Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
110-берене. ККМди колдонууга карата талаптар
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы · 14-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44
1. Ушул Кодекске ылайык ККМди колдонуу менен иш жүргүзүүгө милдеттүү болгон салык төлөөчүгө карата төмөнкүдөй талаптар коюлат:
1) ККМди сатып алуу жана техникалык тейлөөгө коюу;
2) ишти жүзөгө ашыруу башталганга чейин ККМди каттоо;
3) ККМдин фискалдык эс тутуусуна, башка ички механизмдерине жана программалык башкаруусуна санкцияланбаган кирүүнү жокко чыгаруу жана ККМдин каттоо карточкасын алуу;
4) ККМди эксплуатациялоонун типтүү эрежелерине ылайык ККМди колдонуу;
5) (КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6) салык органдарынын кызмат адамдары ККМди колдонуунун тартиби сакталышын контролдоодо ККМге жана кассалык орунга тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыздоо;
7) ККМди оң абалда кармоо жана ыйгарым укуктуу салык органына жана/же ФМОго реалдуу убакыт режиминде маалыматтардын берилишин, ошондой эле фискалдык эске тутуусунда операцияларды белгилөө менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө акча каражаттарынын талаптагыдай эсепке алынышын камсыз кылуу;
8) сатып алуучу же кардар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү учурунда да ККМди ордунда колдонуу;
9) сатылып жаткан товарлардын баасын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн, аткарылуучу жумуштардын прейскуранттарын сатып алуучу же кардар үчүн жеткиликтүү жерге жайгаштыруу, алар жарыяланган бааларды жана/же тарифтерди тастыктаган документтерге ылайык келүүгө тийиш;
10) ККМди каттоо, кайра каттоо, каттоодон чыгаруу жана оңдоо учурунда техникалык тейлөө борборлорунун кызматкерлерине ККМдин ички механизмдерине жана фискалдык эске тутуусуна жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;
11) ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча контролдук-кассалык чекти талап кылуу зарылчылыгы жөнүндө маалыматты сатып алуучуга же кардарга көрүнүктүү жерге жайгаштыруу.
2. ККМди колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын ченемдеринин талаптарын бузгандыгы үчүн салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
(КР 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 39, 2018-жылдын 4-августундагы № 86, 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 18 апреля 2020 года № 44 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Налоговый кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях, Бюджетный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- ЗАКОН КР от 4 августа 2018 года N 86 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 13 апреля 2018 года № 39 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам внедрения электронной системы фискализации налоговых процедур"Редакцияларды салыштыруу
18.04.2020 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…ишти жүзөгө ашыруу башталганга чейин ККМди каттоо;
3) ККМдин кошулду: фискалдык эс тутуусуна, башка ички механизмдерине жана алынып салынды: фискалдык эске тутуусуна кошулду: программалык башкаруусуна санкцияланбаган кирүүнү жокко чыгаруу жана ККМдин каттоо карточкасын алуу;
4) ККМди эксплуатациялоонун типтүү эрежелерине ылайык ККМди колдонуу;
5) алынып салынды: Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген тартипте ККМди сатып алууга, каттоого жана колдонууга байланышкан документтерди жүргүзүү жана сактоо;
кошулду: (КР 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
6) салык органдарынын кызмат адамдары ККМди колдонуунун тартиби сакталышын контролдоодо ККМге кошулду: жана кассалык орунга тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыздоо;
7) ККМди оң абалда кармоо жана … тарифтерди тастыктаган документтерге ылайык келүүгө тийиш;
10) алынып салынды: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тартипте кошулду: ККМди каттоо, кайра каттоо, каттоодон чыгаруу жана оңдоо учурунда техникалык тейлөө борборлорунун кызматкерлерине ККМдин ички … маалыматты сатып алуучуга же кардарга көрүнүктүү жерге жайгаштыруу.
кошулду: 2. ККМди колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын ченемдеринин талаптарын бузгандыгы үчүн салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчилик тартат.
(КР 2018-жылдын 13-апрелиндеги № 39, 2018-жылдын 4-августундагы № алынып салынды: 86 кошулду: 86, 2020-жылдын 18-апрелиндеги № 44 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Положение о порядке проведения контрольного закупа (утверждено приказом Госкомналогов КР от 3 декабря 2008 года № 126)Положение · 03.12.2008 · № 126 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 17-декабрындагы № 691 токтомуПостановление · 17.12.2019 · № 691
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-мартындагы № 167 токтомуПостановление · 18.03.2020 · № 167
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабырындагы №818 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 29.12.2009 · № 818 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202445/st-110" title="110-берене - Салык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>