12-берене. Укук ченемдүүлүктүн презумпциясы принциби
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
1. Салыктык укук мамилелери келип чыкканда салык төлөөчү же салык боюнча өкүл Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында мындай аракеттерге же аракетсиздикке тыюу салынган учурлардан тышкаркы бардык учурларда укук ченемдүү аракеттенүүчү же аракеттенбөөчү катары таанылат, ошол эле мезгилде мында төмөндөгү шарттар сакталышы керек:
1) аракеттенүү же аракетсиздик Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген принциптерде каршы келбейт; жана
2) аракеттенүү же аракетсиздик салык милдеттенмелерин тийиштүү түрдө аткарууга жолтоо кылбайт.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, салык кызматынын органдары, бажы органдары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эгерде алардын аракети Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралса, салыктык укук мамилелери пайда болгондо укук ченемдүү аракеттенди деп таанылат.
Ушул пунктта каралган органдарга, эгерде аракеттер Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралбаса, мындай аракеттерди жасоого тыюу салынат.
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
12-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (5)
- Көк-Жар айылдык кеңешинин 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 21-3 "Көк-Жар айылдык округунун 2012-жыл үчүн салык жана салык эмес төлөмдөрдүн коэфценттерин аныктоо жөнүндө" токтомуПостановление · 25.11.2011 · № 21-3
- Узун-Кыр айылдык кеңешинин 2011-жылдын 30-мартындагы № 100/ХIV-25 "Таштандыларды чыгаруу үчүн коюлган ченди бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.03.2011 · № 100/XIV-25
- Кочкорбаев айылдык кеӊешинин 2013-жылдын 8-апрелиндеги № 22/V-26 "Таштандыларды чыгаруу үчүн коюлган ченди бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.04.2013 · № 22/V-26
- Узун-Кыр айылдык округунун кеңешинин 2012 жылдын 30 мартындагы № 134/ХIХ – 25 "Таштандыларды чыгаруу учун коюлган ченди бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.03.2012 · № 134\XIX-25
- Биринчи май айылдык кеңешинин 2014-жылдын 10-февралындагы № 45 "Жер салыгынын базалык ставкасын, АЧМФ нун жерлери жана а/өкмөтүнүн жерлеринин ижара акысынын ставкасынын…Постановление · 10.02.2014 · № 45
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-12" title="12-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>