122-берене. Салык кызматы органдарынын бажы органдары, финансылык чалгын органдары жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча органдары менен биргелешкен аракети
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 17-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР 21 ноября 2019 года № 130
1. Салык кызматы органдарынын бажы органдары, каржылык чалгындоо органдары жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча органдары менен өз ара аракеттери ушул Кодексте, Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарында, ыкчам издөө иши, террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, эки тараптуу (көп тараптуу) түзүлгөн макулдашууларда белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде жүзөгө ашырылат.
2. Салык кызматынын органдары ушул беренеде көрсөтүлгөн маалыматтарды жана материалдарды алмашуу, алуу жана берүү аркылуу салык кызматынын органдарынын бажы органдары, финансылык-чалгын органдары жана экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча органдары менен биргелешкен аракетин ишке ашырат.
3. Салык кызматынын органдары:
1) салык төлөөчүнүн салыктык милдеттенмелерин аткарууга байланыштуу экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча органдары, финансылык-чалгын органдары жана бажы органдары аныктаган жана жиберген документ менен тастыкталган маалыматтарды жана материалдарды карайт жана ушул Кодексте белгиленген тартипте алар боюнча салык төлөөчүгө көчмө текшерүүсүн дайындоо же аны жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат;
2) экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча органдарынын жана финансылык чалгын органдарынын кат жүзүндөгү суроо-талаптары боюнча салык төлөөчүнү салыктык каттоо жөнүндө болгон маалыматты: анын идентификациялык салык номерин, аты-жөнүн же аталышын, жашаган же турган жерин, ошондой эле КНС боюнча каттоо маалыматын берет;
3) ушул Кодекстин талаптарына ылайык экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча органына салыктын азайтылган суммасы белгиленген чектен ашып кеткендиги, ал боюнча кылмыш жоопкерчилиги карала тургандыгы боюнча көчмө текшерүүнүн материалдарын жиберет;
4) экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча органдарына салык органдарында салыктык каттоодон өтпөгөн, салык отчеттуулугун бербеген салыктарды төлөөдөн качып жүргөн, ошондой эле салык төлөөчүлөр КНСтин эсеп-фактураларынын бланктарын жоготкон, жалган ишкердик, жараксыз эсеп-фактураларды жана акциз маркаларын пайдаланган фактылар боюнча адамдарды издөө боюнча арыздар менен кайрылышат жана алар боюнча белгиленген мөөнөттөрдө арыздардын мааниси боюнча негиздүү жоопторду алышат;
5) экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча органдары салык кызматы органдарынын кызмат адамдарынын укук бузуулары боюнча кызматтык териштирүүлөрдүн материалдарын карап чыккандан кийин, кылмыш курамы болбосо, бул адамдарга тартиптик чараларды көрүшөт;
6) бажы органдарынан экспорттук-импорттук операциялар боюнча, ошондой эле КНСти шарттуу эсептөө менен импорттолуучу негизги каражаттар боюнча толук маалыматтар базасын алат;
7) бажы органдарына тийиштүү материалдарды жиберүү аркылуу бажылык укук бузуулардын фактыларын көчмө текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган маалыматтарды берет.
(КР 2014-жылдын 29-декабрындагы № 167, 2016-жылдын 12-августундагы № 167, 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 39, 2018-жылдын 6-августундагы № 88 , 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 130 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
122-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР 21 ноября 2019 года № 130 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- ЗАКОН КР от 6 августа 2018 года N 88 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам противодействия финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 апреля 2018 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам внедрения электронной системы фискализации налоговых процедур"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 12 августа 2016 года № 167 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 декабря 2014 года № 167 "О внесении изменений и дополнений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 709 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" жана "Кыргыз…Постановление · 11.11.2011 · № 709 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-122" title="122-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>