124-берене. Салык кызматы органдарынын мамлекеттик статистика органдары менен биргелешкен аракети
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 17-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 июля 2015 года № 194
1. Салык кызматы органдарынын мамлекеттик статистика органдары менен биргелешкен аракети ушул Кодексте жана "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде ишке ашырылат.
2. Салык кызматынын органдары мамлекеттик статистика органдары менен өз ара аракеттенүүнү төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырат:
1) ушул беренеде көрсөтүлгөн маалыматтарды жана материалдарды алмашуу, алуу же берүү;
2) статистикалык отчеттуулукту чогултуу, эсептерди жүргүзүү, кат алышуу, сурамжылоолорду, иргеме жана башка текшерип кароолорду жүргүзүү боюнча салык салуу чөйрөсүндөгү милдеттерди чечүүгө, мамлекеттик статистикалык байкоолордун формаларын иштеп чыгууга жана натыйжаларын чыгарууга катышуу;
3) мамлекеттик статистикалык байкоо жүргүзүүлөрдүн статистикалык методологиясын жана отчеттук-статистикалык документтерин, ошондой эле эсептик документтердин типтүү формаларын иштеп чыгууга катышуу;
4) идентификациялык салык номерин, ишканалардын, уюмдардын жана жеке ишкерлердин жана башка мамлекеттик классификаторлордун жалпы идентификациялык кодун пайдалануунун негизинде Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүсүнүн мамлекеттик реестрин жана Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик регистринин айкалышуусун актуалдуу абалда кармоо жана маалыматтык камсыздоо.
3. Салык кызматынын органынын мамлекеттик статистика органы менен өз ара аракети, төмөнкүдөй учурларда да ишке ашырылат:
1) Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестрине жана Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик регистрине жаңы салык төлөөчүнү каттоодо жана киргизүүдө;
2) салык төлөөчүнү кайра каттоодо;
3) белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде салык төлөөчүнүн ишине контролдук жүргүзүүдө;
4) салык төлөөчү өз ишин токтоткондо.
4. Салык кызматынын органдары мамлекеттик статистика органдарына төмөнкүлөрдү берет:
1) мамлекеттик каттоодон өткөн салык төлөөчүлөр жөнүндө маалыматтар базасынан маалымдарды;
2) экономикалык жана ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу салык төлөөчүлөр жөнүндө маалыматтар базасынан маалымдарды.
5. Мамлекеттик статистика органдары салык кызматынын органдарына төмөнкүлөрдү берет:
1) (КР 2015-жылдын 22-майындагы № 115 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);
2) мамлекеттик статистика органдары чыгаруучу маалымдамаларды, бюллетендерди үзгүлтүксүз негизде;
3) тийиштүү суроо-талаптын негизинде кагаздагы жана/же электрондук булактардагы статистикалык бирдиктер жөнүндө керектүү маалыматты (маалыматтар базасын).
(КР 2015-жылдын 22-майындагы № 115, 2015-жылдын 24-июлундагы № 194 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
124-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 24 июля 2015 года № 194 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 22 мая 2015 года № 115 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (об упрощении процедур регистрации и ликвидации субъектов предпринимательства)"Редакцияларды салыштыруу
24.07.2015 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…мамлекеттик каттоодон өткөн салык төлөөчүлөр жөнүндө маалыматтар алынып салынды: базасын;
кошулду: базасынан маалымдарды;
2) экономикалык жана ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу салык төлөөчүлөр жөнүндө маалыматтар алынып салынды: базасын.
кошулду: базасынан маалымдарды.
5. Мамлекеттик статистика органдары салык кызматынын органдарына … маалыматты (маалыматтар базасын).
(КР 2015-жылдын 22-майындагы № алынып салынды: 115 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 115, 2015-жылдын 24-июлундагы № 194 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (ишкердик субъекттерин каттоо жана жоюу жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү жөнүндө)Закон · 22.05.2015 · № 115
- Мамлекеттик статистика жөнүндөЗакон · 26.03.2007 · № 40 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-124" title="124-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>