негиздерде пайдаланууга берүүнү кошпогондо, кыймылдуу мүлктү ижарага берүүдө, лизингге берүүдө жана башка негиздерде пайдаланууга берүүдө;
- ушул пунктта каралган жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу үчүн башка жакты келишимдин (контракттын) негизги катышуучусу үчүн өз атынан же болбосо келишимдин (контракттын) негизги катышуучусунун атынан жумушка тартуучу жак тарабынан кызматтарды көрсөтүүдө;
д) эгерде ушул пункттун "а" - "г" пунктчаларында башкача каралбаса, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрү тарабынан аткарылат.
Ушул пункттун жоболору транспорттук каражаттарды ижарага берүүдө, лизингге берүүдө жана башка негиздерде пайдаланууга берүүдө да колдонулат.
55) "Жыштыкты (кубаттуулукту) жөнгө салуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр" - параллелдүү иштөө жөнүндө эл аралык келишимдерге катышуучу-мамлекеттердин энергетикалык системаларынын бирикмесинде бирдиктүү жыштыктуу энергетикалык системалардын ишенимдүү параллелдүү иштөөсүн камсыз кылуу максатында, иш жүзүндөгү электр кубаттуулугунун анын өтүүсүнүн суткалык графигинде билдирилген чоңдугунан четтөөлөрүн теңдемелөө боюнча уюштуруучулук жана технологиялык жактан байланышкан чаралардын комплекси камтылуучу системалык оператор - "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар.
(КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 255, 2011-жылдын 22-июлундагы № 123, 2012-жылдын 18-майындагы № 55, 2012-жылдын 25-июлундагы № 123, 2012-жылдын 25-июлундагы № 138, 2012-жылдын 8-августундагы № 154, 2012-жылдын 9-августундагы № 158, 2012-жылдын 6-октябрындагы № 169, 2015-жылдын 24-январындагы № 25, 2015-жылдын 10-мартындагы № 52, 2015-жылдын 8-апрелиндеги № 74, 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 81, 2015-жылдын 15-майындагы № 96, 2015-жылдын 31-декабрындагы № 235, 2017-жылдын 29-июнундагы № 114, 2018-жылдын 4-августундагы № 86 , 2019-жылдын 29-мартындагы № 40, 2021-жылдын 26-февралындагы № 24, 2021-жылдын 13-сентябрындагы № 118 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
153-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 13 сентября 2021 года № 118 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с приданием особого статуса Баткенской области Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 26 февраля 2021 года № 24 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"Редакцияларды салыштыруу
- ЗАКОН КР от 4 августа 2018 года N 86 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 июня 2017 года № 114 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 31 декабря 2015 года № 235 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики")"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 мая 2015 года № 96 "О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 апреля 2015 года № 81 "О внесении дополнений и изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Дагы 11 өзгөртүү - документтин толук текстиндеги өзгөртүүлөр тарыхында
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 7-июнундагы № 284 "Кайрымдуулук уюмдары жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"…Постановление · 07.06.2019 · № 284
- Постановление Правительства КР от 30 апреля 2016 года № 228 "Об утверждении форм Единой налоговой декларации и порядка их заполнения"Постановление · 30.04.2016 · № 228 · Күчүн жоготкон
- "Уюмдун бирдиктүү салык декларациясын толтуруу тартиби (FORM STI-101)" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-майындагы № 244 токтому менен бекитилгенПорядок · 02.05.2014 · № 244 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-июлундагы № 491 "Кошумча нарк салыгы жана акциз салыгы боюнча салык отчетунун формаларын, аларды толтуруу жана берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.07.2015 · № 491 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 193 токтомуПостановление · 24.04.2019 · № 193
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын айрым Мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралууЗакон · 06.10.2012 · № 169
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 10.03.2015 · № 52 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-153" title="153-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>